PDF —
40 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Кияма сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Кияма сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Кияма сүрөсү Котормо. Аль-Кияма сүрөсү (Meccan) 40 Аят.



40 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮊﮋﮌﮍﮎ
75:1 Мен Кыямат күнүнө ант ичип
ﮏﮐﮑﮒﮓ
75:2 Жоемелөөчү напси? менен ант ичип, (айтамын)
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
75:3 “Инсан (өзүнчө), Биз анын сөөктөрүн (Кыямат күндө кайра тирилтүү үчүн) эч качан чогулта албайбыз деп ойлойбу?!”
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
75:4 Жок! Биз анын бармактарын да өз ордуна (далма-дал) келтирүүгө кудуреттүүбүз
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
75:5 Балким (шекчил) инсан өзүнүн келечегин(деги кайра тирилүүнү) жалганга чыгаргысы келээр
ﮧﮨﮩﮪﮫ
75:6 (Жана шектенүү менен) «Кыямат күнү качан?» деп сураар
ﮬﮭﮮﮯ
75:7 Качан (Кыяматтын убактысы келгенде) көз(дөр коркуудан) чекчейип калат
ﮰﮱﯓ
75:8 Айдын нуру өчөт
ﯔﯕﯖﯗ
75:9 жана Күн менен Ай бириктирилет
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
75:10 Ошол күнү инсан «кайда качсам экен!» деп калат
ﯞﯟﯠﯡ
75:11 Жок! Качып бара турган орун жок
ﯢﯣﯤﯥﯦ
75:12 Ал күнү (ар бир адам жеке Өзүнө сурак берүү үчүн) Раббиңе гана кайтуу бар
ﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
75:13 Ал күнү (ар бир) инсанга мурдагы жана кийинки жасаган (жакшы —жаман) иштери жөнүндө кабар берилет
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
75:14 Ал гана эмес, инсан(дын көз, кулак, кол, жана буту) өзүнүн зыянына күбөгө өтөт
ﯴﯵﯶﯷ
75:15 Жана эгерде шылтоо-себептерин айтса да (кабыл алынбайт)
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
75:16 (О, Мухаммад, сага Жебрейил периште окуп берген аяттарды жаттоого) шашылып тилиңди кыймылдата бербе
ﯿﰀﰁﰂﰃ
75:17 Аны (сенин жүрөгүңө) чогултуу да, окулушу(н тилиңе бекем орноштуруу) да Биздин милдет
ﰄﰅﰆﰇﰈ
75:18 Эми, качан Биз(дин элчибиз Жебрейил) аны окуп бүткөндө анын кыраатына (жайбаракат) ээрчигин
ﰉﰊﰋﰌﰍ
75:19 Андан соң аны (маани-маңызы сакталган бойдон) түшүндүрүп берүү дагы Биздин милдет
ﭑﭒﭓﭔﭕ
75:20 Жок, (эй, күнөөкөр адамдар!) силер өткөөл дүйнөнү сүйөсүңөр
ﭖﭗﭘ
75:21 жана (түбөлүк) Акыретти таштап койосуңар
ﭙﭚﭛﭜ
75:22 Ал күнү (ыймандуу) жүздөр нурданып
ﭝﭞﭟﭠ
75:23 Раббисине (үмүт менен) карап турат
ﭡﭢﭣﭤ
75:24 Ал эми, (ыймансыз) жүздөр ал күндө капаланып
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
75:25 өздөрүнө запкылуу азап берилишин билип калат
ﭫﭬﭭﭮﭯ
75:26 Акыйкатта, (пенделердин жаны) алкымына капталганда
ﭰﭱﭲﭳﭴ
75:27 «Ким дем салып койоор экен?!» деп (кабатыр сөздөр) айтылганда
ﭵﭶﭷﭸ
75:28 (Күнөөкөр пенде «дүйнөдөн) ажыроо дегени ушул турбайбы» деп ойлоп калганда
ﭹﭺﭻﭼ
75:29 Жана балтыр балтырга жабышып, тыбырчылаганда
ﭽﭾﭿﮀﮁ
75:30 Дал ошол күндө Раббиңдин алдына айдап келүү болоор
ﮂﮃﮄﮅﮆ
75:31 Ал эми (каапыр болсо, пайгамбарды да) тастыктабады, намаз да окубады
ﮇﮈﮉﮊ
75:32 Бирок, «жалган» деп далысын салып койду
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
75:33 Андан соң текеберленип (каңгыраган, бош жүрөк менен) үй-бүлөсүнө кетти
ﮑﮒﮓﮔ
75:34 Өлүм болсун сага өлүм
ﮕﮖﮗﮘﮙ
75:35 Андан соң (дагы) сага өлүм болсун, өлүм
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
75:36 (Күнөөкөр) инсан өзүн (дүйнөдө) беймаксат таштап коюлган деп ойлойбу
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
75:37 Ал (түпкүлүгүндө) атырылган бел суунун бир тамчысы эмес беле
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
75:38 Анан коюу кан болду. Анан (Аллаһ) аны кадыресе адам шекилине келтирди (жана жан киргизди)
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
75:39 Анан аны (түйүлдүктү) эки жуп: эркек менен аял кылып жаратты
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
75:40 Эми, ушул (Аллаһ) өлүктөрдү (экинчи ирет) тирилтүүгө кудуреттүү эмеспи

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers