PDF —
55 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Камар сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Камар сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Камар сүрөсү Котормо. Аль-Камар сүрөсү (Meccan) 55 Аят.

← Ан-НаджмАль-Камар сүрөсү Ар-Рахман →


55 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮬﮭﮮﮯﮰ
54:1 Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
54:2 Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул — ар дайымкы сыйкыр»-дей баштады
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
54:3 Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
54:4 Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
54:5 (Аларга келген Кураан) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт
ﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
54:6 Сендагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙ
54:7 Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат
ﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
54:8 Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
54:9 Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан
ﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
54:10 Анан ал Раббисине дуба кылып: «О, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!»-деп дуба кылды
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
54:11 Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
54:12 Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан... (Аллаһ тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
54:13 Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
54:14 Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
54:15 Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен
ﮙﮚﮛﮜﮝ
54:16 Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥ
54:17 Биз Кураанды эскергенге! жеңил кылдык. Кана, ким эскерет
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
54:18 Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
54:19 Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
54:20 Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты)
ﯟﯠﯡﯢﯣ
54:21 (Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
54:22 Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы
ﯬﯭﯮﯯ
54:23 Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
54:24 (Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте кала-быз
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
54:25 Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
54:26 Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
54:27 (О, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
54:28 Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын
ﭛﭜﭝﭞﭟ
54:29 Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди
ﭠﭡﭢﭣﭤ
54:30 (Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭ
54:31 Биз аларга бир чаңырык? жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты
ﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
54:32 Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы
ﭶﭷﭸﭹﭺ
54:33 Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
54:34 Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык
ﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
54:35 Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
54:36 (Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
54:37 Жана анын мейманын? (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын
ﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
54:38 Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди
ﮥﮦﮧﮨ
54:39 Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰ
54:40 Биз Кураанды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы
ﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
54:41 Жана Фираун адамдарына дагы эскертүүлөр келген
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
54:42 (Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык
ﯠﯡﯢﯣﯤﯦﯧﯨﯩﯪ
54:43 (О, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰ
54:44 Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби
ﯱﯲﯳﯴﯵ
54:45 Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
54:46 Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат — аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
54:47 Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
54:48 Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат)
ﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
54:49 Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
54:50 Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат)
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
54:51 Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
54:52 Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар
ﭥﭦﭧﭨﭩ
54:53 Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯ
54:54 Чынында, такыба адамдар Бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
54:55 Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers