Yaaa aiyuhal lazeena aamanoo shahaadatu bainikum izaa hadara ahadakumul mawtu heenal wasiyyatis naani zawaa `adlim minkum aw aakharaani min ghairikum in antum darabtum fil ardi fa asaabatkum museebatul mawt; tahbi soonahumaa mim ba`dis Salaati fa yuqsimaani billaahi inirtabtum laa nashtaree bihee samananw wa law kaana zaa qurbaa wa laa naktumu shahaadatal laahi innaaa izal laminal aasimeen
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
О, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адилеттүү адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллаһ үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” -деп ант ичишет
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
О вы, кто верует! Свидетельством меж вами, Когда кому-нибудь из вас предстанет смерть, При составленье завещанья Должны быть двое вашего округа, Известные правдивостью своей, Иль двое из других не вашей (веры), Коль странствуете вы в чужих краях И вам грозит опасность смерти. Но если в их правдивости вы усомнились, То задержите их после молитвы, И пусть клянутся именем Аллаха: "Свидетельства сего не продадим мы Ни за какую цену (благ земных), Хотя б и шло это на пользу нашим близким; И мы не утаим того свидетельства, Которое мы именем Аллаха дали, - Иначе были б мы, поистине, из грешных".
ضَرَبْتُمْ فِي الْأَرْضِ: жер бетинде сапар тарттыңар (саякатта болдуңар).
تَحْبِسُونَهُمَا: экөөнү кармап турасыңар (токтотосуңар).
ارْتَبْتُمْ: шектендиңер (күмөн санадыңар).
لَا نَشْتَرِي بِهِ ثَمَنًا: ага (антқа) баа төлөбөйбүз (антты дүйнөлүк пайдага алмашпайбыз).
Аяттын түшүндүрмөсү:
Оо, ыйман келтиргендер! Бириңерге өлүм жакындап, керээз калтырар убакыт келгенде, араңардан эки адилеттүү адамды күбө кылгыла. Эгер силер сапарда жүрүп, өлүм кырсыгына учурасаңар жана араңардан мусулман күбө табылбаса, башка диндеги эки адамды күбө кылсаңар болот. Эгер алардын күбөлүгүнө шек келтирсеңер, аларды намаздан кийин (өзгөчө аср намазынан кийин) токтотуп, Аллахтын аты менен ант бергиле. Алар: «Биз антыбызды дүйнөлүк пайдага сатпайбыз, эгер күбөлүк берүүчү жакын тууганыбыз болсо да адилетсиз болбойбуз, Аллахтын күбөлүгүн жашырбайбыз. Эгер жашырсак, анда биз күнөөкөрлөрдөн болобуз» деп ант беришет. Бул өкүм өлүм алдындагы керээзге күбө болууда адилеттикти жана ишенимдүүлүктү камсыз кылуу үчүн белгиленген.
Бул аяттан алынуучу пайдалар:
Ислам дини өлүм алдындагы керээзге күбө кылууда адилеттикке, акыйкаттыкка жана ишенимдүүлүккө чоң маани берет.
Мусулмандар сапарда же башка өлкөдө болгондо да өздөрүнүн акыркы каалоолорун тастыктоо үчүн күбөлөрдү дайындоого көңүл бурушу керек.
Зарыл учурда башка диндеги адамдарды күбө кылууга жол берилет, бул Исламдын ийкемдүүлүгүн жана адилеттигин көрсөтөт.
Ант берүүдө Аллахтын аты менен ант берип, ага дүйнөлүк пайданы аралаштырбоо, тууганчылыкка жол бербөө жана күбөлүктү жашырбоо сыяктуу адеп-ахлактык принциптер үйрөтүлөт.
Бул өкүмдөр адамдарды акыйкатты айтууга, ишенимдүү болууга жана Аллахтын алдындагы жоопкерчиликти сезүүгө чакырат. Ошентип, Ислам коомунун ичинде өз ара ишеним жана адилеттик бекемделет.
О, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адилеттүү адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллаһ үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” -деп ант ичишет
Эгер аларга: “Аллаһ түшүргөн нерсеге (Кураанга) жана пайгамбар(айткан буйруктар)га келгиле” деп айтылчу босо, алар: “Ата-бабаларыбызды эмненин үстүндө тапкан болсок - ошол бизге жетиштүү” - дешет. Эгер ата-бабалары эч нерсени билбеген жана Туура Жол таппаган болсо да (ошенте беришеби)
О, ыйман келтирген адамдар! Өзүңөргө өзүңөр жооп бересиңер! Эгер Туура Жолго түшүп калган болсоңор, адашкандар силерге зыян жеткире албайт. Бардыгыңардын кайтууңар -Аллаһка. (Ошондо, Аллаһ) Силерге бардык ишиңердин кабарын берет
О, момундар! Силерден бирөөңөргө өлүм (белгилери) келип, осуят убактысы болгондо, өзүңөрдөн эки адилеттүү адам араңардагы (осуятыңарга) күбө болсун! Же болбосо, (эгер мусулман адам табылбай калса) силерден башкалардан (яхудий же христиандардан) экөөсү(күбө) болсун, эгерде (башка) жерде сапарда болсоңор жана силерге өлүм кайгысы жетчү болсо. Ал эки (дини башка) күбөнү намаз (ибадат) кылып бүткөндө кармайсыңар (намаздын урматынан күбөлүктөрүндө жалган айтпас үчүн). Эгер алардан шектенчү болсоңор, (силердин талабыңар менен) “Биз бул күбөлүктү (эч кандай) баага сатып жибербейбиз, эгер тууган-туушканыбыз болсо да. Биз Аллаһ үчүн берген күбөлүгүбүздү жашырбайбыз. Эгер жашырчу болсок, анда күнөөлүүлөрдөн болуп калабыз” -деп ант ичишет
Эгер жанагы эки (дини башка) күбөнүн кыянат кылганына кандайдыр белги болуп калса, ал экөөсүнүн ордуна (өлүктүн) жакындарынан эки адам күбө болууга көбүрөөк акылуу. Алар дагы: “Биздин күбөлүгүбүз ал экөөсүнүн күбөлүгүнө караганда акыйкат. Биз (бул күбөлүгүбүздө) акыйкаттын чегинен чыкканыбыз жок. Эгер чыксак, анда заалымдардан болуп калабыз” -деп, Аллаһтын атына ант ичишет
Ушул (кылганыңар) - туура күбөлүк берилишине же болбосо, ичкен анттарынан кийин, ал антты (өлүктүн жакындары) кабыл албай коюусунан коркууларына жакыныраак өкүм. Аллаһтан корккула жана угуп алгыла: Аллаһ моюн сунбаган - фасык (бузук) адамдарды Туура Жолго баштабайт
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.