Сүрөсү Сад
PDF —
88 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Сад pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Сад pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Сад Котормо. Сад (Meccan) 88 Аят.



Сүрөсү Сад
88 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
Сад. Даңазалуу Кураанга? ант
ﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Бирок, каапырлар (Кураанга каршы) текеберликте жана душманчылыкта
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Биз алардан мурун (Ыйык Китепке каршы болгон) муундардын арасынан көпчүлүгүн кыйратканбыз. Анан (баштарына азап келип калганда өкүрүп-бакырып) жалбарышкан. Бирок, эми кутулуунун убактысы эмес болчу
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
Өздөрүнүн ичинен аларга эскертүүчү-пайгамбар келгенине (ишенбөөчүлүк менен) таңыркап, каапыр болгон адамдар: «Бул (Мухаммад) сыйкырчы-жалганчы
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
Ал (биздин) көп кудайларды бир эле Кудай кылат бекен?! Бул өтө таң калычтуу нерсе!»- дешти
ﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌ
Алардын чоңдору чыгып: «Жүргүлө (кеттик) өзүңөрдүн кудайыңарга сабыр менен (бекем) тургула! Чынында, бул (жоругу менен анын бийликке жетүүсү) максат кылынган
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
Биз мындайды акыркы элдерден (ата-бабаларыбыздан) уккан эмеспиз. Бул ойлоп табылган жорук
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Биздин арабыздан (адам калбагансып) Зикир-Кураан ушуга түшүрүлүптүрбү?!»-(дешти). Жок! Алар Менин Зикир-Кураанымдан шектенишүүдө. Балким, алар азапты татып көрбөгөн(дөн улам ушинтип жатышкандыр)
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
Же кудуреттүү, Берешен Раббиңдин Ырайым казыналары алардын ыктыярындабы
ﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞ
Же асмандар менен жердин жана экөөсүнүн арасындагы нерселердин падышалыгы алардын колундабы?! Анда, себептерин таап (асманга) көтөрүлүшсүн (жана, эгер колдорунан келсе Мухаммадга түшүрүлүп жаткан Аллаһтын Ырайымын кыркып салышсын)
ﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
Алар ал жер, бул жердеги (уюгушкан) топтордон турган жеңилген аскерлер
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
Алардан мурун да Нухтун (каапыр) коому (Нухту), Аад элдери (Худ пайгамбарды), казыктардын кожоюну Фираун (Мусаны)
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
Самуд коому (Салихты), Лут коому (Лутту), бак-бостон элдери (Шуайбды) жалганчы кылышкан. Ошолор дагы уюшкан топтор эле
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
Бардыгы пайгамбарларды «жалганчы» дешкен убакта Менин азабым (аларга) хакк (ылайык) болду
ﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
Булар (Макка каапырлары) эч кайтарып болбой турган бир гана ач айкырыкты! гана күтүп жатышат
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓ
Жана алар «О, Рабби бизге өзүбүздүн (азаптан турган) тиешебизди Эсеп Күндөн мурун эле тездетип бере бер»-дешти
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Алардын сөздөрүнө сабыр кыл жана күч-кубаттуу пендебиз Даудду эсте. Ал (Аллаһка) өтө берилген пенде болчу
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
Биз ага, аны менен бирге эртели-кеч тасбих айта турган тоолорду моюн сундурдук
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
Жана топ-топ куштарды да (моюн сундурдук. Бардыгы (тоо-таш жана куштар) ага моюн сунган эле
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
Жана Биз анын мүлк-бийлигин бекем кылдык, Хикмат (даанышмандык) жана өтүмдүү (өкүмдүү) Сөз бердик
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻﭼ
Сага (о, Мухаммад), талашкан адамдардын кабары келди беле? Ошондо, алар (эки маселе талашкан адам ибадатканадагы) мээрапка дубал ашып
ﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
Капысынан Даудга кирип келгенде, алардан коркуп кетти. «Коркпогун-дешти алар-биз бири экинчисине зулумдук кылган талашуучулар болобуз. Биздин ортобузда акыйкат менен өкүм кыл. Зулумдук кылба! Жана бизди Туура Жолго башта!»
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
«Бул менин өз бурадарым (деди бирөөсү), анын токсон тогуз соолук коюу бар. Менин коюм бирөө гана. Анан бул: «Муну да мага бер» - деп (алып койду) жана сөздө мени жеңип алды»
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
(Дауд муну угаар замат шашылып): «Сенин (бир) коюңду сурап (өзүнүн койлоруна кошуп) алуу менен сага зулум кылыптыр! Нечендеген достор бири-бирине зулум кылышат. Бир гана ыйман келтирип, салих амал кылгандар (андай эмес). Алар өтө сейрек» деди Жана (ошондо) Дауд Биз аны сынап жатканыбызды билип калды дагы Раббисинен кечирим сурап,! рукуу, тооба кылган абалда (сажда кылып) боюн жерге таштады
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
Биз ал үчүн бул (күнөө) ишти кечирдик. Чынында, Биздин алдыбызда ага ынактык-жакындык жана жакшы акыбет бар
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖ
О, Дауд! Биз сени жер бетинде (Өзүбүздөн) халифа-орунбасар кылдык. Эми, адамдар арасында акыйкаттык менен өкүм жүргүз. Жана напсиңдин каалоолоруна ээрчибе — Аллаһтын жолунан адаштырып жиберет. Чынында, Аллаһтын жолунан адашкандарга унуткандары себептүү Эсеп Күнүндө катуу азап бар
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣ
Биз асман менен жерди жана экөөсүнүн арасындагы нерселерди эрмек үчүн (беймаксат) жаратпадык. Бул-каапырлардын ойлогону. Каапырларга тозоктогу «увайл» азабы болсун
ﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱ
Же биз ыйман келтирип, салих амал кылгандарды жер бетинде бузукулук кылуучулар менен тең кылат бекенбиз?! Же болбосо такыбаа кишилерди ыпыластар менен тең кылат бекенбиз
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Биз сага бул берекеттүү (Кураан) Китепти анын айаттарын акылдуу адамдар түшүнүп окушу жана (андан) акыл-насаат алышы үчүн түшүрдүк
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
Жана Биз Даудга Сулайманды белек кылдык. Ал (Сулайман) абдан жакшы пенде! Чынында, ал (Раббисине) өтө берилген
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Бир кезде, кечке маал ага ойноктогон тулпарлар көргөзүлдү
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
(Ошондо ал): «Мен кооздукту сүйүүнү Раббимди эскерүүдөн абзел көрүп калган турбаймынбы! (Күн) бетине парда тартып алыптыр!» - деди
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
Ошол (мени алаксыткан) тулпарларды алып келгиле!» Анан (тулпарлардын) моюндары менен буттарын (кылычы менен) «сылай» баштады
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩ
Биз Сулайманга сыноо түшүрдүк жана тактысына бир денени таштап койдук. Кийин ал тообо кылды
ﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
(Жана) айтты: «О, Раббим! Мени кечир! Мага менден кийин (Кыяматка чейин) эч кимге берилбей турган бийлик бер! Албетте, сен Берешен Затсың
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
(Дубасын кабыл кылгандан) кийин Биз ага, анын буйругу менен каалаган тарабына мелүүн жүрө турган шамалды
ﯥﯦﯧﯨﯩ
Бардык куруучу, деңизге чумкуучу жин-шайтандарды
ﯪﯫﯬﯭﯮ
Жана алардан башка (азоо) жиндерди да кишенделген абалда моюн сундуруп (кызматчы кылып) бердик
ﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
(Жана айттык:) «Биздин берешендигибиз-ушул (кааласаң) сен дагы (башкаларга) бер, (каалабасаң) бербе. (Бул боюнча) эсеп кылынбайсың
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
Чынында Биздин алдыбызда ал үчүн ынактык жана жакшы акыбет бар
ﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉ
(О, Мухаммад, сен ушул Китепте) Биздин пендебиз Айюбду да эстегин. Бир кезде ал Раббисине: «Мага шайтан азап-машакат жеткирди!» деп жалбарды
ﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑ
«Бутуң менен жерди тепкиниң. Бул (сен үчүн) жууна турган жана иче турган муздак суу» (деди Аллаһ)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
Биз ага Өзүбүз тараптан мээрим иретинде жана (тээ Кыяматка чейинки) акылдууларга сабак болсун деп үй-бүлөсүн дагы ошончо кошумчасы менен кайтарып бердик
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
(О, Айюб!) Колуңа бир боо (чыбык) ал дагы (аялыңды) ошону менен саба! Антыңды бузба!? Чынында, Биз анын сабырдуулугун көрдүк. Ал эң мыкты пенде! Ал (Раббисине) өтө берилген
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
Сен (о, Мухаммад!) Биздин пенделерибиз, (дин ишинде) кайраттуу жана акылы зирек болгон Ибрахим, Исхак жана Яькубдарды да эстегин
ﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
Биз аларды (өзгөчө бир) касиет — Акыретти эстөө менен ыкластуу КЫЛДЫК
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁ
Ырасында, алар Биздин алдыбызда тандап алынган жакшы адамдардан
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
Жана (бул китепте) Ысмайылды, Аль-Ясаьны, жана Зуль-Кифлдерди да эстегин. Бардыгы жакшы пенделер
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓ
Ушул — (пайгамбарлардын) баяны. Ал эми, такыбалуу кишилерге жакшы акыбет
ﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
(жана) «Адн» бейиштери бар. Аларга (ысымы аталган пайгамбарларга) эшиктери (дайым) ачылуу
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Алар Бейиште(ти сөрүлөрдө) жамбаштап жатышып, көп мөмө-жемиштерди ичимдик-суусундуктарды чакырышат
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
Алардын алдында жалаң бир курактагы, (өз жубайынан башкага) көз артпаган селкилер (кызматта) болушат
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
Силерге Эсеп Күнү үчүн убада кылынган нерселер — ушул
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖ
Бул - биздин түгөнгүс ырыскыларыбыз
ﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
Ушул (сыйлыктар такыбаа кишилерге арналган) Ал эми, күнөөкөрлөр үчүн жаман акыбет бар
ﯞﯟﯠﯡﯢ
Алар тозокко ташталат. Ал кандай жаман орун
ﯣﯤﯥﯦﯧ
(Эй, тозоктогулар!) Мына бул кайнак суу жана ириң! Анын «даамын» таткыла
ﯨﯩﯪﯫﯬ
Жана башка ушул сыяктуу ар түркүн (азаптар) бар! (Кийинки аяттарда тозокко киргизилип жаткан тозокулар бири-бирин айыпташат. Эң оболу азгыруучу-башчылар кирет. Алар өздөрүнүн артынан топурап келе жаткан жана дүйнөдө өздөрү азгырган адамдардын тобун бири-бирине көргөзүп мындай дешет)
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
«Мына бул (топураган) топ дагы силер менен киргендер. Алар кош келишпеди. Алар албетте, тозокко ташталат»
ﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆ
«Өзүңөргө кош келүү жок! — дешет (беркилер) — бизди бул жерге силер алып келдиңер! Бул эмне деген жаман орун
ﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒ
О, Раббибиз! Бизди бул жерге алып келгендерге тозок азабын эки эсе көбөйтүп бер!» (Алар бул дүйнөдө өздөрү жаман көргөн момундарды да тозокто көргүсү келгендиктен мындай дешет)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
«Эмне биз жаман көргөн кишилерди көрбөй жатабыз
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
Же аларды шылдыңдадыкпы? Же (алар тозоко түшкөн, бирок) көзүбүз аларды көрбөй жатабы?»
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
Чынында, тозок элдеринин ушул жаңжалдашуусу (боло турган) акыйкат
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
(О, Мухаммад!) Айткын: «Аныгында, мен болгону бир эскертүүчүмүн. Эч бир кудай жок, бир гана Аллаһ бар. Ал жалгыз жана (күнөөлүүлөргө) Каардуу
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾ
Ал асмандардын, жердин жана экөөнүн ортосундагы нерселердин Раббиси! Ал Кудуреттүү (жана) Кечиримдүү
ﭿﮀﮁﮂﮃ
(Мушриктерге) айт: «Бул (Кураан) -Улук кабар
ﮄﮅﮆﮇ
Силер болсо, андан жүз буруп жатасыңар
ﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Эң жогорку жамааттын (периштелердин) талашып жатканы жөнүндө менде илим жок болчу
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
Мага, өзүмдүн анык эскертүүчү (жеткирүүчү) экеним гана вахий кылынууда»
ﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤ
Эстегин, бир кезде Раббиң периштелерге: «Мен ылайдан адам жасаймын
ﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮ
Ага келбет берип, ичине Өз Рухумдан үйлөп (жан) киргизгенде, ага сажда кылган абалда жыгылгыла» деди
ﮯﮰﮱﯓﯔ
Бардык периштелер сажда кылышты
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛ
Бир гана Иблис текеберленип, (сажда кылбай) каапырлардан болду
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫ
(Аллаһ): «О, Иблис, Мен Өзүмдүн эки Колум менен жараткан нерсеге сажда кылуудан сени эмне тосту?! Текеберлендиңби, же жогорку даражалуу болуп калдыңбы?!»-деди
ﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶ
«Мен андан жакшымын, мени оттон, аны болсо (кайдагы чалчык) ылайдан жараткансың»- деди (Иблис)
ﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
(Аллаһ) айтты: «Эми сен андан (Бейиштен) чык! Сен (Менин ырайымымдан) куулгансың
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
Сага Кыяматка чейин Менин наалатым болсун!»
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
(Иблис) айтты: «О, Раббим! (Адамзат) кайра тирилген (Кыямат) күнүнө чейин мага (өлбөй, жашоого) мөөнөт бер?!»
ﰋﰌﰍﰎﰏ
(Аллаһ): «Сен мөөнөт берилгендерден болдуң
ﰐﰑﰒﰓﰔ
Белгилүү убакыттын күнүнө чейин»- деди
ﰕﰖﰗﰘﰙ
(Иблис) айтты: «Сенин Кудуретиңе ант, мен алардын бардыгын азгырамын
ﰚﰛﰜﰝﰞ
Алардын арасынан Сага ыклас менен ибадат кылгандарды гана азгырууга кудуретим жетпейт»
ﭑﭒﭓﭔﭕ
(Аллаһ) айтты: «Чын-чынын айтамын
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝ
Сен жана алардын (инсандардын) арасынан сага ээрчигендер менен тозокту толтурамын!»
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
Айт: «Мен анын (Кураанды үйрөткөнүмдүн) ордуна силерден акы сурабаймын. Мен жасалма (пайгамбар) кишилерден да эмесмин
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮ
Бул (Кураан) ааламдар үчүн зикир-эскертүүдөн башка эмес
ﭯﭰﭱﭲﭳ
Анын кабарыңн(ын чындык экенин) бир аздан кийин (Кыяматта) билип аласыңар

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers