PDF —
31 Аят Medinan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Инсан сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Инсан сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Инсан сүрөсү Котормо. Аль-Инсан сүрөсү (Medinan) 31 Аят.

← Аль-КиямаАль-Инсан сүрөсү Аль-Мурсалят →


31 Аят · Medinan · Кыргызча
bismillah
ﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
76:1 Инсандын үстүнөн (ал жарала электе) доорлордун (нечендеген) мезгил(дер)и өткөн. (Анда инсан) эске да алынбай турган (жок нерсе) эле
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
76:2 Чынында, Биз инсанды (энелик менен аталык уруктун) аралашмасынан турган бир тамчы суудан жараттык. (Жана ушул абалын билээр бекен деп) аны сынап, уга турган, көрө турган (аң-сезимдүү) кылдык
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺ
76:3 (Кийин) Биз ага (жакшы менен жаман) жолду тааныттык. (Эми ал) же шүгүр (ибадат) кылуучу болот, же каапыр (болот)
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁ
76:4 Биз чынында каапырлар үчүн чынжырларды, (темир) көгөндөрдү жана тозокту даярдап койдук
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
76:5 Ыймандуу адамдар (бейиштерде) «каафур»? аралаштырылган (шарапты) чөйчөктөрдөн ичишет
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
76:6 (“Каафур”) булагы... Аны Аллаһтын (бейишке арзыган) пенделери (каалаган жерине) агызышып, (каалагандай) ичишет.”
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠ
76:7 Алар (дүйнө жашоосунда) назирлерин! аткарышкан жана жамандыгы жайылган күндөн (Кыяматтан жана андагы Аллаһтын азабынан) коркушкан
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨ
76:8 Жана бей-бечараларга, жетимдер менен туткундагыларга, өздөрү сүйүп (жегиси келип) турган тамактан жедирип? (мындай дешкен)
ﭩﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
76:9 «Биз силерди Аллаһтын Жүзү (ыраазычылыгы) үчүн тамактандыруудабыз. Биз силерден (эч кандай) акы жана алкыш сурабайбыз
ﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
76:10 Биз Раббибизден (жана жүрөктү) сыга турган, оор күндөн (Кыяматтан) коркобуз»
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
76:11 Анан Аллаһ аларды ушул күндүн жамандыгынан куткарып (жүздөрүнө) нур жана кубаныч (белгилерин) берди
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊ
76:12 Жана (дүйнө жашоосунда шайтандын, напсинин азгырыктарына) сабыр кылгандары себептүү аларды Бейиш менен, жибек (кийимдер) менен сыйлады
ﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖ
76:13 Алар ал жердеги (бейиштеги) сөрүлөргө жөлөнүп отурушат. Ал жерде алар күндү(н ысыгын) да, кычыраган суукту да көрүшпөйт
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
76:14 Аларга Бейиш (бактарынын) көлөкөсү тийип, мөмөлөрү ийилип турат
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦ
76:15 Аларга күмүш идиштер(де тамак-аш) жана шише чөйчөктөр(дө шарап) айлантып турулат
ﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
76:16 Күмүш чөйчөктөр... Аны(н ичиндеги шарапты кызматчылар кажетке жараша) өлчөп-ченеп (куюп) турушат
ﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
76:17 Ал жерде (ыймандууларга) занжабил? аралаштырылган шарап
ﯕﯖﯗﯘﯙ
76:18 (жана) «Салсабил» деп аталган (агып турган) булак (суусу ичирилет)
ﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
76:19 Аларды(н кызматында) түбөлүк жаш жигиттер айланып-тегеренишет. Эгер сен аларды көрсөң чачылган берметтерби деп ойлойсуң
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬ
76:20 Назар салсаң ал жерде (түгөнгүс) нээматарды жана өтө чоң дөөлөттү көрөсүң
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
76:21 Алардын (Бейишке түшкөн ыймандуулардын) үстүндө жашыл жибектен жана (алтын-күмүш, асыл таштар кадалган) баркут-кымкаптан кийимдер... (Эркек- аялынын баарынын колдоруна) күмүш билериктер тагылган... Раббилери аларды тунук-пакиза шарап менен сугарган
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃﰄ
76:22 (О, ыймандуулар!) Булар — силер үчүн сыйлык! Жана силердин (дүйнөдөгү аз гана) аракетиңер! ченемсиз нээматтар менен төлөндү
ﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋ
76:23 Чынында Биз (о, Мухаммад) сага Кураанды? бөлүп-бөлүп түшүрдүк
ﰌﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕ
76:24 Сен эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кылгын? жана алардан (каапырлардан) болгон шүгүрсүз, күнөөкөр адамдарга моюн сунбагын
ﰖﰗﰘﰙﰚﰛ
76:25 Жана Раббиңдин ысымын эртели-кеч эскерип (зикир кылып) жүргүн
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘ
76:26 Түндүн бир бөлүгүндө Ага сажда кыл жана түндөсү узун —узун тасбих айт
ﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡ
76:27 Чынында, алар (каапырлар) дүйнөнү сүйөт жана оор күндү (Кыяматты) артына таштап (көңүл бурбай) коюшат
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
76:28 Аларды Биз жаратып, бүт тулку-боюн бекем-кубаттуу кылган элек! Эгер кааласак, аларды (жаратылышы боюнча) өздөрүнө окшогон? (бирок, каапыр болбой турган, башка) пенделерге алмаштырып коебуз!”
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
76:29 Аныгында, бул (Кураан) - эскерме. Ким кааласа, Раббиси тарапка (түз) жолду кармай алат
ﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
76:30 (Бирок) силер Аллаһ каалаган нерсени гана каалай аласыңар. Чынында, Аллаһ Билүүчү, Даанышман
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
76:31 Ал Өзү каалаган пенделерин ырайымынын астына алат. Ал эми, заалымдарга болсо, катуу азапты даярдап койгон

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers