PDF —
50 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Мурсалят сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Мурсалят сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Мурсалят сүрөсү Котормо. Аль-Мурсалят сүрөсү (Meccan) 50 Аят.

← Аль-ИнсанАль-Мурсалят сүрөсү Ан-Наба →


50 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﮑﮒﮓ
77:1 Античемин, (ааламдарды башкарууга тиешелүү илахий) үрп-адат боюнча жиберилген (периштелер) менен
ﮔﮕﮖ
77:2 Өтө катуу жүргөн шамалдар менен
ﮗﮘﮙ
77:3 (Булуттарды Аллаһ каалаган багытка) таратуучу (периштелер) менен
ﮚﮛﮜ
77:4 (Акыйкат менен жалганды) ажыратып бере турган (Кураан аяттары) менен
ﮝﮞﮟ
77:5 (Пайгамбарларга Аллаһ тарабынан жиберилген) илахий кабарды ташуучу периштелер менен
ﮠﮡﮢﮣ
77:6 (Ошол периштелердин вахий алып келиши, чынчылдарга) үзүр-кечирим, (бузукуларга) эскертүү болушу үчүн
ﮤﮥﮦﮧ
77:7 (О,адамдар!) силерге убада кылынган Күн? албетте болуучу
ﮨﮩﮪﮫ
77:8 Жылдыздар(дын нуру) өчүрүлүп
ﮬﮭﮮﮯ
77:9 Асман (аңырайып) ачылып
ﮰﮱﯓﯔ
77:10 Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) сапырылып калганда
ﯕﯖﯗﯘ
77:11 Жана пайгамбарларга (үммөттөрүнүн сот-сурагына күбө болууга) убакыт берилгенде, (мына ошондо гана Кыямат кайым болуп, акыйкат менен жалган ажырайт)
ﯙﯚﯛﯜ
77:12 (Пенделердин сот-сурагы) кайсы күнгө белгиленген эле
ﯝﯞﯟ
77:13 Ажыратуу күнүнө
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
77:14 (О, Мухаммад)? сен ажыратуу күнү кандай күн экенин билбейсиң
ﯦﯧﯨﯩ
77:15 Ал күндө (Акыретти) жалганга чыгаргандарга азап
ﯪﯫﯬﯭ
77:16 Биз абалкыларды (азап менен кармап) өлтүрбөдүк беле
ﯮﯯﯰﯱ
77:17 Анан акыркы (каапыр)ларды да (дал ошондой тагдыр менен) аларды ээрчитип койдук
ﯲﯳﯴﯵ
77:18 Биз кылмышкер адамдар менен ушундай (мамиле) кылабыз
ﯶﯷﯸﯹ
77:19 Ал Күнү (Акыретти) «жалган» дегендерге азап
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖ
77:20 (О, кайра тирилүүнү «жалган» дегендер!) Биз силерди жийиркеничтүү (бир тамчы бел) суудан жаратпадык беле
ﭗﭘﭙﭚﭛ
77:21 Анан ал “сууну” бекем жайга (эненин жатынына) орноштордук
ﭜﭝﭞﭟ
77:22 Белгилүү убакытка (туулганыңарга) чейин
ﭠﭡﭢﭣ
77:23 Жана Биз (ошол бел сууну оболу коюу кан, анан бир бөлүк эт, андан кийин сөөк, андан кийин кадыресе адам кылып жаратууга) кудуреттүү болдук. Биз эң жакшы Кудуреттүүбүз
ﭤﭥﭦﭧ
77:24 Ал күндө (Кыяматты) «жалган» дегендерге өлүм
ﭨﭩﭪﭫﭬ
77:25 Биз жерди кучактоочу кылбадык беле
ﭭﭮﭯ
77:26 Өлүктөр менен тирүүлөрдү
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷ
77:27 Жана Биз жер бетине (аны бекем сактоо үчүн) үлкөн тоолорду жараттык. Жана силерди (мөңгүлөрдөн агып келүүчү) таттуу суу(лар) менен сугардык
ﭸﭹﭺﭻ
77:28 Ал күндө (ушул нээматтарды) «жалган» дегендерге өлүм
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
77:29 (Ошол күндө аларга айтылат): Өзүңөр жалган деген Тозокко жөнөгүлө
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
77:30 Үч бутактуу (оттон болгон) «көлөкөгө»! жөнөгүлө!»
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
77:31 (Ал «көлөкөдө») салкындык жок. Алоодон да тосо албайт
ﮑﮒﮓﮔﮕ
77:32 Ал (тозок) сарай сыяктуу (үлкөн) учкундарды атып турат
ﮖﮗﮘﮙ
77:33 Ал учкундар саргымтыл кара төөлөргө окшойт
ﮚﮛﮜﮝ
77:34 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
ﮞﮟﮠﮡﮢ
77:35 Бул күнү алар (уруксатсыз) сүйлөй албайт
ﮣﮤﮥﮦﮧ
77:36 Алар үчүн актанууга да уруксат жок
ﮨﮩﮪﮫ
77:37 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓ
77:38 Бул — ажыратуу Күнү! Силерди да, абалкыларды да (сот-сурак үчүн ) чогулттук
ﯔﯕﯖﯗﯘﯙ
77:39 Эгер (о, каапырлар, бул сурактан жана азаптан кутулуп кетүү үчүн) силерде амал болсо, Мага амалыңарды көргөзгүлө
ﯚﯛﯜﯝ
77:40 Ал күндө (кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣ
77:41 Ал эми, такыба пенделер (чыныгы) көлөкөлөрдө, булактарда
ﯤﯥﯦﯧ
77:42 Жана (көңүлдөрү) каалаган мөмө-жемиштерде
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮ
77:43 (Аларга айтылат:) «Жегиле, ичкиле, аш болсун! (Бул зыяпат сооп) иштерди жасаганыңар үчүн!»
ﯯﯰﯱﯲﯳ
77:44 Биз сооп иш жасагандарды ушинтип сыйлайбыз
ﯴﯵﯶﯷ
77:45 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кыйроо
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽ
77:46 (О, Кыяматты «жалган» деген каапырлар! Дүйнөдө) бир аз пайданалып, жеп-ичип калгыла! Силер кылмышкер адамсыңар
ﯾﯿﰀﰁ
77:47 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
ﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈ
77:48 Эгер аларга (Аллаһка) рукуу кылгыла» деп айтылса рукуу кылышпайт
ﰉﰊﰋﰌ
77:49 Ал күнү (Кыяматты) «жалган» дегендерге кайгы
ﰍﰎﰏﰐﰑ
77:50 Андан (Кураандан) кийин, дагы кандай сөзгө ыйман келтиришет

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers