Абаса сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Абаса сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Абаса сүрөсү Котормо. Абаса сүрөсү (Meccan) 42 Аят.
Related
- Абаса сүрөсү КотормоКыргызча
- Абаса сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Абаса сүрөсү

ﭑﭒﭓ
80:1
(Пайгамбар) кабагын бүркөп, жүзүн буруп алды
ﭔﭕﭖﭗ
80:2
алдына (маселе сурап ) сокур киши келгенде
ﭘﭙﭚﭛﭜ
80:3
(О, Мухаммад!) Сен кайдан билесиң, ал (сокур киши жаман кулк-мүнөздөрдөн) тазадыр
ﭝﭞﭟﭠﭡ
80:4
Же болбосо, (Аллаһ Тааланы) эскерээр, анан эскермеси ага пайда берээр
ﭢﭣﭤﭥ
80:5
Ал эми, муктаж эмес адам(дар келгенде)
ﭦﭧﭨﭩ
80:6
сен ошо(лор)го бурулуп алдың
ﭪﭫﭬﭭﭮ
80:7
(Бирок), алардын тазарбай (ыйманга келбей) калуусуна сен жоопкер эмессиң
ﭯﭰﭱﭲﭳ
80:8
Ал эми, сага чуркап келген (сокур ) адам
ﭴﭵﭶ
80:9
(Аллаһтан жана Кыямат күндөн) коркот эле
ﭷﭸﭹﭺ
80:10
Сен ага көңүл бурбай, (башкалар менен алагды болуп) калдың
ﭻﭼﭽﭾ
80:11
Жок! (О, Мухаммад! Эми андай кылбагын!) Бул (аяттар сага Аллаһ тарабынан) эскерме-сабак
ﭿﮀﮁﮂ
80:12
Ким кааласа — аны эскерет
ﮃﮄﮅﮆ
80:13
(Аяттар Лавхул Махфуз деп аталган) Улук Барактар да
ﮇﮈﮉ
80:14
(Лавхул Махфуз) Таза—-Пакиза (жана кадыр баркы) Жогору
ﮊﮋﮌ
80:15
(Жана) периштелердин колунда
ﮍﮎﮏ
80:16
(Алар) Өтө улук, аябай таза (ишенимдүү)
ﮐﮑﮒﮓﮔ
80:17
Наалаты инсан! Аны эмне (мынчалык) аша чапкан каапырга айлантты
ﮕﮖﮗﮘﮙ
80:18
Ал (Аллаһ) аны эмнеден жаратты эле
ﮚﮛﮜﮝﮞ
80:19
Бир тамчы суудан жараткан! Анан аны(н жаралуу баскычтарын өлчөп,) тагдыр кылган
ﮟﮠﮡﮢ
80:20
Андан кийин (бул дүйнөгө келгенде) ага жолдорду? оңой кылып берди
ﮣﮤﮥﮦ
80:21
Андан соң анын жанын алып, мүрзөгө койду
ﮧﮨﮩﮪﮫ
80:22
Андан соң Өзү каалаган кезде (Кыяматта) кайрадан тирилтип алат
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
80:23
Жок! Ал өзүнө (Аллаһ) буюрган парыздарды эч аткарбады
ﯓﯔﯕﯖﯗ
80:24
Эми, инсан (бой көтөрө бербей) өзүнүн тамак-ашына карабайбы
ﯘﯙﯚﯛﯜ
80:25
Сууну (асмандан) мол-көл кылып мына Биз жаадырдык
ﯝﯞﯟﯠﯡ
80:26
Андан соң жерди жарып
ﯢﯣﯤﯥ
80:27
(Ар түрдүү) данды (жана өсүмдүктөрдү) өндүрдүк
ﯦﯧﯨ
80:28
Жүзүмдөрдү, көк чөптөрдү
ﯩﯪﯫ
80:29
Зайтундарды, курмаларды
ﯬﯭﯮ
80:30
Коюу бактарды
ﯯﯰﯱ
80:31
Мөмө-жемиштерди, жашылчаларды
ﯲﯳﯴﯵ
80:32
Силер жана чарба айбандарыңар пайдалангыла деп
ﯶﯷﯸﯹ
80:33
Эми, качан (кулактарды) тундуруучу (Кыяматтагы) айкырык (Сур кернейинин экинчи тартылуусу) келгенде
ﯺﯻﯼﯽﯾﯿ
80:34
Ал күнү киши өзүнүн ага-инисинен качып калат
ﰀﰁﰂ
80:35
Апасы менен атасынан дагы
ﰃﰄﰅ
80:36
Аялы менен балдарынан дагы
ﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
80:37
(Анткени) ал күнү ар бир адам үчүн аны (башкаларга) көңүл бурдурбай коё турган (өтө оор) абал болот
ﰍﰎﰏﰐ
80:38
Ал күнү (ыймандуу) жүздөр албырып
ﰑﰒﰓ
80:39
күлүп-жайнап, кубанычтуу
ﰔﰕﰖﰗﰘ
80:40
(ыймансыз) жүздөрдү ал күндө чаң-тозон каптап
ﭑﭒﭓ
80:41
караңгылык ороп алат
ﭔﭕﭖﭗﭘ
80:42
Дал ошолор каапыр, шүкүрсүз адамдар
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







