Ат-Таквир сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Ат-Таквир сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Ат-Таквир сүрөсү Котормо. Ат-Таквир сүрөсү (Meccan) 29 Аят.
Related
- Ат-Таквир сүрөсү КотормоКыргызча
- Ат-Таквир сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Ат-Таквир сүрөсү

ﭙﭚﭛﭜ
81:1
Күн оролуп (нуру жоголуп)
ﭝﭞﭟﭠ
81:2
жылдыздар (кыйрап) төгүлүп
ﭡﭢﭣﭤ
81:3
Тоолор (тытылган жүн сыяктуу) учурулуп
ﭥﭦﭧﭨ
81:4
Курсагында он айлык баласы бар (кымбат баалуу) төөлөр дагы көңүл сыртында калып,”
ﭩﭪﭫﭬ
81:5
Жапайы айбандар (үркүп, бир жерге) чогулуп
ﭭﭮﭯﭰ
81:6
Деңиздер жанып-от болуп
ﭱﭲﭳﭴ
81:7
Жандар бири - бирине коштолуп...°
ﭵﭶﭷﭸ
81:8
Тирүүлөй көмүп жиберилген бөбөк кыздар суралганда —
ﭹﭺﭻﭼ
81:9
Кайсы күнөө(ңөр) үчүн өлтүрүлдү(ңөр деп)
ﭽﭾﭿﮀ
81:10
Жана (бардык адамдарга) амал баракчалары таратылып
ﮁﮂﮃﮄ
81:11
Асман сыйрылып алынганда
ﮅﮆﮇﮈ
81:12
Тозок (катуу) кызытылып
ﮉﮊﮋﮌ
81:13
Бейиш (ыймандуу адамдарга) жакын алып келингенде
ﮍﮎﮏﮐﮑ
81:14
(Ошол күнү бардык) жан (Акырет үчүн) эмне алып келгенин билет
ﮒﮓﮔﮕ
81:15
Жок. Артта кала турган жылдыздарга ант ичип
ﮖﮗﮘ
81:16
(аларга) жолдош, көрүнбөгөн жылдыздарга ант ичип
ﮙﮚﮛﮜ
81:17
(караңгысы менен) келген түнгө ант ичип
ﮝﮞﮟﮠ
81:18
агарган таңга ант ичип (айтамын)
ﮡﮢﮣﮤﮥ
81:19
Чынында, ал (Кураан) Улуу Элчинин Сөзү
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬ
81:20
Арш Ээсинин? алдында (Жебрейилдин) туруктуу урматы бар (жана ал) өтө күч — кубаттуу
ﮭﮮﮯﮰ
81:21
Ал жерде (жогорку жамаат арасында) сөзү өтүмдүү (жана) ишенимдүү
ﮱﯓﯔﯕ
81:22
(Эй, мушриктер!) Силердин дайым бирге жүргөн шеригиңер (Мухаммад) жинди эмес
ﯖﯗﯘﯙﯚ
81:23
Ал чынында аны (Жебирейилди) айкын мейкиндикте көргөн
ﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
81:24
Жана ал кайыпты (силерден) кызгануучу эмес
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦ
81:25
Жана ал” каргышка жолуккан Шайтандын сөзү да эмес
ﯧﯨﯩ
81:26
Эми, (чындыктан жүз буруп) кайда бара жатасыңар
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
81:27
Ал (Кураан) албетте, ааламдар үчүн эскертүү
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
81:28
Силердин араңардан оңолууну каалгандар үчүн (эскертүү)
ﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
81:29
Жана силер (о, пенделер) ааламдардын Раббиси каалагандан башканы каалай албайсыңар
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







