Аль-Инфитар сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Инфитар сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (19 Аят — مكية). Аль-Инфитар Укта, Аль-Инфитар Котормо, Аль-Инфитар mp3, Аль-Инфитар pdf.

Аль-Инфитар сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
إِذَا السَّمَاءُ انفَطَرَتْ ۝١
📖 Котормо Аят 1
Асман жарылып
وَإِذَا الْكَوَاكِبُ انتَثَرَتْ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Жылдыздар төгүлүп
وَإِذَا الْبِحَارُ فُجِّرَتْ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
деңиздер (толуп-ташып), бири-бирине кошулганда
وَإِذَا الْقُبُورُ بُعْثِرَتْ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Жана мүрзөлөр оодарылганда
عَلِمَتْ نَفْسٌ مَّا قَدَّمَتْ وَأَخَّرَتْ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
(Ар бир) жан (ээси) эмне ишти алып келгенин жана (эмне ишти кечиктирип) калтырганын билип алат
يَا أَيُّهَا الْإِنسَانُ مَا غَرَّكَ بِرَبِّكَ الْكَرِيمِ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
О, (каапыр) инсан! Сени Улук Раббиң жөнүндө (туура ойлонуудан) эмне алдап койду
الَّذِي خَلَقَكَ فَسَوَّاكَ فَعَدَلَكَ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
Алсени жаратып, келбетиңди келиштирген эле
فِي أَيِّ صُورَةٍ مَّا شَاءَ رَكَّبَكَ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Жана Ал сени Өзү каалаган сүрөттө калыптандырган
كَلَّا بَلْ تُكَذِّبُونَ بِالدِّينِ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
Жок! силер (ойлонуп, моюн сунуунун ордуна) сурак күнүн «жалган» дедиңер
وَإِنَّ عَلَيْكُمْ لَحَافِظِينَ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
Чынында, силердин үстүңөрдө (ар бир ишиңерди) сактоочу периштелер бар
كِرَامًا كَاتِبِينَ ۝١١
📖 Котормо Аят 11
(Ар бир нерсени) жазып турган улук периштелер бар
يَعْلَمُونَ مَا تَفْعَلُونَ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Силердин бардык ишиңерди билип турушат
إِنَّ الْأَبْرَارَ لَفِي نَعِيمٍ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
Чынында жакшы кишилер нээмат бейиштеринде
وَإِنَّ الْفُجَّارَ لَفِي جَحِيمٍ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Ал эми, бузуку кишилер тозокто болушат
يَصْلَوْنَهَا يَوْمَ الدِّينِ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Алар ага (Тозокко) сурак күнү ташталат
وَمَا هُمْ عَنْهَا بِغَائِبِينَ ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
Анан андан чыга алышпайт
وَمَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
(О, Мухаммад! Биз айтпасак) сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң
ثُمَّ مَا أَدْرَاكَ مَا يَوْمُ الدِّينِ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Анан, сурак күнү эмне экенин сен кайдан билмексиң?”
يَوْمَ لَا تَمْلِكُ نَفْسٌ لِّنَفْسٍ شَيْئًا ۖ وَالْأَمْرُ يَوْمَئِذٍ لِّلَّهِ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Ал күнү (Аллаһтан уруксат болмоюнча) эч ким эч кимге (пайда) жеткире албайт! Ал күнү бардык иш Аллаһтын ыктыярында
← 81 Аль-Инфитар (82/114) 83 →
Окуу Аль-Инфитар сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

82الإنفطار Al-Infitar 📚 19 Аят مكية

Аят-аят – Аль-Инфитар сүрөсү — 19 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers