Аль-Бурудж сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Бурудж сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Бурудж сүрөсү Котормо. Аль-Бурудж сүрөсү (Meccan) 22 Аят.
Related
- Аль-Бурудж сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Бурудж сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Бурудж сүрөсү

ﭛﭜﭝﭞ
85:1
Ментопжылдыздар мекени — асманга ант ичип
ﭟﭠﭡ
85:2
Убада кылынган (Кыямат) күнгө ант ичип
ﭢﭣﭤ
85:3
(Ошол күнгө) күбө болгондорго жана күбө болунган(окуялар)га ант ичип (айтамын)
ﭥﭦﭧﭨ
85:4
Чуңкур ээлерине — өлүм болсун
ﭩﭪﭫﭬ
85:5
(Алчуңкур) отундуу жалын
ﭭﭮﭯﭰﭱ
85:6
Ошондо, алар (отко ыргытылган ыймандуулардын күйгөнүнөн ырахат алып) чуңкурдун жээгинде олтурушкан
ﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
85:7
Алар(дын желдеттери) ыймандууларга жасап жаткан (азаптуу) иштерге күбө болуп турушкан
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂ
85:8
(Каапырлар) аларды Жеңүүчү, мактоого арзыган Аллаһка ыйман келтиргендери үчүн гана азапка салышты
ﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
85:9
Аласмандар жана жер мүлкүнүн (жалгыз) Ээси! Аллаһ ар бир нерсеге Күбө
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
85:10
Ыймандуу эркектер менен ыймандуу аялдарды динден кайтарууга аракеттенип, кийин тооба кылбагандарга тозок азабы бар! Жана аларга күйдүрүүчү азап бар
ﮞﮟﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
85:11
Ал эми, (Аллаһка, периштелерге, китептерге, пайгамбарларга, Акырет күнгө, жана жакшы-жаман тагдырга) ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган пенделер үчүн түбүнөн дарыялар аккан бейиштер бар! Бул — чоң жеңиш
ﮮﮯﮰﮱﯓ
85:12
Чынында, Раббиңдин (азап менен) кармашы аябай катуу
ﯔﯕﯖﯗﯘ
85:13
Бир Өзү гана жоктон бар кылат жана (Кыяматта жашоону) кайра жаратат
ﯙﯚﯛﯜ
85:14
Ал — Кечиримдуу, (жана) Вадууд
ﯝﯞﯟﯠ
85:15
(Ал) Арштын Кожоюну (жана) Улук
ﯡﯢﯣﯤ
85:16
Каалаганын жасоочу
ﯥﯦﯧﯨﯩ
85:17
(О, Мухаммад) сага (Мусанын артынан кууган) аскерлердин
ﯪﯫﯬ
85:18
Фираундун жана Самуд коомунун кабары келди беле
ﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
85:19
Жок, каапырлар (дагы эле, Кураанды жана кайра тирилүүнү) «жалган» дешүүдө
ﯳﯴﯵﯶﯷ
85:20
Аллаһ болсо, алардын (бардык иштерин) камтып-билип турат
ﯸﯹﯺﯻﯼ
85:21
Аныгында ал-Улуу Кураан! (Каапырлар миң ирет «жалган» десе да кадыр-баркы төмөндөбөйт. Себеби, ал)
ﯽﯾﯿﰀ
85:22
Лавхул- Махфузда
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







