Аль-Калам сүрөсү арабча жана кыргызча
Аль-Калам сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (52 Аят — مكية). Аль-Калам Укта, Аль-Калам Котормо, Аль-Калам mp3, Аль-Калам pdf.Аль-Калам сүрөсүн оку жана укта
🎧 Аят
M
Mishary Rashid Alafasy
✓
Mishary Rashid Alafasy
✓
M
Mahmoud Khalil Al-Husary
✓
Mahmoud Khalil Al-Husary
✓
A
Abdurrahman As-Sudais
✓
Abdurrahman As-Sudais
✓
M
Mohamed Siddiq Al-Minshawi
✓
Mohamed Siddiq Al-Minshawi
✓
A
Abdul Basit Abdul Samad
✓
Abdul Basit Abdul Samad
✓
A
Ali Al-Hudhaify
✓
Ali Al-Hudhaify
✓
A
Ahmed ibn Ali al-Ajamy
✓
Ahmed ibn Ali al-Ajamy
✓
A
Abu Bakr Ash-Shaatree
✓
Abu Bakr Ash-Shaatree
✓
M
Muhammad Ayyoub
✓
Muhammad Ayyoub
✓
A
Abdullah Basfar
✓
Abdullah Basfar
✓
A
Abdullah Al-Juhani
✓
Abdullah Al-Juhani
✓
M
Maher Al Muaiqly
✓
Maher Al Muaiqly
✓
—
x1
ن ۚ وَالْقَلَمِ وَمَا يَسْطُرُونَ ١
📖 Котормо
Аят 1
Нун.” (О, Мухаммад), калемге жана ал жазган нерселерге ант ичип (айтамын)
مَا أَنتَ بِنِعْمَةِ رَبِّكَ بِمَجْنُونٍ ٢
📖 Котормо
Аят 2
Сен Раббиңдин нээматы (пайгамбарлык) себептүү акылынан адашкан киши эмессиң.”
وَإِنَّ لَكَ لَأَجْرًا غَيْرَ مَمْنُونٍ ٣
📖 Котормо
Аят 3
(Пайгамбарчылык түйшүгүн көтөргөнүң үчүн) сага түгөнгүс сыйлыктар бар
فَسَتُبْصِرُ وَيُبْصِرُونَ ٥
📖 Котормо
Аят 5
Жакында (Кыямат болуп, чындык ашкереленгенде) көрөсүң, алар да көрүп (билип) алышат —
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ أَعْلَمُ بِمَن ضَلَّ عَن سَبِيلِهِ وَهُوَ أَعْلَمُ بِالْمُهْتَدِينَ ٧
📖 Котормо
Аят 7
Сенин Раббиң, Өзүнүн жолунан ким адашып кеткенин жана ким Туура Жол тапканын эң жакшы билет
وَدُّوا لَوْ تُدْهِنُ فَيُدْهِنُونَ ٩
📖 Котормо
Аят 9
Сеналар менен макул болсоң, алар да сени менен келишип алууну каалашат
وَلَا تُطِعْ كُلَّ حَلَّافٍ مَّهِينٍ ١٠
📖 Котормо
Аят 10
Сен моюн суна бербегин: көрүнгөн эле кадырсыз анткорго
هَمَّازٍ مَّشَّاءٍ بِنَمِيمٍ ١١
📖 Котормо
Аят 11
(Адамдардын арасын бузуу үчүн) ушак таратып жүрүүчү шылдыңчыларга
مَّنَّاعٍ لِّلْخَيْرِ مُعْتَدٍ أَثِيمٍ ١٢
📖 Котормо
Аят 12
Чектен чыккан, күнөөкөр, жакшылыкка бут тосуучуларга
عُتُلٍّ بَعْدَ ذَٰلِكَ زَنِيمٍ ١٣
📖 Котормо
Аят 13
Орой жана андан соң.., атасынын дайыны жок (тексиз) адамдарга
إِذَا تُتْلَىٰ عَلَيْهِ آيَاتُنَا قَالَ أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ ١٥
📖 Котормо
Аят 15
ага биздин аяттарыбыз окулганда: «(бул) байыркылардын жөө-жомоктору го»-деди
سَنَسِمُهُ عَلَى الْخُرْطُومِ ١٦
📖 Котормо
Аят 16
Биз жакында (Кыяматта) аны тумшугунан тамгалап койобуз
إِنَّا بَلَوْنَاهُمْ كَمَا بَلَوْنَا أَصْحَابَ الْجَنَّةِ إِذْ أَقْسَمُوا لَيَصْرِمُنَّهَا مُصْبِحِينَ ١٧
📖 Котормо
Аят 17
Биз аларды бак-бостон ээлерин сынаганыбыз сыяктуу сынадык! Бир кезде (бак ээлери) бакты(н түшүмүн) таңга маал (эч ким тура элек мезгилде) жыйнап алууга ант ичишти
وَلَا يَسْتَثْنُونَ ١٨
📖 Котормо
Аят 18
Алар (ниеттеринде “Аллаһ кааласа” деген сөздү) эсепке алышпады
فَطَافَ عَلَيْهَا طَائِفٌ مِّن رَّبِّكَ وَهُمْ نَائِمُونَ ١٩
📖 Котормо
Аят 19
Анан алар уктап жатканда бактын үстүндө Сенин Раббиң тарабынан (жиберилген) бир айлануучу (от) айланып турду (дагы)
فَأَصْبَحَتْ كَالصَّرِيمِ ٢٠
📖 Котормо
Аят 20
(Күйдүрүп, чычаласын чыгарганда) караңгы түн сыяктуу болуп калды
أَنِ اغْدُوا عَلَىٰ حَرْثِكُمْ إِن كُنتُمْ صَارِمِينَ ٢٢
📖 Котормо
Аят 22
«Эгерде (түшүмүңөрдү) жыйнай турган болсоңор эртерээк барбайсыңарбы»
فَانطَلَقُوا وَهُمْ يَتَخَافَتُونَ ٢٣
📖 Котормо
Аят 23
(Бардыгы үйүнөн чыгып) жолго түшүштү шыбырашып
أَن لَّا يَدْخُلَنَّهَا الْيَوْمَ عَلَيْكُم مِّسْكِينٌ ٢٤
📖 Котормо
Аят 24
«Бүгүн силердин үстүңөргө — бактын ичине бир дагы кедей кирип калбасын»
وَغَدَوْا عَلَىٰ حَرْدٍ قَادِرِينَ ٢٥
📖 Котормо
Аят 25
Алар эч кимге билдирбей (ушундай катаал, мээримсиз абалда кембагалдарды түшүмдөн) куржалак калтырууга кудуреттүүбүз деп, эрте таңда бара жатышты
فَلَمَّا رَأَوْهَا قَالُوا إِنَّا لَضَالُّونَ ٢٦
📖 Котормо
Аят 26
Анан.., (кара чычала болуп калган) бакты көрүп: «Биз адашып (башка бакка келип) калыптырбыз»-дешти
قَالَ أَوْسَطُهُمْ أَلَمْ أَقُل لَّكُمْ لَوْلَا تُسَبِّحُونَ ٢٨
📖 Котормо
Аят 28
(Ошондо) алардан адилеттүүрөөк бирөөсү: «Мен силерге «Аллаһты даңазалагыла» (“Аллаһ кааласа” деп айткыла) дебедим беле?» -деди
قَالُوا سُبْحَانَ رَبِّنَا إِنَّا كُنَّا ظَالِمِينَ ٢٩
📖 Котормо
Аят 29
(Дагы) айтышты: «Раббибиз (кемчилдиктүү сыпаттардан) Аруу-Таза! Биз (өзүбүзгө) зулум кылуучулардан болуп калдык!»
فَأَقْبَلَ بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ يَتَلَاوَمُونَ ٣٠
📖 Котормо
Аят 30
Анан бири-бирине карап, бири-бирин айыптай баштады
قَالُوا يَا وَيْلَنَا إِنَّا كُنَّا طَاغِينَ ٣١
📖 Котормо
Аят 31
Жана (мындай) дешти: «Шорубуз курусун! Биз (чындап) чектен чыгып кетиптирбиз
عَسَىٰ رَبُّنَا أَن يُبْدِلَنَا خَيْرًا مِّنْهَا إِنَّا إِلَىٰ رَبِّنَا رَاغِبُونَ ٣٢
📖 Котормо
Аят 32
Раббибиз анын ордуна андан жакшыраагын бергей эле! Биз Раббибизге умтулуучубузго!»
كَذَٰلِكَ الْعَذَابُ ۖ وَلَعَذَابُ الْآخِرَةِ أَكْبَرُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ ٣٣
📖 Котормо
Аят 33
(Азгырылган адамдарга сыноо дүйнөдөгү) азап ушундай! Ал эми, Акырет азабы (мындан) чоңураак, эгер билишсе
إِنَّ لِلْمُتَّقِينَ عِندَ رَبِّهِمْ جَنَّاتِ النَّعِيمِ ٣٤
📖 Котормо
Аят 34
Албетте, такыба кишилер үчүн Раббисинин алдында эң мыкты бейиштер бар
أَفَنَجْعَلُ الْمُسْلِمِينَ كَالْمُجْرِمِينَ ٣٥
📖 Котормо
Аят 35
(Эй, Макка мушриктери!) эмне, биз мусулмандарды (силерге окшогон) күнөөкөрлөр сыяктуу кылат бекенбиз
مَا لَكُمْ كَيْفَ تَحْكُمُونَ ٣٦
📖 Котормо
Аят 36
Силерге эмне болгон?! Кандай өкүм чыгарып жатасыңар
أَمْ لَكُمْ كِتَابٌ فِيهِ تَدْرُسُونَ ٣٧
📖 Котормо
Аят 37
Же силердин алдыңарда аны сабак кылып окуган (Ыйык) Китеп бар беле
إِنَّ لَكُمْ فِيهِ لَمَا تَخَيَّرُونَ ٣٨
📖 Котормо
Аят 38
(Же) Ал (китептин ичинде) силер үчүн өзүңөр каалаган нерсе (бар бекен)
أَمْ لَكُمْ أَيْمَانٌ عَلَيْنَا بَالِغَةٌ إِلَىٰ يَوْمِ الْقِيَامَةِ ۙ إِنَّ لَكُمْ لَمَا تَحْكُمُونَ ٣٩
📖 Котормо
Аят 39
Же болбосо, силер үчүн Биздин мойнубузда Кыямат күнүнө чейин жете турган «Силер каалаган (бардык) нерсе(лер) силер үчүн мүмкүн» деген ант-убада бар бекен
سَلْهُمْ أَيُّهُم بِذَٰلِكَ زَعِيمٌ ٤٠
📖 Котормо
Аят 40
(О, Мухаммад), алардан сурачы, кимиси буга кепил боло алат
أَمْ لَهُمْ شُرَكَاءُ فَلْيَأْتُوا بِشُرَكَائِهِمْ إِن كَانُوا صَادِقِينَ ٤١
📖 Котормо
Аят 41
Же алардын (каалоо тилектерин орундатып бере турган Аллаһтан башка) кудайлары барбы?! Эгер чынчыл болушса, (ошол) кудай-ларын алып келишсин
يَوْمَ يُكْشَفُ عَن سَاقٍ وَيُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ فَلَا يَسْتَطِيعُونَ ٤٢
📖 Котормо
Аят 42
(Кыямат) күнү Балтыр ачылып, (бардык элдер) сажда кылууга чакырылганда, алар (мушриктер сажда кылууга) жарабай калышат
خَاشِعَةً أَبْصَارُهُمْ تَرْهَقُهُمْ ذِلَّةٌ ۖ وَقَدْ كَانُوا يُدْعَوْنَ إِلَى السُّجُودِ وَهُمْ سَالِمُونَ ٤٣
📖 Котормо
Аят 43
Көздөрү жерге кадалып, аларды кордук орогон абалда (турушат) Алар (дүйнө жашоосунда) сак-саламат болуп (сажда кылууга жарап) турганда саждага чакырылышкан эле
فَذَرْنِي وَمَن يُكَذِّبُ بِهَٰذَا الْحَدِيثِ ۖ سَنَسْتَدْرِجُهُم مِّنْ حَيْثُ لَا يَعْلَمُونَ ٤٤
📖 Котормо
Аят 44
(О, Мухаммад!) Сен бул Сөздү (Кураанды) жалган дегендерди Мага кой! Биз аларды билбеген тарабынан эч билгизбей азапка салабыз
وَأُمْلِي لَهُمْ ۚ إِنَّ كَيْدِي مَتِينٌ ٤٥
📖 Котормо
Аят 45
Мен аларга мөөнөт беремин. Менин амалкерлигим бекем
أَمْ تَسْأَلُهُمْ أَجْرًا فَهُم مِّن مَّغْرَمٍ مُّثْقَلُونَ ٤٦
📖 Котормо
Аят 46
Же болбосо (о, Мухаммад) сен алардан (өзүңдүн дааватың үчүн) акы сурап, алар болсо төлөөдөн кыйналып жатышабы
أَمْ عِندَهُمُ الْغَيْبُ فَهُمْ يَكْتُبُونَ ٤٧
📖 Котормо
Аят 47
Же алардын алдында кайып (ааламындагы Тагдыр Китеби) барбы (жана) алар (ошондон окугандарын) жазышабы
فَاصْبِرْ لِحُكْمِ رَبِّكَ وَلَا تَكُن كَصَاحِبِ الْحُوتِ إِذْ نَادَىٰ وَهُوَ مَكْظُومٌ ٤٨
📖 Котормо
Аят 48
Эми (о, Мухаммад) сен Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Балыктын «ээси» (Юнус пайгамбар) сыяктуу (элиңе сабырсыз) болбо! Бир кезде ал (балыктын ичине) жутулган бойдон (кап-караңгы курсакта отуруп) Раббисине дуба кылган болчу
لَّوْلَا أَن تَدَارَكَهُ نِعْمَةٌ مِّن رَّبِّهِ لَنُبِذَ بِالْعَرَاءِ وَهُوَ مَذْمُومٌ ٤٩
📖 Котормо
Аят 49
Эгерде ага Раббисинин нээматы (жакшылыгы) жетпегенде, жек көрүлгөн абалда жайдак жерге (кароосуз) таштап коюлмак
فَاجْتَبَاهُ رَبُّهُ فَجَعَلَهُ مِنَ الصَّالِحِينَ ٥٠
📖 Котормо
Аят 50
Анан Раббиси аны (кайрадан пайгамбарчылык үчүн) тандап, салих (жакшы) инсандардан кылды
وَإِن يَكَادُ الَّذِينَ كَفَرُوا لَيُزْلِقُونَكَ بِأَبْصَارِهِمْ لَمَّا سَمِعُوا الذِّكْرَ وَيَقُولُونَ إِنَّهُ لَمَجْنُونٌ ٥١
📖 Котормо
Аят 51
(О, Мухаммад) каапыр болгон адамдар зикирди (Кураанды) уккан мезгилде (ичи өрттөнүп) сени көздөрү менен оодара сала жаздашат жана: «Ал жинди!»-дешет
وَمَا هُوَ إِلَّا ذِكْرٌ لِّلْعَالَمِينَ ٥٢
📖 Котормо
Аят 52
Ал (Кураан) бүт ааламдар үчүн (эң даанышман) насаат-эскермеден башка нерсе эмес
Окуу Аль-Калам сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers

