Сүрөсү Ан-Наба
PDF —
40 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Сүрөсү Ан-Наба pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Сүрөсү Ан-Наба pdf Кыргызча — Жүктөө Сүрөсү Ан-Наба Котормо. Ан-Наба (Meccan) 40 Аят.



Сүрөсү Ан-Наба
40 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭑﭒﭓ
Алар (бири-биринен) эмне жөнүндө сурашууда
ﭔﭕﭖﭗ
Улук Кабар жөнүндө
ﭘﭙﭚﭛﭜ
Алар ал (Улук Кабар) жөнүндө талашып-тартышышат эле
ﭝﭞﭟ
Жок, андай эмес! Жакында билип алышат
ﭠﭡﭢﭣ
Дагы бир ирет андай эмес! Жакында билип алышат
ﭤﭥﭦﭧﭨ
Биз силерге жерди жайылган (төшөк сыяктуу) кылып койбодукпу
ﭩﭪﭫ
Тоолорду (бекем) казыктар (сыяктуу кылып жаратпадыкпы)
ﭬﭭﭮ
Жана Биз силерди жуп-түгөй? кылып жараттык
ﭯﭰﭱﭲ
Уйкуңарды (денеңер үчүн) ырыхат кылдык
ﭳﭴﭵﭶ
Түндү (силерге) кийим (сыяктуу) кылдык
ﭷﭸﭹﭺ
Күндүздү жашоо үчүн жараттык
ﭻﭼﭽﭾﭿ
Жана силердин үстүңөргө бекем жети (кабат) асманды куруп
ﮀﮁﮂﮃ
ысык-нурлуу чыракты (күндү) жараттык
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
Жана (силерге) булуттардан мол суу түшүрдүк
ﮊﮋﮌﮍﮎ
чыгарып берүү үчүн дан азыктарды жана өсүмдүктөрдү
ﮏﮐﮑ
Жана да калың бак-бостондорду
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗ
Албетте (ыймандуу менен каапыр) ажыратыла турган (Кыямат) күн (Аллаһ тарабынан) белгиленген убакыт
ﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞ
Ал күнү Сур (чоор) тартылат. Анан силер топ-топ болуп (Раббиңерге сурак бергени) келесиңер
ﮟﮠﮡﮢﮣ
(Кыямат күн башталганда) асман ачылып (жарылып) эшиктер (пайда ) болот
ﮤﮥﮦﮧﮨ
Жана тоолор (ордунан) учурулуп, закым болуп калат
ﮩﮪﮫﮬﮭ
Албетте, тозок күтүп туруучу (жана)
ﮮﮯﮰ
чектен чыккан адамдар үчүн кайтып баруучу орун
ﮱﯓﯔﯕ
Алар анда кылымдар бою турушат
ﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜ
Ал жерде не салкындык не суусундук татышпайт
ﯝﯞﯟﯠ
Болгону (тозокулардын денесинен аккан) сасык ириң жана (ичегилерди тилип, үзүп жибере турган даражадагы) кайнак суу (менен гана “азыктанышат”)
ﯡﯢﯣ
(Бул— күнөөлөрүнө) ылайык жаза
ﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
Алар (Акыреттеги) эсеп — китепке ишенишпеген
ﯪﯫﯬﯭ
Жана Биздин аяттарыбызды ачык түрдө жалганга чыгарышкан
ﯮﯯﯰﯱﯲ
Биз бардык иштерди тизмектеп, китеп кылып жазып койгонбуз
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸ
Эми, (жазаңарды) таткыла! Биз силерге азапты гана көбөйтөбүз
ﭑﭒﭓﭔ
Ал эми, такыбаа кишилерге ийгилик жайы (Бейиш)
ﭕﭖﭗ
бак-бостондор, жүзүмдүктөр
ﭘﭙﭚ
жаш, бир курактагы, көкүрөгү тикчийген селкилер
ﭛﭜﭝ
жана («Рахийк» деп аталган аябай даамдуу шарап менен) мелмилдеп турган кеселер бар
ﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
Ал жерде пайдасы жок жана күнөө-жалган сөздөрдү угушпайт
ﭥﭦﭧﭨﭩﭪ
(Булар) Раббиң тарабынан берилген сыйлык-белектер
ﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
(Ушул сыйлыкты берген Рабби) асмандар менен жердин, ал экөөнүн арасындагы бардык нерселердин да Раббиси болгон Ырайымдуу Зат. (Ошондуктан, ал күнү эч ким Анын уруксаты болмоюнча) сөз сүйлөөгө батына албайт
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄﮅﮆ
Рух (Жебрейил периште) жана (башка бардык) периштелер сап-сап болуп турган (ошол) күнү Ырайымдуу Зат уруксат бергендер гана (сүйлөп,) чын сөздү айтышат
ﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑ
Бул- чындап болуучу Күн. Ал эми, ким кааласа (жакшы амалдарды кылат жана) Раббисине (ошол амалдар менен) кайтууну(н жолдорун бекем) кармайт
ﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
Биз силерди жакын(да келе турган) азаптан эскерткен элек. Ал күндө адам баласы эки колу эмне алып келгенин көрөт жана каапыр адам: «кана эми, (ушундай азапка дуушар болгондон көрө) топурак эле болуп калсам!!!» - дейт

Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers