PDF —
30 Аят Meccan PDF
Built right in your browser — download starts automatically

Аль-Фаджр сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)

Аль-Фаджр сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Фаджр сүрөсү Котормо. Аль-Фаджр сүрөсү (Meccan) 30 Аят.

← Аль-ГашияАль-Фаджр сүрөсү Аль-Балад →


30 Аят · Meccan · Кыргызча
bismillah
ﭤﭥ
89:1 Таңгаант
ﭦﭧﭨ
89:2 Онтүнгөант
ﭩﭪﭫ
89:3 Жуп менен такка ант
ﭬﭭﭮﭯ
89:4 Жана өтүп жаткан түнгө ант
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵﭶ
89:5 Ушул(айтылганд)арда акылдуу адам үчүн (канааттандырарлык) ант бар болсо керек эле
ﭷﭸﭹﭺﭻﭼﭽ
89:6 Раббиң Аад коомун эмне кылганын көрбөдүңбү
ﭾﭿﮀﮁ
89:7 (Түркүктүү Ирамды) (эмне кылганынчы)
ﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈ
89:8 Ага окшогону эч бир өлкөдө жаратылбаган эле
ﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
89:9 Жана өрөөндө (үй куруу үчүн) аска зоолорду ойгон Самуд коомун (Раббиң эмне кылганын көрбөдүңбү)
ﮏﮐﮑﮒ
89:10 Кубаттуу аскерлердин ээси Фираунду (кандай жазалаганын көрбөдүңбү)
ﮓﮔﮕﮖﮗ
89:11 Алар (ар кайсы) өлкөлөрдө чектен чыгып кетишкен
ﮘﮙﮚﮛ
89:12 жана бузукулукту көбөйтүшкөн болчу
ﮜﮝﮞﮟﮠﮡ
89:13 Раббиң алардын башына ар түрдүү азаптарды жаадырды
ﮢﮣﮤﮥ
89:14 Чынында, Раббиң көзөмөлдөп туруучу
ﮦﮧﮨﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
89:15 Раббиси инсанды (байлык менен) сынап, ага жоомарттык көргөзсө жана нээмат берсе “Раббим мени урматтады” дейт
ﯓﯔﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
89:16 Ал эми, аны (кембагалдык менен) сынап, ырыскысын ченеп берсе, “Раббим мени кордоду” дейт
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤ
89:17 Жок! Силер жетимди ызааттабайсыңар
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
89:18 Кедейди тамактандырууга (бири-бириңерди) үгүттөбөйсүңөр
ﯫﯬﯭﯮﯯ
89:19 Жана (жетимге тиешелүү) мурасты суктук менен жейсиңер
ﯰﯱﯲﯳﯴ
89:20 Жана мал-дүйнөнү жан-дилиңер менен сүйөсүңөр
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼ
89:21 Жок! Качан (Кыямат башталып) жер катуу титирегенде
ﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
89:22 жана Раббиң менен периштелер сап-сап болуп келгенде
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
89:23 Ошол күнү тозок жакын алып келингенде, дал ошол күнү гана (каапыр) инсан (бул дүйнөдөгү каталарын) эстейт. Бирок, эми (бул) эстөө ага пайда берсе кана
ﭜﭝﭞﭟﭠ
89:24 (Ошондо ал) “Кана эми, (Акыреттеги) жашоомо (кандайдыр сооп) алып келген болсом!” дейт
ﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
89:25 Ал күнү Аллаһ азаптагандай эч ким азаптай албайт
ﭧﭨﭩﭪﭫ
89:26 Аллаһ байлагандай эч ким байлай албайт
ﭬﭭﭮﭯ
89:27 О,тынч- бейпил жан
ﭰﭱﭲﭳﭴﭵ
89:28 (Менден) ыраазы болгон жана (Мени) ыраазы кылган абалда Раббиңе кайткын
ﭶﭷﭸﭹ
89:29 Менин (жакшы) пенделериме кошулгун
ﭺﭻﭼ
89:30 жана Менин Бейишиме киргин

Ыйык Куран


Wednesday, September 9, 2026

Don't forget us in your sincere prayers