Ат-Тур сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Ат-Тур сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Ат-Тур сүрөсү Котормо. Ат-Тур сүрөсү (Meccan) 49 Аят.
Related
- Ат-Тур сүрөсү КотормоКыргызча
- Ат-Тур сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Ат-Тур сүрөсү

ﮞﮟ
52:1
Тур? тоосуна ант
ﮠﮡﮢ
52:2
Жана жазылган Китепке? ант
ﮣﮤﮥﮦ
52:3
Анык-ачык сахипанын (барактын) жүзүнө
ﮧﮨﮩ
52:4
Жана Абад Үйгө* ант
ﮪﮫﮬ
52:5
Жана бийик тамга (асманга) ант
ﮭﮮﮯ
52:6
Жаңы толуп-ташкан деңизге ант
ﮰﮱﯓﯔﯕ
52:7
(О,Мухаммад) Раббиңдин азабы, албетте болуучу
ﯖﯗﯘﯙﯚ
52:8
Аны (эч бир) кайтаруучу жок
ﯛﯜﯝﯞﯟ
52:9
Ал Күндө (Кыяматта) асман катуу титирейт
ﯠﯡﯢﯣ
52:10
Жана тоолор (мейкиндикте учуп) жүрөт
ﯤﯥﯦﯧ
52:11
Ал күнү жалганчыларга өлүм болсун
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭ
52:12
Алар (өз жалгандарында) чумкуп ойногон эле
ﯮﯯﯰﯱﯲﯳﯴ
52:13
Ал күнү алар тозок отуна түртүп киргизилет (анан аларга айтылат)
ﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
52:14
«Силер жалганга чыгарган тозок — ушул
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
52:15
Эмне, бул сыйкыр бекен! Же силер көрбөй жатасыңарбы
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥ
52:16
Ага киргиле! Чыдайсыңарбы, чыдабайсыңарбы, силерге баары бир! Силер, аныгында жасаган ишиңердин гана жазасын аласыңар!»
ﭦﭧﭨﭩﭪﭫ
52:17
Ал эми, (Раббисинен) корккон кишилер Бейиштердин жана нээматтардын ичинде
ﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳﭴ
52:18
Раббилери берген нээматтардан жыргаган абалда. Жана аларды Раббилери тозок азабынан сактайт
ﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
52:19
(Аларга) «(Сооптуу) иш кылганыңар үчүн (каалаган нерсеңерден) жегиле жана ичкиле, аш болсун!» (деп айтылат)
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃﮄ
52:20
(Алар бейиштеги дарыялардын жээгинде) катар тизилген сөрүлөрдүн! үстүндө жамбаштап жатышат. Биз аларды бакыраң көз «үр» кыздарга үйлөнтүп койобуз
ﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘﮙ
52:21
Ал эми, ыйман келтирип, урпактары дагы (аларды) ыйман менен ээрчиген адамдарга (Бейиште) урпактарын кошобуз. Бирок, алардын (бабалардын) амалдарынан эч нерсе кемитилбейт. Ар бир адам өз ишинин туткуну
ﮚﮛﮜﮝﮞﮟ
52:22
Жана Биз аларды (ар түрдүү) мөмөлөр ошондой эле, каалагандай куш эттери менен ырахаттандырабыз
ﮠﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨ
52:23
Алар анда (Бейиште шарап толтурулган) чөйчөктөрдү бири-бирине сунушат. Ал шарапта(н) алжыгандык да болбойт, күнөө иштер да болбойт
ﮩﮪﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱ
52:24
Аларды(н кызматында седептин ичине) катылган бермет сыяктуу жаш (сулуу) жигиттер айланчыктап турушат
ﯓﯔﯕﯖﯗﯘ
52:25
Жана (Бейиштегилер) бири-бирине бет маңдай (отуруп) суроо-жооп менен кайрылышты
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠ
52:26
(Жана мындай) дешти: «Биз илгери (дүйнөдөгү жашообузда) өз элибиздин арасында (Аллаһ Тааладан) коркуучулар элек
ﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧ
52:27
Анан бизге Аллаһ (Ислам менен) жакшылык кылды. Жана бизди тозок азабынан сактап калды
ﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲ
52:28
Биз мурда ага (ыклас) дуба кылчу элек. Чынында ал жакшылык кылуучу, Ырайымдуу
ﯳﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻ
52:29
(О, Мухаммад! Үммөтүңө) эскерткин! Сен Раббиңдин нээматы себептүү бакшы (көзү ачык) да эмессиң, жинди да эмессиң
ﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
52:30
Же болбосо, алар (мушриктер: «Бул) акын. Анын өлүмүн күтө туралы»- дешеби
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
52:31
Айткын: «Күтө бергиле. Мен да силерге кошулуп (Аллаһ силерге азаб берүүсүн) күтөмүн»
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
52:32
Же болбосо алардын «акылдары» ушуга (Куранды жалганга чыгарууга) буюрабы?! Же алар чектен чыккан элби
ﭛﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
52:33
Же болбосо, «(Мухаммад) аны (Кураанды) оюнан чыгарып сүйлөгөн»-дешеби? Жок! Алар ыйман келтиришпейт
ﭣﭤﭥﭦﭧﭨﭩ
52:34
Эгер («Кураанды инсан ойлоп чыгарган» деген сөздөрүндө) чынчыл болушса, ага окшогон бир гана сөз алып келишсин
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
52:35
Же болбосо, алар эч нерсесиз (жаратуучусу жок эле) жаралып калышканбы? Же өздөрү жаратуучубу
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺﭻ
52:36
Же болбосо, асмандар менен жерди алар жаратышты беле? Жок! Алар ишенбейт
ﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
52:37
Же болбосо, Раббиңдин казына-мүлкү алардын колундабы? Же алар (ошол казына-мүлккө) кожоюнбу
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋﮌﮍﮎ
52:38
Же болбосо, алардын колунда аны менен (асмандагы кайып кабарларды) уга турган шатысы барбы? (Эгер бар болсо) анык далил менен, уккан кишисин алып келишсин
ﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
52:39
Же болбосо, Ага (Аллаһ Таалага) кыз перзенттер, өздөрүнө уул перзенттерби
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
52:40
Же болбосо, Сен алардан (дин үйрөткөнүң үчүн) акы сурап жатасыңбы? (Анан) Алар (ошол акыны) төлөөдөн кыйналып калышканбы
ﮝﮞﮟﮠﮡﮢ
52:41
Же болбосо, алардын алдында кайып (илими) бар бекен жана алар аны жазып алышыптырбы
ﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪﮫ
52:42
Же болбосо, алар (сага каршы бир) амалкөйлүк ойлоп жатышкандыр! Каапырлардын амалдары өздөрүнө зыян болуп кайтат
ﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗ
52:43
Же болбосо, алардын Аллаһтан башка кудайлары барбы? (Жок!) Аллаһ алар кошкон ширктен Таза
ﯘﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟﯠﯡ
52:44
Эгер алар асмандан (өздөрүнүн башына) түшүп келе жаткан (балээнин) бир бөлүгүн көрсө да, (анын балээ экенин ойлоп да койбостон) «бул түрмөктөлгөн булут» дешет
ﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩ
52:45
(О, Мухаммад!) Сен аларды кыйрап калчу күндөрүнө (Кыяматка) жолукканга чейин жөн кой
ﯪﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱﯲﯳ
52:46
Ал күнү аларга айлакерликтери пайда бербейт жана аларга жардам да берилбейт
ﯴﯵﯶﯷﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾ
52:47
Жана заалым (каапыр) болгон адамдарга мындан (тозоктон) башка азаптар! да бар. Бирок алардын көпчүлүгү (муну) билишпейт
ﯿﰀﰁﰂﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊ
52:48
Эми, Раббиңдин өкүмүнө сабыр кыл! Сен Биздин көз алдыбыздасың. Жана (беш убак намазга) турганда, Раббиңе мактоо жана тасбих айт
ﰋﰌﰍﰎﰏﰐ
52:49
Түндүн (бир бөлүгүндө) жана да жылдыздар кеткен (таң) мезгилинде дагы Ага тасбих айт
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







