Аз-Зарият сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аз-Зарият сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аз-Зарият сүрөсү Котормо. Аз-Зарият сүрөсү (Meccan) 60 Аят.
Related
- Аз-Зарият сүрөсү КотормоКыргызча
- Аз-Зарият сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аз-Зарият сүрөсү

ﯤﯥﯦ
51:1
(Топуракты) тозгута желген шамалдарга ант
ﯧﯨﯩ
51:2
Көп сууга (жамгырга) кош бойлуу болгон булуттарга ант
ﯪﯫﯬ
51:3
Жеңил сызып жүрүүчүлөргө (кемелерге) ант
ﯭﯮﯯ
51:4
(Аллаһтын тапшырмасы менен ааламдык) иштерди бөлүштүрүүчү периштелерге ант
ﯰﯱﯲﯳ
51:5
(О, пенделер!) Силерге убада кылынган нерсе? — бул чындык
ﯴﯵﯶﯷ
51:6
Жана Кыямат сөзсүз болуучу
ﭑﭒﭓﭔ
51:7
Кооз-көркөм асманга ант
ﭕﭖﭗﭘﭙ
51:8
(Эй, мушриктер) силердин айткан-дегениңер аныгында туруксуз (сөздөр)
ﭚﭛﭜﭝﭞ
51:9
Андан (Кураандан) бурулган адам(ды чындыктан) буруп коюлат
ﭟﭠﭡ
51:10
Жалганчыларга өлүм
ﭢﭣﭤﭥﭦﭧ
51:11
Алар наадандык толкундарында адашкандар
ﭨﭩﭪﭫﭬ
51:12
(Сени сынап, жалганчыга чыгаруу үчүн): «Кыямат Күн качан?»-деп сурашат
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
51:13
Ал Күнү тозокто азап тартышат
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹﭺ
51:14
(Анан аларга) «Азабыңарды тарткыла! Силер («качан-качан» деп) шаштырган күнүңөр — ушул» (деп айтылат)
ﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
51:15
(Ал эми) такыба кишилер Бейиштерде, булактарда
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
51:16
Раббиси берген сыйлыктарды алышып. (Себеби), алар буга чейин (дүйнө жашоосунда) жакшылык (сооп иш) кылуучу болушкан
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒ
51:17
Алар түндөсү бир аз эле укташкан
ﮓﮔﮕﮖ
51:18
Таң мезгилдеринде (намаз окушуп, Раббисинен) кечирим сурашкан
ﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
51:19
Алардын (адал эмгек менен тапкан) мал-дүйнөсүндө, тилемчилердин жана муктаждардын? акысы болгон
ﮝﮞﮟﮠﮡ
51:20
Жерде (андагы жандуу-жансыз макулуктарда) терең ишенген кишилерге (Аллаһтын Кудуретине) белгилер бар
ﮢﮣﮤﮥﮦﮧ
51:21
Силердин өзүңөрдө да (белгилер бар). Карабайсыңарбы
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
51:22
Асманда силердин ырыскыңар! жана силерге убада кылынган нерселер бар
ﮮﮯﮰﮱﯓﯔﯕﯖﯗﯘ
51:23
Асман жана жердин Раббисине ант, (о, инсандар) албетте ал (Аллаһтын Лавхул-Махфуздагы убадасы) силердин сүйлөп жатканыңар сыяктуу эле Акыйкат
ﯙﯚﯛﯜﯝﯞﯟ
51:24
(О, Мухаммад!) сага Ибрахимдин урматтуу конокторунун кабары келди беле
ﯠﯡﯢﯣﯤﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
51:25
Бир кезде алар (адам түспөлүндөгү эки периште) ага кирип «Салам» дешти. Ал дагы «салам (эй) бейтааныш кишилер» деди
ﯫﯬﯭﯮﯯﯰﯱ
51:26
Анан, сездирбей гана үй-бүлөсүнө барып, семиз музоону(н бышкан этин) алып келди
ﯲﯳﯴﯵﯶﯷ
51:27
Аны аларга жакын коюп «Эмнеге жебейсиңер?» деди
ﯸﯹﯺﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂﰃ
51:28
Андан соң алардан кооптоно түштү. «Сен коркпогун»-дешти алар жана ага (келечекте) аалым (боло турган) перзенттин куш кабарын беришти
ﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌﰍ
51:29
Анын (Ибрахимдин) аялы (таңыркап) кыйкырган бойдон, бетине шапаттап, айтты: «Мен туубас кемпирмин го?!»
ﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗ
51:30
«Раббиң ушундай деди. Ал Бир Өзү гана Даанышман, Билүүчү» -дешти (периштелер)
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗ
51:31
«О, элчилер, эмне жумуш менен?» деди. (Ибрахим)
ﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
51:32
(Периштелер) айтты: «Биз күнөөкөр коомго (Лут коомуна) жиберилдик
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤ
51:33
Алардын үстүнө чопо-таштарды жаадырыш үчүн
ﭥﭦﭧﭨﭩ
51:34
Ал ысырапчылар үчүн Раббиңдин алдында (ар бирине тие турган ташка ысымдары) белгиленип коюлган
ﭪﭫﭬﭭﭮﭯﭰ
51:35
Биз ыймандууларды (шаардан) чыгардык
ﭱﭲﭳﭴﭵﭶﭷﭸ
51:36
Ал жерде бир гана (Лутка тиешелүү) үйдөн! башка мусулмандарды таппадык
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀ
51:37
Жана биз ал жерде катуу азаптан корко турган элдер үчүн (апааттын) белгилер(ин) калтырдык
ﮁﮂﮃﮄﮅﮆﮇﮈﮉ
51:38
Муса(нын окуясын)да дагы (азаптан корко турган элдер үчүн) белгилер бар. Бир кезде Биз аны Фираунга анык далил (дин) менен жибердик эле
ﮊﮋﮌﮍﮎﮏﮐ
51:39
(Фираун) далысын салып, тескери карады жана: «(Муса) сыйкырчы жана жинди»-деди
ﮑﮒﮓﮔﮕﮖﮗﮘ
51:40
Биз аны жана аскерлерин (азап менен) кармап, толкундардын арасына ыргыттык. Ал айыпталган (күнөөкөр) болчу
ﮙﮚﮛﮜﮝﮞﮟﮠ
51:41
Жана Аад (окуясын)да (сабак) бар: бир кезде Биз аларга кысыр? шамалды жибердик
ﮡﮢﮣﮤﮥﮦﮧﮨﮩﮪ
51:42
Ал эмнеге тийген болсо, баарын чириген сөөк сыяктуу кылып койду
ﮫﮬﮭﮮﮯﮰﮱﯓﯔ
51:43
Жана Самуд (элинин окуясын) да (белги) бар. Бир кезде аларга: «Убактысы келгенге чейин (үч күн дүйнө жыргалынан) пайдаланып калгыла» деп айтылды
ﯕﯖﯗﯘﯙﯚﯛﯜﯝ
51:44
Алар Аллаһтын буйругуна каршы чыгышты. Анан (капыстан) аларды, карап турган абалдарында ач айкырык кармады!”
ﯞﯟﯠﯡﯢﯣﯤﯥ
51:45
(Жаткан, олтурган орундарынан) турганга да үлгүрбөй (кыйрап) калышты! Алар жардам берилгендерден болушпады
ﯦﯧﯨﯩﯪﯫﯬﯭﯮﯯ
51:46
Биз андан мурун Нух(тун каапыр) коомун да (кыйраткан элек). Алар бузуку коом болгон
ﯰﯱﯲﯳﯴﯵ
51:47
Биз асманды Күч-Кудурет менен курдук жана Биз аны кеңейтүүчүбүз
ﯶﯷﯸﯹﯺ
51:48
Жерди болсо (төшөк кылып) жазып (жашоого даярдап) койдук. Биз эң жакшы даярдоочубуз
ﯻﯼﯽﯾﯿﰀﰁﰂ
51:49
Жана Биз ар бир нерсени жубу менен жараттык. Кана эми, эскерсеңер
ﰃﰄﰅﰆﰇﰈﰉﰊﰋﰌ
51:50
(Бардык күнөөдөн) Аллаһка гана качкыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эскертүүчүмүн
ﰍﰎﰏﰐﰑﰒﰓﰔﰕﰖﰗﰘﰙ
51:51
Аллаһ менен бирге (өзүңөргө) башка кудай тутпагыла! Мен силерге Андан (жиберилген) анык эстетүүчүмүн
ﭑﭒﭓﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚﭛﭜﭝﭞ
51:52
Ошентип, алардан (Макка мушриктеринен) мурунку элдерге да (качан) бир пайгамбар келсе, «сыйкырчы» же болбосо «жинди» дешкен
ﭟﭠﭡﭢﭣﭤﭥﭦ
51:53
Алар бири-бирине («пайгамбарды укпагыла» деп) осуят калтырышты беле? Жок! (Андай эмес. Болгону) алар(дын бардыгы Аллаһка) каршы чыккан элдер
ﭧﭨﭩﭪﭫﭬ
51:54
(О, Мухаммад), сен алардан жүзүңдү бур! (Алардын күнөөгө батканы үчүн) сен айыптуу эмессиң
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲ
51:55
Ал эми, (ыймандууларга Раббисин) эстет! Чынында, эскертүү ыймандууларга пайда берет
ﭳﭴﭵﭶﭷﭸﭹ
51:56
Мен жин жана инсанды Бир Өзүмө ибадат кылуулары үчүн гана жараттым
ﭺﭻﭼﭽﭾﭿﮀﮁﮂﮃ
51:57
Мен алардан ырыскы сурабаймын. Мени тамактандырууларын да сурабаймын.”
ﮄﮅﮆﮇﮈﮉﮊﮋ
51:58
Чынында, Аллаһ бекем кубат Ээси болгон Ырыскы Берүүчү
ﮌﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔﮕ
51:59
Эми, зулум кылган адамдарга болсо, өздөрүнүн (мурунку замандардагы) шериктеринин азабына окшош (түбөлүк) азап бар. (Ал азапты) шаштырбай турушсун
ﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜﮝ
51:60
Каапыр адамдар үчүн аларга убада кылынган күндө (Кыяматта) өлүм болсун
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







