Qul mai yarzuqukum minas samaawaati wal ardi qulil laahu wa innaaa aw iyyaakum la`alaa hudan aw fee dalaalim mubeen
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
Айт, (о, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» «Аллаһ!» деп айт. (О, Мушриктер!) Чынында, же биз, же силер (гана) Туура Жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
Скажи: "Кто доставляет вам потребное с небес и из земли?" Скажи: "Аллах! И, несомненно, мы иль вы - (одни из нас) - Стоят на праведной стезе Другие же в глубоком заблужденье пребывают".
Оо, пайгамбар, мушриктерге айт: «Асмандан жаан жаадырып, жерден өсүмдүктөрдү, жемиштерди жана пайдалуу байлыктарды чыгарып, силерге ким ырыскы берет?» Алар муну Аллах берет деп моюнга алууга аргасыз. Эгер алар моюнга албаса, сен айт: «Силерге ырыскы берүүчү — Аллах». Ошондой эле айт: «Биз жана силер — эки тараптын бири туура жолдо, экинчиси ачык-айкын адашууда. Биздин арабызда бирдейлик жок. Биз Аллахты жалгыз деп билүүчүлөрбүз, силер болсо Аллахка шерик кошуучуларсыңар. Туура жолдо болгондор — ыймандуулар, адашууда болгондор — мушриктер». Бул жерде ачык айтылбаганы — адеп үчүн, ошондой эле адамдарды ыйманга жакындатуу үчүн. Бул — эң жогорку адилеттик.
Бул аяттан алынуучу пайдалар:
Аллах — асман менен жердин бардык ырыскысынын булагы. Ал жаан жаадырып, жерден түрдүү жемиштерди жана байлыктарды чыгарат.
Ырыскынын кимден келгенин ойлонуу адамды Аллахты таанууга жеткирет.
Ыймандуу адам туура жолдо экенине ишенет, ал эми адашуу ачык-айкын болот.
Ислам — адилеттик жана чындык дини. Ал адамдарды акыл менен ойлонууга, чындыкты издөөгө чакырат.
Аллахка жалгыз сыйынуу — бакыттын жана туура жолдун негизи. Бул аят адамды ыйманга, Аллахты таанууга жана жакшылыкка үндөйт.
Айт, (о, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» «Аллаһ!» деп айт. (О, Мушриктер!) Чынында, же биз, же силер (гана) Туура Жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
(О, Мухаммад! Мушриктерге) айткын: «Аллаһтан башка өзүңөр (кудай деп) ойлогон нерселерге дуба кылгылачы?! (Жок!) алар асмандардагы жана жердеги кыпындай нерсеге да кожоюн эмес! Алар үчүн асмандар менен жерде (кыпындай) шериктик да жок жардамчылык да жок! (Бардыгын жалгыз Аллаһтын Өзү жараткан)
Анын (Аллаһтын) алдында шапаат пайда бербейт. Бир гана Аллаһ уруксат берген адамдарга гана (пайда берет). Качан гана алардын (мушриктердин) жүрөктөрүнөн коркунуч (бир аз) кетип, (өздөрүнө келгенде): «Раббиңер эмне деди?»-дешет. «Акыйкатты (айтты)»- дешет алар.! Жана Ал - эң Жогору, Улук
Айт, (о, Мухаммад): «Ким силерге асмандардан жана жерден ырыскы берет?» «Аллаһ!» деп айт. (О, Мушриктер!) Чынында, же биз, же силер (гана) Туура Жолдун үстүндө (жана экөөбүздүн бирибиз гана) анык адашуучулукта!»
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.