Wa anzalnaa ilaikal Kitaaba bilhaqqi musaddiqallimaa baina yadaihi minal Kitaabi wa muhaiminan `alaihi fahkum bainahum bimaa anzalal laahu wa laa tattabi ahwaaa`ahum `ammaa jaaa`aka minal haqq; likullin ja`alnaa minkum shir`atanw wa minhaajaa; wa law shaaa`al laahu laja`alakum ummatanw waahidatanw wa laakil liyabluwakum fee maa aataakum fastabiqul khairaat; ilal laahi arji`ukum jamee`an fayunab bi`ukum bimaa kuntum feehi takhtalifoon
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н бардык абзелдиктерин) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллаһ түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык.! Эгер Аллаһ кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар — Аллаһка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
Мы Книгу в Истине тебе послали Для подтверждения того, Что прежде из Писания пришло, Для охранения его (от всяких искажений). Суди же между ними по тому, Что ниспослал тебе Аллах, Не следуй их страстям, Что в сторону от Истины идут, Когда она тебе уже предстала. Мы каждому из вас предначертали Устав (для жизни) и дорогу (к свету). И если бы желал Аллах, Он сделал бы вас всех одним народом, Но (волею Своей Он хочет) испытать вас (На верность в соблюдении того), что Он вам даровал. Стремитесь же опередить друг друга в сотворении благого. К Аллаху - возвращение вас всех, - Тогда Он ясно вам покажет Все то, в чем расходились вы!
مُهَيْمِنًا: көзөмөлдөөчү, күбө, ишенимдүү сактоочу.
شِرْعَةً: шарият, диний жол, өзүнчө буюрулган өкүмдөр.
مِنْهَاجًا: ачык жол, багыт, ыкма.
لِيَبْلُوَكُمْ: силерди сыноо үчүн.
فَاسْتَبِقُوا: жарышып, ашыгып кылгыла.
مَرْجِعُكُمْ: кайтып барар жериңер.
Түшүндүрмө:
Оо, Мухаммед пайгамбар, Биз сага Куранды акыйкат менен түшүрдүк. Ал өзүнөн мурун түшкөн китептерди ырастайт жана алардын тууралыгын күбөлөп, аларга көзөмөлдөөчү болуп турат. Андыктан адамдардын ортосунда Аллах түшүргөн өкүм менен өкүм кыл, алардын каалоо-тилектерине ээрчип, сага келген акыйкаттан тайган жок бол. Ар бир үммөткө өзүнчө шарият жана ачык жол бердик. Эгер Аллах кааласа, баарыңарды бир үммөт кылып коймок, бирок Ал силерге берген нерселерде силерди сынаш үчүн ушундай кылды. Ошондуктан жакшылыктарга жарышып ашыккыла. Баарыңардын кайтуучу жериңер Аллахка гана. Ошондо Ал силерге талашып-тартышкан нерселериңер жөнүндө кабар берет.
Пайдалар:
Курандын акыйкат экени жана мурунку китептерди ырастоочу экени айкындалат.
Ар бир үммөткө өзүнчө шарият берилгени, бирок негизги максат – Аллахка моюн сунуу экени түшүнүктүү.
Жакшылыктарга жарышуу, аракет кылуу жана Аллахтын сыноосуна даяр болуу керектиги үйрөтүлөт.
Баарыбыздын акыры Аллахка кайтарылаары жана Аллах адилет өкүм кылаары эскертилет.
Бул аят адамдарды ынтымакка, акыйкатты кармоого жана диндеги айырмачылыктарды сыйлоого чакырат.
(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н бардык абзелдиктерин) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллаһ түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык.! Эгер Аллаһ кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар — Аллаһка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет
Биз алардын (өткөн пайгамбарлардын) изинен, өзүнөн алдыңкы нерсени (Тооратты) тастыктаган Марямдын уулу Ыйсаны жиберип, ага, ичинде Нуру, Туура Жолу бар жана өзүнөн мурунку Тооратты тастыктоочу, такыбаа кишилер үчүн насаат жана Туура Жол болгон Инжилди бердик
Эми, Инжил эли анын ичиндеги Аллаһ түшүргөн нерселер менен өкүм кылышсын! Кимде-ким Аллаһ түшүргөн нерсе менен өкүм кылбаса, ошолор гана анык бузукулар
(О, Мухаммад!) Биз сага да, өзүнөн мурдакы китептерди тастыктоочу жана аларды(н бардык абзелдиктерин) ичине камтыган китепти Акыйкат менен түшүрдүк. Эми, алардын (мусулмандардын) арасында Аллаһ түшүргөн Китеп менен өкүм кыл! Өзүңө келген акыйкаттан (жүз буруп) алардын каалоолоруна ээрчип кетпе! (О, адамдар!) Биз силердин бардыгыңар үчүн өз алдынча шарияттар жана жол-жоруктар кылдык.! Эгер Аллаһ кааласа, бардыгыңарды бир гана (динге моюн сунган) үммөт кылып коймок. Бирок, силерге берген нерседе (диний парыздарда) силерди сынаш үчүн (андай кылбады). Эми, жакшылык иштерди бири-бириңер менен жарышып жасагыла. Бардыгыңардын кайтууңар — Аллаһка. Кийин (Кыяматта) Ал силерге (амалыңардагы) өзгөчөлөнгөн нерсеңердин кабарын берет
Алардын (яхудийлердин) арасында Аллаһ түшүргөн нерсе (Кураан, Сүннөт) менен өкүм кыл! Алардын каалоо-кызыкчылыгына ээрчибе! Аллаһ сага түшүргөн нерселердин кээ бирлеринен сени (өз каалоолоруна) буруп коюууларынан сак бол! Эгер (сенин өкүмүңдөн) жүз бурушса, билгин, Аллаһ аларга кээ бир айып-күнөөлөрү себептүү кайгы жеткирүүнү каалайт. Чынында, адамдардан көпчүлүгү (шариятка моюн сунбаган) бузукулар
Алар (сенин өкүмүңө ыразы болбой) жаахилий (исламдан башка) өкүмдөрдү каалашат бекен?! Акылы тунук элдер үчүн ким Аллаһтан жакшыраак өкүм түзүп бере алат
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.