Аль-Джинн · 5/28
Котормо Транслитерация — Аль-Джинн сүрөсү
وَأَنَّا ظَنَنَّا أَن لَّن تَقُولَ الْإِنسُ وَالْجِنُّ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا ۝٥
Wa annaa zanannaaa al lan taqoolal insu wal jinnu `alal laahi kazibaa
📖 Кыргызча
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз

M Mishary Rashid Alafasy ✓
M Mahmoud Khalil Al-Husary ✓
A Abdurrahman As-Sudais ✓
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi ✓
A Abdul Basit Abdul Samad ✓
A Ali Al-Hudhaify ✓
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy ✓
A Abu Bakr Ash-Shaatree ✓
M Muhammad Ayyoub ✓
A Abdullah Basfar ✓
A Abdullah Al-Juhani ✓
M Maher Al Muaiqly ✓
0:00
0:00
📜

Котормо — Tafsir

  1. Сөздөрдүн мааниси:
  • ظَنَنَّا: биз ойлодук, биз эсептедик.
  • لَن تَقُولَ: эч качан айтпайт, айтуу мүмкүн эмес.
  • كَذِبًا: жалган, ойдон чыгарылган сөз.
  1. Аяттын түшүндүрмөсү:

Жиндердин бир тобу өздөрүнүн окуясын айтып жатып: «Биз мурун адамдар да, жиндер да Аллах жөнүндө жалган айтпайт деп ойлочубуз. Аллахтын жубайы же баласы бар деген сөздөрдү эч ким айта албайт деп эсептечүбүз. Ошондуктан мушриктердин Аллахка жубай жана бала таңуу жөнүндөгү сөздөрүн чындык деп кабыл алып, аларга ээрчип кеттик. Эми Куранды угуп, акыйкатты билгенден кийин, алардын сөздөрү анык жалган экенин түшүндүк», — дешти. Бул аят жиндердин да, адамдардын да Аллах жөнүндө жалган сүйлөөгө батынгандыгын жана буга чейин жиндер адамдардын жалган сөздөрүнө ишенип келгендигин баяндайт.

  1. Аяттан алынуучу пайдалар:
  • Куранды окуп, үйрөнүү аркылуу адам туура жолду таап, мурунку жаңылыш ишенимдерин таштай алат.
  • Эч кимге сокур ээрчүү туура эмес; ар бир сөздүн чындыгын текшерүү керек.
  • Аллах жөнүндө жалган сүйлөө чоң күнөө экенин билүү.
  • Куран адамды жана жинди түз жолго салуучу, адашуудан куткаруучу китеп экенин түшүнүү.
  • Ислам дини акыйкатты, чындыкты үйрөтүп, жалгандан алыстатат.


📜 Аят 3-7 — Аль-Джинн сүрөсү

3وَأَنَّهُ تَعَالَىٰ جَدُّ رَبِّنَا مَا اتَّخَذَ صَاحِبَةً وَلَا وَلَدًا
Чынында Раббибиздин кудурети бийик (жана) Ал (Өзүнө) аял да, перзент да туткан эмес
4وَأَنَّهُ كَانَ يَقُولُ سَفِيهُنَا عَلَى اللَّهِ شَطَطًا
Чынында, биздин акмактарыбыз Аллаһ жөнүндө акылга сыйбаган (жалган) сөздөрдү айтышат
5وَأَنَّا ظَنَنَّا أَن لَّن تَقُولَ الْإِنسُ وَالْجِنُّ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا
Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган сөздөрдү эч качан доомат кылбайт деп ойлочубуз
6وَأَنَّهُ كَانَ رِجَالٌ مِّنَ الْإِنسِ يَعُوذُونَ بِرِجَالٍ مِّنَ الْجِنِّ فَزَادُوهُمْ رَهَقًا
Көрсө, инсандардан кээ бир адамдар кээ бир жиндерден коргоо сурашат экен. Натыйжада алар (жиндер) алардын коркуусун (дагы да) көбөйтүп коюшат
7وَأَنَّهُمْ ظَنُّوا كَمَا ظَنَنتُمْ أَن لَّن يَبْعَثَ اللَّهُ أَحَدًا
Алар (жиндердин арасындагы каапырлар) дагы силер(дин араңардагы каапырлар) күмөн кылгандай Аллаһ эч кимди эч качан кайра тирилтире албайт деп ойлошот
Аль-ДжиннКуран тизмеси
28Аят
MeccanRevelation
5Аят

Котормо — Аль-Джинн 5

Аль-Джинн сүрөсү Аят 5 - Окуу, Укта, Котормо, Кыргызча : Биз болсо, инсандар менен жиндер Аллаһка (Анын улуулугуна жарашпаган) жалган…

Сүрөсү Аят 5/28 — Аль-Джинн сүрөсү الجن (Meccan). Окуу Укта Котормо (Кыргызча). Укта: Аль-Джинн сүрөсү Укта, Аль-Джинн сүрөсү Котормо, Аль-Джинн сүрөсү mp3, Аль-Джинн сүрөсү pdf. Аят 3–7. Кыргызча: Русский.





Ыйык Куран


Monday, September 28, 2026

Don't forget us in your sincere prayers