Аль-Лейль сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Лейль сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Лейль сүрөсү Котормо. Аль-Лейль сүрөсү (Meccan) 21 Аят.
Related
- Аль-Лейль сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Лейль сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Лейль сүрөсү

ﮡﮢﮣﮤ
92:1
(Ааламдарды караңгылыгы менен) каптаган түнгө ант
ﮥﮦﮧﮨ
92:2
(Жарыгы менен) көрүнгөн күндүзгө ант
ﮩﮪﮫﮬﮭ
92:3
Жана эркек менен ургаачыны жараткан Затка ант
ﮮﮯﮰﮱ
92:4
Албетте (о, инсандар) силердин аракетиңер ар кандай
ﯓﯔﯕﯖﯗ
92:5
Ким (садака) берсе жана такыба кылса
ﯘﯙﯚ
92:6
жана жакшылыкты (Исламды) тастыктаса —
ﯛﯜﯝ
92:7
Биз ага жакшылыкты (бактылуу жашоону) жеңил кылабыз
ﯞﯟﯠﯡﯢ
92:8
Ал эми, ким (байлыгын Аллаһ жолуна сарп кылуудан) сараңдык кылса жана (Аллаһ бере турган соопту) “керек эмес” десе
ﯣﯤﯥ
92:9
Жана ыйманды жалган десе
ﭑﭒﭓ
92:10
Биз ага түйшүктүү жолго түшүүнү жеңил кылабыз
ﭔﭕﭖﭗﭘﭙﭚ
92:11
(Тозокко) оңкосунан сайылган убакта (кызганган) мал-мүлкү ага пайда бербей калат
ﭛﭜﭝﭞ
92:12
Албетте, (адамдарды) Туура Жолго баштоо Бизге гана таандык иш
ﭟﭠﭡﭢﭣ
92:13
Аныгында, Акырет (жашоосу) да, Дүйнө (жашоосу) да Биздин ыктыярыбызда
ﭤﭥﭦﭧ
92:14
Мен силерди алоолонгон оттон эскерттим
ﭨﭩﭪﭫﭬ
92:15
Ал отко шору каткан адам гана кирет
ﭭﭮﭯﭰ
92:16
Ал (Исламды) жалган деп (чындыктан) жүз бурган
ﭱﭲﭳ
92:17
Андан (тозоктон) такыбаа киши ыраак болот
ﭴﭵﭶﭷﭸ
92:18
Ал мал-мүлкүн (Аллаһ жолунда) берип, (өзүн сараңдыктан) тазалаган киши
ﭹﭺﭻﭼﭽﭾﭿ
92:19
Ал адамда эч ким үчүн (ордуна) сыйлык кайтарыла турган жакшылык жок
ﮀﮁﮂﮃﮄﮅ
92:20
(Анын бардык жакшылыктары) эң жогорку Раббисинин ыраазычылыгы үчүн гана (жасалат)
ﮆﮇﮈ
92:21
Жакында (Аллаһ аны чоң сыйлык менен сыйлайт. Ошондо ал дагы Раббисинен) ыраазы болот
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







