Аш-Шамс сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аш-Шамс сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аш-Шамс сүрөсү Котормо. Аш-Шамс сүрөсү (Meccan) 15 Аят.
Related
- Аш-Шамс сүрөсү КотормоКыргызча
- Аш-Шамс сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аш-Шамс сүрөсү

ﭜﭝﭞ
91:1
Күн жана анын жарыгына ант
ﭟﭠﭡﭢ
91:2
Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант
ﭣﭤﭥﭦ
91:3
Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант
ﭧﭨﭩﭪ
91:4
Жана аны ороп кала турган түнгө ант
ﭫﭬﭭﭮ
91:5
Асманга жана аны (бекем) курганга? ант
ﭯﭰﭱﭲ
91:6
Жерге жана аны жайганга ант
ﭳﭴﭵﭶ
91:7
Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!°
ﭷﭸﭹﭺ
91:8
Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду
ﭻﭼﭽﭾﭿ
91:9
Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет
ﮀﮁﮂﮃﮄ
91:10
Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат
ﮅﮆﮇﮈ
91:11
Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды
ﮉﮊﮋﮌ
91:12
Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду
ﮍﮎﮏﮐﮑﮒﮓﮔ
91:13
Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди
ﮕﮖﮗﮘﮙﮚﮛﮜ
91:14
Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды
ﮝﮞﮟﮠ
91:15
Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







