Аль-Аляк сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Аляк сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (19 Аят — مكية). Аль-Аляк Укта, Аль-Аляк Котормо, Аль-Аляк mp3, Аль-Аляк pdf.

Аль-Аляк сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
اقْرَأْ بِاسْمِ رَبِّكَ الَّذِي خَلَقَ ۝١
📖 Котормо Аят 1
Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен
خَلَقَ الْإِنسَانَ مِنْ عَلَقٍ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Алинсанды уюган кандан жаратты
اقْرَأْ وَرَبُّكَ الْأَكْرَمُ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
Оку, сенин Раббиң эң улук Зат
الَّذِي عَلَّمَ بِالْقَلَمِ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү
عَلَّمَ الْإِنسَانَ مَا لَمْ يَعْلَمْ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди
كَلَّا إِنَّ الْإِنسَانَ لَيَطْغَىٰ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Жок! Чынында, инсан чектен ашат
أَن رَّآهُ اسْتَغْنَىٰ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
өзүн бай-беймуктаж көргөндө
إِنَّ إِلَىٰ رَبِّكَ الرُّجْعَىٰ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана
أَرَأَيْتَ الَّذِي يَنْهَىٰ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
عَبْدًا إِذَا صَلَّىٰ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
намаз окуган пендеге
أَرَأَيْتَ إِن كَانَ عَلَى الْهُدَىٰ ۝١١
📖 Котормо Аят 11
Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо
أَوْ أَمَرَ بِالتَّقْوَىٰ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса
أَرَأَيْتَ إِن كَذَّبَ وَتَوَلَّىٰ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
(О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе
أَلَمْ يَعْلَم بِأَنَّ اللَّهَ يَرَىٰ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын
كَلَّا لَئِن لَّمْ يَنتَهِ لَنَسْفَعًا بِالنَّاصِيَةِ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз
نَاصِيَةٍ كَاذِبَةٍ خَاطِئَةٍ ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан
فَلْيَدْعُ نَادِيَهُ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин
سَنَدْعُ الزَّبَانِيَةَ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз
كَلَّا لَا تُطِعْهُ وَاسْجُدْ وَاقْتَرِب ۩ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол
← 95 Аль-Аляк (96/114) 97 →
Окуу Аль-Аляк сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

96العلق Al-'Alaq 📚 19 Аят مكية

Аят-аят – Аль-Аляк сүрөсү — 19 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers