Аль-Аляк сүрөсү pdf — Жүктөө (Кыргызча)
Аль-Аляк сүрөсү pdf Кыргызча — Жүктөө Аль-Аляк сүрөсү Котормо. Аль-Аляк сүрөсү (Meccan) 19 Аят.
Related
- Аль-Аляк сүрөсү КотормоКыргызча
- Аль-Аляк сүрөсү mp3Укта
- Quran Index Кыргызча114
More Сүрөсү PDF
Аль-Аляк сүрөсү

ﮕﮖﮗﮘﮙﮚ
96:1
Оку, Жараткан Раббиңдин ысымы менен
ﮛﮜﮝﮞﮟ
96:2
Алинсанды уюган кандан жаратты
ﮠﮡﮢﮣ
96:3
Оку, сенин Раббиң эң улук Зат
ﮤﮥﮦﮧ
96:4
Ал инсанга калем менен (жазууну) үйрөттү
ﮨﮩﮪﮫﮬﮭ
96:5
Инсанга билбегенин (Кураанды жана башка илимдерди) билгизди
ﮮﮯﮰﮱﯓ
96:6
Жок! Чынында, инсан чектен ашат
ﯔﯕﯖﯗ
96:7
өзүн бай-беймуктаж көргөндө
ﯘﯙﯚﯛﯜ
96:8
Аныгында, кайтып баруу Раббиңе гана
ﯝﯞﯟﯠ
96:9
Көрдүңбү сен тыюу салган кишини
ﯡﯢﯣﯤ
96:10
намаз окуган пендеге
ﯥﯦﯧﯨﯩﯪ
96:11
Эмне деп ойлойсуң, эгер ал (намаз окуучу) түз жолдо болсо
ﯫﯬﯭﯮ
96:12
Же (адамдарды) такыбалыкка буюрса
ﭑﭒﭓﭔﭕ
96:13
(О, Мухаммад), эмне дейсиң, эгер ал (каапыр чындыкты) “жалган” десе жана жүз үйрүп кетсе
ﭖﭗﭘﭙﭚﭛ
96:14
Билбейби ал Аллаһ көрүп турганын
ﭜﭝﭞﭟﭠﭡﭢ
96:15
Жок! Эгер (каршылыгын) токтотпосо, Биз анын маңдайынан катуу чапчып алабыз
ﭣﭤﭥﭦ
96:16
Дал ошол жалганчы, күнөөкөр маңдайынан
ﭧﭨﭩ
96:17
Эми, ал өзүнүн (ишенген) адамдарын чакыра берсин
ﭪﭫﭬ
96:18
Биз дагы (“Забаания периштелери” деп аталган) тозок сакчыларын чакырабыз
ﭭﭮﭯﭰﭱﭲﭳ
96:19
Жок, сен ага! моюн сунба! (Раббиңе) сажда кыл жана (ушул сыяктуу саждалар жана башка ибадаттар менен Аллаһ Таалага) жакын бол
Ыйык Куран
Wednesday, September 9, 2026
Don't forget us in your sincere prayers







