Аш-Шамс сүрөсү арабча жана кыргызча

Аш-Шамс сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (15 Аят — مكية). Аш-Шамс Укта, Аш-Шамс Котормо, Аш-Шамс mp3, Аш-Шамс pdf.

Аш-Шамс сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
وَالشَّمْسِ وَضُحَاهَا ۝١
📖 Котормо Аят 1
Күн жана анын жарыгына ант
وَالْقَمَرِ إِذَا تَلَاهَا ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Анын (Күндүн) артынан келген Айга ант
وَالنَّهَارِ إِذَا جَلَّاهَا ۝٣
📖 Котормо Аят 3
Жана аны ашкере көргөзгөн күндүзгө ант
وَاللَّيْلِ إِذَا يَغْشَاهَا ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Жана аны ороп кала турган түнгө ант
وَالسَّمَاءِ وَمَا بَنَاهَا ۝٥
📖 Котормо Аят 5
Асманга жана аны (бекем) курганга? ант
وَالْأَرْضِ وَمَا طَحَاهَا ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Жерге жана аны жайганга ант
وَنَفْسٍ وَمَا سَوَّاهَا ۝٧
📖 Котормо Аят 7
Напсиге жана аны (түз жол үстүндө) жаратканга ант!°
فَأَلْهَمَهَا فُجُورَهَا وَتَقْوَاهَا ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Ал (Аллаһ) анын (напсинин) бузукулугуна да, такыбаалыгына да илхам берип койду
قَدْ أَفْلَحَ مَن زَكَّاهَا ۝٩
📖 Котормо Аят 9
Эми, ким напсисин (бузук кулк-мүнөздөн) тазалаган болсо, жеңишке (Бейишке) жетет
وَقَدْ خَابَ مَن دَسَّاهَا ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
Ким аны (күнөө менен) кордогон болсо, (Бейиштен) үмүтсүз калат
كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِطَغْوَاهَا ۝١١
📖 Котормо Аят 11
Самуд (коому) өзүнүн чектен чыгуусу менен (пайгамбары Салихти) жалганчыга чыгарды
إِذِ انبَعَثَ أَشْقَاهَا ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Бир кезде анын эң бактысыз адамы (пайгамбарга берилген моожиза-төөнү союш үчүн) козголду
فَقَالَ لَهُمْ رَسُولُ اللَّهِ نَاقَةَ اللَّهِ وَسُقْيَاهَا ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
Аларга Аллаһтын элчиси “Аллаһтын төөсүнө (жамандык кылуудан) жана анын суу ичүүсүнө (тоскоол болуудан абайлагыла. Эгер баш ийбесеңер, силерге Аллаһтын азабы келет!”) деди
فَكَذَّبُوهُ فَعَقَرُوهَا فَدَمْدَمَ عَلَيْهِمْ رَبُّهُم بِذَنبِهِمْ فَسَوَّاهَا ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Аны “жалганчы” дешти жана (төөнү) союп салышты. Натыйжада (ушул) күнөөлөрү себептүү Раббиси аларды ойрон кылды жана аны (азапты бардыгына) тең кылды
وَلَا يَخَافُ عُقْبَاهَا ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Ал (Аллаһ Таала) бул иштин акыбетинен коркпойт
← 90 Аш-Шамс (91/114) 92 →
Окуу Аш-Шамс сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

91الشمس Ash-Shams 📚 15 Аят مكية

Аят-аят – Аш-Шамс сүрөсү — 15 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers