Аль-Хиджр сүрөсү арабча жана кыргызча
Аль-Хиджр сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (99 Аят — مكية). Аль-Хиджр Укта, Аль-Хиджр Котормо, Аль-Хиджр mp3, Аль-Хиджр pdf.Аль-Хиджр сүрөсүн оку жана укта
🎧 Аят
M
Mishary Rashid Alafasy
✓
Mishary Rashid Alafasy
✓
M
Mahmoud Khalil Al-Husary
✓
Mahmoud Khalil Al-Husary
✓
A
Abdurrahman As-Sudais
✓
Abdurrahman As-Sudais
✓
M
Mohamed Siddiq Al-Minshawi
✓
Mohamed Siddiq Al-Minshawi
✓
A
Abdul Basit Abdul Samad
✓
Abdul Basit Abdul Samad
✓
A
Ali Al-Hudhaify
✓
Ali Al-Hudhaify
✓
A
Ahmed ibn Ali al-Ajamy
✓
Ahmed ibn Ali al-Ajamy
✓
A
Abu Bakr Ash-Shaatree
✓
Abu Bakr Ash-Shaatree
✓
M
Muhammad Ayyoub
✓
Muhammad Ayyoub
✓
A
Abdullah Basfar
✓
Abdullah Basfar
✓
A
Abdullah Al-Juhani
✓
Abdullah Al-Juhani
✓
M
Maher Al Muaiqly
✓
Maher Al Muaiqly
✓
—
x1
الر ۚ تِلْكَ آيَاتُ الْكِتَابِ وَقُرْآنٍ مُّبِينٍ ١
📖 Котормо
Аят 1
Алиф, Лам, Раа. Булар Китептин — Анык Кураандын аяттары
رُّبَمَا يَوَدُّ الَّذِينَ كَفَرُوا لَوْ كَانُوا مُسْلِمِينَ ٢
📖 Котормо
Аят 2
(Ошол кезде) Каапырлар мусулман болууну эңсеп калаары бышык.”
ذَرْهُمْ يَأْكُلُوا وَيَتَمَتَّعُوا وَيُلْهِهِمُ الْأَمَلُ ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ٣
📖 Котормо
Аят 3
(О, Мухаммад!) Аларды жөн кой, жеп-ичип, пайдаланып, («биз дүйнөдө түбөлүк калабыз» деген жалган) кыялдарына алданып жүрө беришсин. Кийин тез эле билип алышат
وَمَا أَهْلَكْنَا مِن قَرْيَةٍ إِلَّا وَلَهَا كِتَابٌ مَّعْلُومٌ ٤
📖 Котормо
Аят 4
Биз эч бир айыл(-шаардын элин) өзүнө белгиленген (тагдырдагы) жазмышщ(ы) келмейинче өлтүрбөдүк
مَّا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَأْخِرُونَ ٥
📖 Котормо
Аят 5
Эч бир эл (өзүнө жазылган) мөөнөтүнөн озуп да кетпейт, артта да калбайт
وَقَالُوا يَا أَيُّهَا الَّذِي نُزِّلَ عَلَيْهِ الذِّكْرُ إِنَّكَ لَمَجْنُونٌ ٦
📖 Котормо
Аят 6
(Мушриктер Мухаммадга): “О, Зикир (Кураан) түшүрүлгөн адам, сен — жиндисиң
لَّوْ مَا تَأْتِينَا بِالْمَلَائِكَةِ إِن كُنتَ مِنَ الصَّادِقِينَ ٧
📖 Котормо
Аят 7
Эгер чынчыл болсоң, бизге (сөзүндү тастыктаган) периштелерди таап келчи?!» дешти
مَا نُنَزِّلُ الْمَلَائِكَةَ إِلَّا بِالْحَقِّ وَمَا كَانُوا إِذًا مُّنظَرِينَ ٨
📖 Котормо
Аят 8
Биз (азаптоочу) периштелерди Акыйкат менен гана түшүрөбүз. Ал убакытта аларга мөөнөт берилбейт
إِنَّا نَحْنُ نَزَّلْنَا الذِّكْرَ وَإِنَّا لَهُ لَحَافِظُونَ ٩
📖 Котормо
Аят 9
Биз Зикирди (Кураанды) Өзүбүз түшүрдүк жана аны Өзүбүз сактайбыз
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا مِن قَبْلِكَ فِي شِيَعِ الْأَوَّلِينَ ١٠
📖 Котормо
Аят 10
Чынында, Биз сенден мурда, абалкы жамааттарга да (сага окшогон) пайгамбарларды жибергенбиз
وَمَا يَأْتِيهِم مِّن رَّسُولٍ إِلَّا كَانُوا بِهِ يَسْتَهْزِئُونَ ١١
📖 Котормо
Аят 11
Алардан кимисине бир пайгамбар келчү болсо, аны мыскылдап күлүшкөн
كَذَٰلِكَ نَسْلُكُهُ فِي قُلُوبِ الْمُجْرِمِينَ ١٢
📖 Котормо
Аят 12
Биз аны (мазактоону) кылмышкерлердин жүрөктөрүнө ушинтип салып койобуз
لَا يُؤْمِنُونَ بِهِ ۖ وَقَدْ خَلَتْ سُنَّةُ الْأَوَّلِينَ ١٣
📖 Котормо
Аят 13
(Ошондуктан,) ага ыйман келтиришпейт. Мурункулардын (үлгүлүү) жолу өттү го
وَلَوْ فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًا مِّنَ السَّمَاءِ فَظَلُّوا فِيهِ يَعْرُجُونَ ١٤
📖 Котормо
Аят 14
Эгер Биз аларга асмандан эшик ачып, алар андан көтөрүлө баштаса да, (ишенбей)
لَقَالُوا إِنَّمَا سُكِّرَتْ أَبْصَارُنَا بَلْ نَحْنُ قَوْمٌ مَّسْحُورُونَ ١٥
📖 Котормо
Аят 15
«Көзүбүздү бойоп коюлду! Биз сыйкырланып калдык!» дешет
وَلَقَدْ جَعَلْنَا فِي السَّمَاءِ بُرُوجًا وَزَيَّنَّاهَا لِلنَّاظِرِينَ ١٦
📖 Котормо
Аят 16
Чынында, Биз асманда топ жылдыздарды жаратып, аларды көрүүчүлөр үчүн зыйнат кылып койдук
وَحَفِظْنَاهَا مِن كُلِّ شَيْطَانٍ رَّجِيمٍ ١٧
📖 Котормо
Аят 17
Жана асманды бардык каргыш тийген жин-шайтандардан сактадык
إِلَّا مَنِ اسْتَرَقَ السَّمْعَ فَأَتْبَعَهُ شِهَابٌ مُّبِينٌ ١٨
📖 Котормо
Аят 18
Ал эми, (жин-шайтандардан) кимиси асман кабарларын уурдаганга аракет кылса, аны бир нурдуу жылдыз кууп жетет (жана өлтүрөт)
وَالْأَرْضَ مَدَدْنَاهَا وَأَلْقَيْنَا فِيهَا رَوَاسِيَ وَأَنبَتْنَا فِيهَا مِن كُلِّ شَيْءٍ مَّوْزُونٍ ١٩
📖 Котормо
Аят 19
Биз жерди(н үстүн) жайык кылып, анда тоолорду орноттук жана ар түрдүү пайдалуу нерселерди өстүрдүк
وَجَعَلْنَا لَكُمْ فِيهَا مَعَايِشَ وَمَن لَّسْتُمْ لَهُ بِرَازِقِينَ ٢٠
📖 Котормо
Аят 20
Жана жер үстүндө, силер үчүн жана силер ырыскы бере албай турган (кол астыңардагы) калк-макулуктар үчүн тиричилик (шарттарын) жараттык
وَإِن مِّن شَيْءٍ إِلَّا عِندَنَا خَزَائِنُهُ وَمَا نُنَزِّلُهُ إِلَّا بِقَدَرٍ مَّعْلُومٍ ٢١
📖 Котормо
Аят 21
Бардык нерселердин казынасы Биздин алдыбызда. Биз андан эмнени (пендебизге) түшүрсөк, (мурдатан) белгиленген өлчөм (тагдыр) менен түшүрөбүз
وَأَرْسَلْنَا الرِّيَاحَ لَوَاقِحَ فَأَنزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَسْقَيْنَاكُمُوهُ وَمَا أَنتُمْ لَهُ بِخَازِنِينَ ٢٢
📖 Котормо
Аят 22
Жана Биз (булуттарды) боозутуучу шамалдарды? жибердик. Кийин асмандан суу түшүрдүк жана аны менен силерди (эгиниңерди жана айбанаттарыңарды) сугардык. (О, инсандар!) Өзүңөр аны сактай албайт элеңер
وَإِنَّا لَنَحْنُ نُحْيِي وَنُمِيتُ وَنَحْنُ الْوَارِثُونَ ٢٣
📖 Котормо
Аят 23
Чынында, Биз гана тирилтирип, Биз гана өлтүрөбүз. Жана Өзүбүз гана мурас алуучубуз
وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَقْدِمِينَ مِنكُمْ وَلَقَدْ عَلِمْنَا الْمُسْتَأْخِرِينَ ٢٤
📖 Котормо
Аят 24
Албетте, Биз силерден байыркыларды да, кийинкилерди да билгенбиз
وَإِنَّ رَبَّكَ هُوَ يَحْشُرُهُمْ ۚ إِنَّهُ حَكِيمٌ عَلِيمٌ ٢٥
📖 Котормо
Аят 25
(О, Мухаммад) Раббиңдин Өзү гана аларды (Кыяматка сот-сурак үчүн) чогултат. Чынында Ал Даанышман (жана) Билерман
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِن صَلْصَالٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ ٢٦
📖 Котормо
Аят 26
Биз инсанды (Адам-Атаны) чалчык ылайдан (жана) кургап, зыңылдап калган чоподон жараттык.”
وَالْجَانَّ خَلَقْنَاهُ مِن قَبْلُ مِن نَّارِ السَّمُومِ ٢٧
📖 Котормо
Аят 27
Андан мурда жиндерди(н атасы Иблисти) жалындуу оттон жаратканбыз
وَإِذْ قَالَ رَبُّكَ لِلْمَلَائِكَةِ إِنِّي خَالِقٌ بَشَرًا مِّن صَلْصَالٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ ٢٨
📖 Котормо
Аят 28
(О, Мухаммад, эстегин) бир кезде Раббиң периштелерге: «Албетте, Мен карарган ылайдан жасалган чоподон Адам жаратамын
فَإِذَا سَوَّيْتُهُ وَنَفَخْتُ فِيهِ مِن رُّوحِي فَقَعُوا لَهُ سَاجِدِينَ ٢٩
📖 Котормо
Аят 29
Качан аны(н дене түзүлүшүн) жасап, ага Өзүмдүн Рухумдан үйлөгөндө (жан киргизгенде) ага (урмат көргөзүп) сажда кылып жыгылгыла»- деди
إِلَّا إِبْلِيسَ أَبَىٰ أَن يَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ ٣١
📖 Котормо
Аят 31
Бир гана Иблис сажда кылуучулар менен (бирге) сажда кылуудан баш тартты
قَالَ يَا إِبْلِيسُ مَا لَكَ أَلَّا تَكُونَ مَعَ السَّاجِدِينَ ٣٢
📖 Котормо
Аят 32
(Аллаһ):»О, Иблис! Эмне үчүн сен сажда кылуучулардан болбодуң?!» - деди
قَالَ لَمْ أَكُن لِّأَسْجُدَ لِبَشَرٍ خَلَقْتَهُ مِن صَلْصَالٍ مِّنْ حَمَإٍ مَّسْنُونٍ ٣٣
📖 Котормо
Аят 33
«Мен (эч качан) адамга сажда кылбаймын! (Себеби,) Сен аны чалчык ылай - чоподон жараттың. (А, мен оттон жаралганмын)» -деди
قَالَ فَاخْرُجْ مِنْهَا فَإِنَّكَ رَجِيمٌ ٣٤
📖 Котормо
Аят 34
(Аллаһ) Айтты:»Анда, Бейиштен жогол! Сен айдалдың
وَإِنَّ عَلَيْكَ اللَّعْنَةَ إِلَىٰ يَوْمِ الدِّينِ ٣٥
📖 Котормо
Аят 35
Сага Кыяматка чейин каргыш болсун!»
قَالَ رَبِّ فَأَنظِرْنِي إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ ٣٦
📖 Котормо
Аят 36
(Иблис) Айтты: «О, Раббим! Анда мага, алар кайра тирилүүчү күнгө (Кыяматка) чейин (өлбөй жашаганга) мөөнөт бер!»
قَالَ فَإِنَّكَ مِنَ الْمُنظَرِينَ ٣٧
📖 Котормо
Аят 37
(Аллаһ) айтты: «Албетте, сен мөөнөт берилгендерден болдуң
قَالَ رَبِّ بِمَا أَغْوَيْتَنِي لَأُزَيِّنَنَّ لَهُمْ فِي الْأَرْضِ وَلَأُغْوِيَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ ٣٩
📖 Котормо
Аят 39
(Иблис) айтты: «О, Раббим! Мени адаштырганың үчүн мен аларга жердеги(күнөө нерсе)лерди кооз көргөзүп, бардыгын азгырамын
إِلَّا عِبَادَكَ مِنْهُمُ الْمُخْلَصِينَ ٤٠
📖 Котормо
Аят 40
Алардын арасынан ыкластуу пенделериңден башкасын
قَالَ هَٰذَا صِرَاطٌ عَلَيَّ مُسْتَقِيمٌ ٤١
📖 Котормо
Аят 41
(Аллаһ) айтты: «Бул — Мага (алып келүүчү) Туура Жол
إِنَّ عِبَادِي لَيْسَ لَكَ عَلَيْهِمْ سُلْطَانٌ إِلَّا مَنِ اتَّبَعَكَ مِنَ الْغَاوِينَ ٤٢
📖 Котормо
Аят 42
Албетте, Менин (ыкластуу) пенделеримдин үстүндө бийлигиң жок! Бир гана адашкандардан болуп, сага ээрчигендерге (өкүмүң өтөт)
وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمَوْعِدُهُمْ أَجْمَعِينَ ٤٣
📖 Котормо
Аят 43
Сени ээрчигендердин бардыгына убада жайы, албетте, тозок
لَهَا سَبْعَةُ أَبْوَابٍ لِّكُلِّ بَابٍ مِّنْهُمْ جُزْءٌ مَّقْسُومٌ ٤٤
📖 Котормо
Аят 44
Анын (биринен бири төмөн жайгашкан) жети дарбазасы бар. Ар бир дарбазадан алардын бөлүк-бөлүк топтору (күнөөлөрүнүн даражаларына жараша азап чегип киришет)
إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَعُيُونٍ ٤٥
📖 Котормо
Аят 45
Чынында, (күнөөдөн) сактанган адамдар булактарда, бейиштерде
ادْخُلُوهَا بِسَلَامٍ آمِنِينَ ٤٦
📖 Котормо
Аят 46
(Биз аларга:) «Тынчтык, саламаттык менен бейишке киргиле» (дедик)
وَنَزَعْنَا مَا فِي صُدُورِهِم مِّنْ غِلٍّ إِخْوَانًا عَلَىٰ سُرُرٍ مُّتَقَابِلِينَ ٤٧
📖 Котормо
Аят 47
Биз алардын көкүрөктөрүндө болгон (кек-көралбастык) сыяктуу нерселерди сууруп алганбыз. Алар бири-бирине бет-маңдай, дос-бурадар болушуп, сөрүлөрдө (отурушат)
لَا يَمَسُّهُمْ فِيهَا نَصَبٌ وَمَا هُم مِّنْهَا بِمُخْرَجِينَ ٤٨
📖 Котормо
Аят 48
Бейиште аларды кайгы-муң баспайт жана эч качан ал жерден чыгарылышпайт
۞ نَبِّئْ عِبَادِي أَنِّي أَنَا الْغَفُورُ الرَّحِيمُ ٤٩
📖 Котормо
Аят 49
(О, Мухаммад!) Пенделериме кабар бер: Мен гана Кечирүүчү Ырайымдуумун
وَأَنَّ عَذَابِي هُوَ الْعَذَابُ الْأَلِيمُ ٥٠
📖 Котормо
Аят 50
Чынында менин азабым — жан ооруткан азап
وَنَبِّئْهُمْ عَن ضَيْفِ إِبْرَاهِيمَ ٥١
📖 Котормо
Аят 51
(О, Мухаммад), аларга Ибрахимдын меймандары жөнүндөгү кабарды жеткир
إِذْ دَخَلُوا عَلَيْهِ فَقَالُوا سَلَامًا قَالَ إِنَّا مِنكُمْ وَجِلُونَ ٥٢
📖 Котормо
Аят 52
Бир кезде алар анын алдына «салам» деп киришти. (Ибрахим) «Чынында, биз силерден коркуп жатабыз» — деди
قَالُوا لَا تَوْجَلْ إِنَّا نُبَشِّرُكَ بِغُلَامٍ عَلِيمٍ ٥٣
📖 Котормо
Аят 53
«Коркпогун, — дешти алар, — биз албетте, сага илимдүү бир перзенттин сүйүнчүсүн билдиребиз.»
قَالَ أَبَشَّرْتُمُونِي عَلَىٰ أَن مَّسَّنِيَ الْكِبَرُ فَبِمَ تُبَشِّرُونَ ٥٤
📖 Котормо
Аят 54
(Ибрахим) айтты: «Мага карылык келгенде сүйүнчүлөп жатасыңарбы? Кандай (себеп менен) сүйүнчүлөйсүңөр?”
قَالُوا بَشَّرْنَاكَ بِالْحَقِّ فَلَا تَكُن مِّنَ الْقَانِطِينَ ٥٥
📖 Котормо
Аят 55
«Биз сага акыйкатты сүйүнчүлөдүк. Эми, сен үмүтү жоктордон болбогун» дешти
قَالَ وَمَن يَقْنَطُ مِن رَّحْمَةِ رَبِّهِ إِلَّا الضَّالُّونَ ٥٦
📖 Котормо
Аят 56
(Ибрахим) айтты: «Раббисинин ырайымынан заалым адамдар гана үмүтсүз болушат
قَالَ فَمَا خَطْبُكُمْ أَيُّهَا الْمُرْسَلُونَ ٥٧
📖 Котормо
Аят 57
(Дагы мындай) деди: «О, элчилер, эмне жумуш менен келдиңер?»
قَالُوا إِنَّا أُرْسِلْنَا إِلَىٰ قَوْمٍ مُّجْرِمِينَ ٥٨
📖 Котормо
Аят 58
Айтышты: «Биз кылмышкер коомго (аларды жазалоо үчүн) жиберилгенбиз
إِلَّا آلَ لُوطٍ إِنَّا لَمُنَجُّوهُمْ أَجْمَعِينَ ٥٩
📖 Котормо
Аят 59
Бирок, Луттун үй-бүлөсүнүн бардыгын куткарабыз
إِلَّا امْرَأَتَهُ قَدَّرْنَا ۙ إِنَّهَا لَمِنَ الْغَابِرِينَ ٦٠
📖 Котормо
Аят 60
Аялынан башкасын. Биз, аны (азапта) калуучулардан болот деп эсептейбиз.»
قَالُوا بَلْ جِئْنَاكَ بِمَا كَانُوا فِيهِ يَمْتَرُونَ ٦٣
📖 Котормо
Аят 63
(Элчилер) айтышты: «Жок, биз бузулган коомуң күмөн санаган нерсени (азапты) алып келдик
وَأَتَيْنَاكَ بِالْحَقِّ وَإِنَّا لَصَادِقُونَ ٦٤
📖 Котормо
Аят 64
Биз сага чындыкты гана алып келдик. Биз чынчылбыз
فَأَسْرِ بِأَهْلِكَ بِقِطْعٍ مِّنَ اللَّيْلِ وَاتَّبِعْ أَدْبَارَهُمْ وَلَا يَلْتَفِتْ مِنكُمْ أَحَدٌ وَامْضُوا حَيْثُ تُؤْمَرُونَ ٦٥
📖 Котормо
Аят 65
Эми, түндүн бир бөлүгүндө (таңга маал) үй-бүлөңдү (айылдан) алып чык дагы, өзүң артынан түш. Силерден эч бир адам карбаластабасын (тез баскыла) жана буюрулган тарапка кете бергиле.»
وَقَضَيْنَا إِلَيْهِ ذَٰلِكَ الْأَمْرَ أَنَّ دَابِرَ هَٰؤُلَاءِ مَقْطُوعٌ مُّصْبِحِينَ ٦٦
📖 Котормо
Аят 66
Биз ага (Лутка) таңга маал ошол (бузук) коомдун «куйругу кыркылышы»! жөнүндөгү ушул буйрукту вахий кылдык
وَجَاءَ أَهْلُ الْمَدِينَةِ يَسْتَبْشِرُونَ ٦٧
📖 Котормо
Аят 67
Анан, шаардын (бузук) элдери сүйүнгөн бойдон жетип келишти
قَالَ إِنَّ هَٰؤُلَاءِ ضَيْفِي فَلَا تَفْضَحُونِ ٦٨
📖 Котормо
Аят 68
(Лут): «Булар менин мейманым. Мени шерменде кылбагыла
وَاتَّقُوا اللَّهَ وَلَا تُخْزُونِ ٦٩
📖 Котормо
Аят 69
Аллаһтан корккула! Абийиримди төкпөгүлө!»- деди
قَالُوا أَوَلَمْ نَنْهَكَ عَنِ الْعَالَمِينَ ٧٠
📖 Котормо
Аят 70
(Бузукулар) айтты: «Биз сени ааламдардан кайтарбадык беле?!»
قَالَ هَٰؤُلَاءِ بَنَاتِي إِن كُنتُمْ فَاعِلِينَ ٧١
📖 Котормо
Аят 71
(Лут): «Эгер бул иштен кайра тартпасаңар, мына, менин кыздарым» деди
لَعَمْرُكَ إِنَّهُمْ لَفِي سَكْرَتِهِمْ يَعْمَهُونَ ٧٢
📖 Котормо
Аят 72
(О, Мухаммад!) Өмүрүңө ант, алар (ышкы-кумардын) мастыгында көздөрүнө эч нерсе көрүнбөй калган эле
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُشْرِقِينَ ٧٣
📖 Котормо
Аят 73
Анан.., Күн чыгаар мезгилде аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады
فَجَعَلْنَا عَالِيَهَا سَافِلَهَا وَأَمْطَرْنَا عَلَيْهِمْ حِجَارَةً مِّن سِجِّيلٍ ٧٤
📖 Котормо
Аят 74
Анан Биз шаардын асты жагын үстүнө көңтөрүп, алардын үстүнө чопо-таштарды жамгырдай жаадырдык
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِّلْمُتَوَسِّمِينَ ٧٥
📖 Котормо
Аят 75
Албетте бул окуяда парасаттуу адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِّلْمُؤْمِنِينَ ٧٧
📖 Котормо
Аят 77
Албетте, мында момун адамдар үчүн (Аллахтын кудуретине) белгилер бар
وَإِن كَانَ أَصْحَابُ الْأَيْكَةِ لَظَالِمِينَ ٧٨
📖 Котормо
Аят 78
Бак-бостон кожоюндары заалым (каапыр) болушкан
فَانتَقَمْنَا مِنْهُمْ وَإِنَّهُمَا لَبِإِمَامٍ مُّبِينٍ ٧٩
📖 Котормо
Аят 79
Биз алардан да өч алдык! Чынында, экөө (Лут коому менен Шуайб коому) тең кең жолдун боюнда
وَلَقَدْ كَذَّبَ أَصْحَابُ الْحِجْرِ الْمُرْسَلِينَ ٨٠
📖 Котормо
Аят 80
«Хижр» (өрөөнүнүн) жашоочулары да пайгамбарларды «жалганчы» дешти
وَآتَيْنَاهُمْ آيَاتِنَا فَكَانُوا عَنْهَا مُعْرِضِينَ ٨١
📖 Котормо
Аят 81
Биз аларга аят-моожизаларыбызды (жи)бергенде, андан жүз бурушту
وَكَانُوا يَنْحِتُونَ مِنَ الْجِبَالِ بُيُوتًا آمِنِينَ ٨٢
📖 Котормо
Аят 82
Алар тоолордун боорун оюп-жонуп үйлөр куруп, тынч-аман жүрүшкөн
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ مُصْبِحِينَ ٨٣
📖 Котормо
Аят 83
Анан.., аларды да таң мезгилинде (капысынан) ач айкырык кармап, (кыйрап калышты)
فَمَا أَغْنَىٰ عَنْهُم مَّا كَانُوا يَكْسِبُونَ ٨٤
📖 Котормо
Аят 84
Жасаган нерселери аларга пайда берген жок
وَمَا خَلَقْنَا السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَمَا بَيْنَهُمَا إِلَّا بِالْحَقِّ ۗ وَإِنَّ السَّاعَةَ لَآتِيَةٌ ۖ فَاصْفَحِ الصَّفْحَ الْجَمِيلَ ٨٥
📖 Котормо
Аят 85
Биз асмандарды, Жерди жана экөөнүн арасындагы нерселерди Акыйкат менен жараттык. Саат (Кыямат) сөзсүз келүүчү. Сен (оо, Мухаммад, наадан адамдардан) сылык-сыпаа жүз үйүр
إِنَّ رَبَّكَ هُوَ الْخَلَّاقُ الْعَلِيمُ ٨٦
📖 Котормо
Аят 86
Албетте, сенин Раббиң — Ал гана (бардык макулуктарды) Жаратуучу, Билүүчү
وَلَقَدْ آتَيْنَاكَ سَبْعًا مِّنَ الْمَثَانِي وَالْقُرْآنَ الْعَظِيمَ ٨٧
📖 Котормо
Аят 87
Биз сага кайталануучудан жетини жана Улук Кураанды бердик
لَا تَمُدَّنَّ عَيْنَيْكَ إِلَىٰ مَا مَتَّعْنَا بِهِ أَزْوَاجًا مِّنْهُمْ وَلَا تَحْزَنْ عَلَيْهِمْ وَاخْفِضْ جَنَاحَكَ لِلْمُؤْمِنِينَ ٨٨
📖 Котормо
Аят 88
Алардын (каапырлардын) арасынан бир нече тайпаларга берген Биздин нээматтарыбызга карабай (көңүл бурбай) эле кой. (Ошондой эле, эгер баштарына Аллаһтын бир азабы түшсө) аларга кайгырба! (Мээримдүүлүк) канатыңды ыймандууларга жайгын
وَقُلْ إِنِّي أَنَا النَّذِيرُ الْمُبِينُ ٨٩
📖 Котормо
Аят 89
Айт: «Мен (башыңарга келүүчү азап жөнүндө) анык эскертүүчүмүн
كَمَا أَنزَلْنَا عَلَى الْمُقْتَسِمِينَ ٩٠
📖 Котормо
Аят 90
Ошондой эле, Биз бөлүүчүлөргө (азап) түшүрдүк
فَوَرَبِّكَ لَنَسْأَلَنَّهُمْ أَجْمَعِينَ ٩٢
📖 Котормо
Аят 92
Раббиңе ант! Биз алардын бардыгын суракка тартабыз
فَاصْدَعْ بِمَا تُؤْمَرُ وَأَعْرِضْ عَنِ الْمُشْرِكِينَ ٩٤
📖 Котормо
Аят 94
(Сен аларга көңүл бурбай) буюрулган ишке умтул жана мушриктерден жүз бур
إِنَّا كَفَيْنَاكَ الْمُسْتَهْزِئِينَ ٩٥
📖 Котормо
Аят 95
Албетте, сени шылдыңдаган адамдарга Өзүбүз жетиштүүбүз
الَّذِينَ يَجْعَلُونَ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ ۚ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ٩٦
📖 Котормо
Аят 96
Алар Аллаһка дагы башка «кудайларды» кошуп (шерик кылып) алышкан. Жакында (иштеринин натыйжасын) билишет
وَلَقَدْ نَعْلَمُ أَنَّكَ يَضِيقُ صَدْرُكَ بِمَا يَقُولُونَ ٩٧
📖 Котормо
Аят 97
Билебиз, алардын айткандарынан көкүрөгүң кысылып турат
فَسَبِّحْ بِحَمْدِ رَبِّكَ وَكُن مِّنَ السَّاجِدِينَ ٩٨
📖 Котормо
Аят 98
Эми сен (көкүрөгүң кайра кең болушу үчүн) Раббиңе (көп) тасбих (мактоо) айтып, (көбүрөөк) сажда кылуучулардан бол
وَاعْبُدْ رَبَّكَ حَتَّىٰ يَأْتِيَكَ الْيَقِينُ ٩٩
📖 Котормо
Аят 99
Жана сага өлүм келгенге чейин Раббиңе гана ибадат кыл
Окуу Аль-Хиджр сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио
Ыйык Куран
Tuesday, August 18, 2026
Don't forget us in your sincere prayers

