in tad`oohum laa yasma`oo du`aaa`akum wa law sami`oo mas tajaaboo lakum; wa Yawmal Qiyaamati Yakfuroona bishirkikum; wa laa yunabbi`uka mislu khabeer
📖 Котормо (Кыргызча)
📖 Кыргызча
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
🌐 Additional reference in Русский
🌐 Русский
Если взываете вы к ним, Они не слышат вашего призыва, А если бы и слышали, То внять бы не могли. В День Воскресения (на Суд) Они от вас все отрекутся За то, что вы приписывали им "Союзничество" с Богом. Никто не может Истину тебе поведать, Кроме Того, Кто ведущ (в ней, Хранит ее и вам в Писании низводит).
مَا اسْتَجَابُوا: жооп беришпейт, кабыл кылышпайт.
يَكْفُرُونَ بِشِرْكِكُمْ: силердин шерик кошуп сыйынгандыгыңарды танышат, андан баш тартышат.
خَبِيرٍ: кабардар, билүүчү.
Аяттын түшүндүрмөсү:
Оо, адамдар! Аллахтан башка силер сыйынып жаткан нерселерге дуба кылсаңар, алар дубаңарды угушат. Себеби алар жансыз нерселер, аларда тирилик да, угуу да жок. Эгерде алар угушат деп ойлосоңор да, силерге жооп беришпейт, анткени алар алсыз жана эч нерсеге кудуреттүү эмес. Кыямат күнү алар силердин аларга шерик кошуп сыйынгандыгыңарды танышат жана силерден баш тартышат. Оо, пайгамбар! Сизге бул дүйнө жана акырет абалдары тууралуу Аллахтай кабардар, билүүчү эч ким кабар бере албайт.
Аяттан алынуучу пайдалар:
Аллахтан башка нерселерге сыйынуу адамга эч кандай пайда алып келбейт, тескерисинче зыян гана.
Кыямат күнү шерик кошуп сыйынган нерселер өздөрүнө сыйынгандардан баш тартышат.
Аллах Таала ар нерседен кабардар, Анын берген кабарлары эң чындык жана акыйкат.
Бул аят адамдарды тек гана Аллахка сыйынууга, Андан гана жардам суроого чакырат.
Ислам дини адамды туура жолго баштап, адашуудан сактайт жана акыреттеги жоопкерчиликтен кабардар кылат.
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
Дарыя менен деңиз тең эмес. Мунусу ширин-таттуу, аны ичүү жагымдуу. Тигиниси ачуу-туздуу. Экөөсүнөн тең силер таза-жаңы эт жейсиңер. Жана (деңизден) өзүңөр тагына турган зыйнат(таш)тарды чыгарып аласыңар. Жана силер анда (толкундарды) жарып (сүзүп) бара жаткан кемени көрөсүңөр. (Бул) Аллаһтын пазилетин (ырыскысын) издешиңер үчүн (бир себеп). Кана эми шүгүр кылсаңар
(Аллаһ) түндү күндүзгө, күндүздү түнгө киргизет. Жана Күн менен Айды силерге моюн сундуруп (кызматчы кылып) койду. Ар бири белгиленген убакытка чейин (асманда) жүрө берет. Ушул Аллаһ — Раббиңер. (Бардык) мүлк жеке Өзүнүн колунда. (О, мушриктер!) Андан башка силер дуба кылып жаткан «кудайларыңар» чел кабыктай нерсеге да ээ эмес
Эгер аларга дуба кылсаңар, дубаңарды укпайт. Эгер (кыялыңарда) укса да, силерге жооп бере алмак эмес. (Ошондуктан), Кыямат Күнү аларды (Аллаһка) шерик кылганыңарга нараазы болушат. (Оо, Мухаммад!) Эч ким сага Кабардар (Аллаһ) сыяктуу кабар бере албайт
SurahQuran.com was founded as a humble effort to serve the Noble Book and the pure Sunnah, to invite people to Allah, and to make the religious sciences accessible according to the methodology of the Quran and Sunnah. We praise and thank Allah for His grace, and we ask Him to accept our work and make it sincere for His noble Face.