سورة القمر بالقرغيزية

  1. استمع للسورة
  2. سور أخرى
  3. ترجمة السورة
القرآن الكريم | ترجمة معاني القرآن | اللغة القرغيزية | سورة القمر | Al Qamar - عدد آياتها 55 - رقم السورة في المصحف: 54 - معنى السورة بالإنجليزية: The Moon.

اقْتَرَبَتِ السَّاعَةُ وَانشَقَّ الْقَمَرُ(1)

Кыямат жакындашты жана Ай (экиге) бөлүндү

وَإِن يَرَوْا آيَةً يُعْرِضُوا وَيَقُولُوا سِحْرٌ مُّسْتَمِرٌّ(2)

Алар (Курайш каапырлары) моожизаны көрүп турса да, (чындыктан) жүз үйрүп «Бул — ар дайымкы сыйкыр»-дей баштады

وَكَذَّبُوا وَاتَّبَعُوا أَهْوَاءَهُمْ ۚ وَكُلُّ أَمْرٍ مُّسْتَقِرٌّ(3)

Жана (пайгамбарды) жалганчыга чыгарып, өздөрүнүн каалоолорун ээрчиди. Бирок, ар бир иш (Кыяматта) өз ордун табат

وَلَقَدْ جَاءَهُم مِّنَ الْأَنبَاءِ مَا فِيهِ مُزْدَجَرٌ(4)

Аларга (абалкы каапыр коомдордун) жүрөк үшүткөн кабарлары келген эле

حِكْمَةٌ بَالِغَةٌ ۖ فَمَا تُغْنِ النُّذُرُ(5)

(Аларга келген Кураан) далил-даанышмандыктын жеткен чеги эле. Эми аларга эскертүүчүлөр пайда бербейт

فَتَوَلَّ عَنْهُمْ ۘ يَوْمَ يَدْعُ الدَّاعِ إِلَىٰ شَيْءٍ نُّكُرٍ(6)

Сендагы алардан жүз үйрү(п, Кыяматтагы жазаланышын күт)! Ал эми, Чакыруучу (Исрафил периште Сур кернейин тартып) жагымсыз нерсеге (Махшар майданына) чакырган күндө

خُشَّعًا أَبْصَارُهُمْ يَخْرُجُونَ مِنَ الْأَجْدَاثِ كَأَنَّهُمْ جَرَادٌ مُّنتَشِرٌ(7)

Бардыгы көздөрү жоодураган абалда, башаламан чегирткелердей мүрзөлөрүнөн чыгышат

مُّهْطِعِينَ إِلَى الدَّاعِ ۖ يَقُولُ الْكَافِرُونَ هَٰذَا يَوْمٌ عَسِرٌ(8)

Чакыруучуга шашылып баратканда каапырлар «Бул өтө оор күн!» дешет

۞ كَذَّبَتْ قَبْلَهُمْ قَوْمُ نُوحٍ فَكَذَّبُوا عَبْدَنَا وَقَالُوا مَجْنُونٌ وَازْدُجِرَ(9)

Алардан мурун Нух коому дагы (чындыкты) «жалган», пендебизди «жалганчы», «жинди» деп, (ар кандай сөздөр менен) опузалашкан

فَدَعَا رَبَّهُ أَنِّي مَغْلُوبٌ فَانتَصِرْ(10)

Анан ал Раббисине дуба кылып: «О, Раббим! Мен алсыз калдым, мага жардам бер!»-деп дуба кылды

فَفَتَحْنَا أَبْوَابَ السَّمَاءِ بِمَاءٍ مُّنْهَمِرٍ(11)

Кийин Биз асман эшиктерин нөшөр жамгырга ачып жибердик

وَفَجَّرْنَا الْأَرْضَ عُيُونًا فَالْتَقَى الْمَاءُ عَلَىٰ أَمْرٍ قَدْ قُدِرَ(12)

Жерден дагы атырылган булактарды чыгардык. Анан... (Аллаһ тарабынан) тагдыр кылынган ишти болтуруу үчүн эки суу кошулду

وَحَمَلْنَاهُ عَلَىٰ ذَاتِ أَلْوَاحٍ وَدُسُرٍ(13)

Биз аны (Нухту) тактайлар жана мыктар менен куралган нерсе(кеме)де (суу үстүнө) көтөрдүк

تَجْرِي بِأَعْيُنِنَا جَزَاءً لِّمَن كَانَ كُفِرَ(14)

Ал (кеме) Биздин көз алдыбызда, каапырлар тарабынан четке кагылган кишиге сыйлык болуп желип баратты

وَلَقَد تَّرَكْنَاهَا آيَةً فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(15)

Биз аны(н окуясын кудуретибизге) далил кылып калтырдык. Эми (мындан) сабак алаар жан бар бекен

فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ(16)

Менин азабым жана эскертүүм кандай болуптур

وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(17)

Биз Кураанды эскергенге! жеңил кылдык. Кана, ким эскерет

كَذَّبَتْ عَادٌ فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ(18)

Аад (коому) дагы «жалганчы» деген эле (Худ пайгамбарды). Анан Менин (аларга көргөзгөн) азабым жана эскертүүм кандай болду

إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ رِيحًا صَرْصَرًا فِي يَوْمِ نَحْسٍ مُّسْتَمِرٍّ(19)

Алардын үстүнө каргашалуу күндө (жети түн, сегиз күн бурганактаган) токтоосуз катуу бороон жибердик

تَنزِعُ النَّاسَ كَأَنَّهُمْ أَعْجَازُ نَخْلٍ مُّنقَعِرٍ(20)

Ал адамдарды омкорулган курма дарагы сыяктуу (турган жеринен) жулуп алды (жана башы менен жерге чапты)

فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ(21)

(Каапырларга) Менин азабым жана эскертүүм кандай экен

وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(22)

Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

كَذَّبَتْ ثَمُودُ بِالنُّذُرِ(23)

Самуд (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарып

فَقَالُوا أَبَشَرًا مِّنَّا وَاحِدًا نَّتَّبِعُهُ إِنَّا إِذًا لَّفِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ(24)

(Мындай) дешти: «(Биз көп болсок), өз арабыздагы жалгыз адамга ээрчийбизби? Анда биз анык адашабыз, жиндиликте кала-быз

أَأُلْقِيَ الذِّكْرُ عَلَيْهِ مِن بَيْنِنَا بَلْ هُوَ كَذَّابٌ أَشِرٌ(25)

Вахий-кабар ушуга берилеби арабыздан (адам куруп калгансып)?! Жок! Бул жеткен жалганчы, эң жаман адам

سَيَعْلَمُونَ غَدًا مَّنِ الْكَذَّابُ الْأَشِرُ(26)

Эртең эле (азап түшсө) билишет, ким жалганчы, жаман адам экенин

إِنَّا مُرْسِلُو النَّاقَةِ فِتْنَةً لَّهُمْ فَارْتَقِبْهُمْ وَاصْطَبِرْ(27)

(О, Салих!) Биз аларды сынаш үчүн (аска таштан) бир төө чыгарып бердик. Эми аларга назар салып, сабыр кылып тур

وَنَبِّئْهُمْ أَنَّ الْمَاءَ قِسْمَةٌ بَيْنَهُمْ ۖ كُلُّ شِرْبٍ مُّحْتَضَرٌ(28)

Жана аларга кабар бер, суу (ичүү кезеги) бөлүнгөнүн, ар бир ичүү(гө кезек ээси) даяр турганын

فَنَادَوْا صَاحِبَهُمْ فَتَعَاطَىٰ فَعَقَرَ(29)

Анан алар (келишимди бузуп), өздөрүнүн бир (мыкаачы) шеригин чакырышты. Ал болсо, (төөнү) кармады жана союп жиберди

فَكَيْفَ كَانَ عَذَابِي وَنُذُرِ(30)

(Карагыла) Менин азабым жана эскертүүм кандай болгонун

إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ صَيْحَةً وَاحِدَةً فَكَانُوا كَهَشِيمِ الْمُحْتَظِرِ(31)

Биз аларга бир чаңырык? жибердик эле, короо курган(чабан)дын куурайындай болуп (төгүлүп) калышты

وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(32)

Биз Кураанды эскерүүгө жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

كَذَّبَتْ قَوْمُ لُوطٍ بِالنُّذُرِ(33)

Лут (коому) дагы (аяттарды) жалганга чыгарышты

إِنَّا أَرْسَلْنَا عَلَيْهِمْ حَاصِبًا إِلَّا آلَ لُوطٍ ۖ نَّجَّيْنَاهُم بِسَحَرٍ(34)

Биз аларга (таш) бороонун жибердик. Бир гана Луттун үй-бүлөсүн таң убактысында куткардык

نِّعْمَةً مِّنْ عِندِنَا ۚ كَذَٰلِكَ نَجْزِي مَن شَكَرَ(35)

Өзүбүздөн жакшылык иретинде. Шүгүр кылгандарды ушинтип сыйлайбыз

وَلَقَدْ أَنذَرَهُم بَطْشَتَنَا فَتَمَارَوْا بِالنُّذُرِ(36)

(Лут) аларга Биздин азапты эскерткен эле. Бирок, алар эскертүүдөн шектеништи

وَلَقَدْ رَاوَدُوهُ عَن ضَيْفِهِ فَطَمَسْنَا أَعْيُنَهُمْ فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ(37)

Жана анын мейманын? (бачабаздык үчүн чыгарып берүүнү) талап кылышты. Биз алардын көзүн сокур кылып койдук. Эми, Менин эскертүүм жана азабымды(н даамын) татышсын

وَلَقَدْ صَبَّحَهُم بُكْرَةً عَذَابٌ مُّسْتَقِرٌّ(38)

Жана аларга таң мезгилинде үзгүлтүксүз азап (таш бороону) келди

فَذُوقُوا عَذَابِي وَنُذُرِ(39)

Эми, Менин эскертүүмдү(н) жана азабымды(н даамын) татышсын

وَلَقَدْ يَسَّرْنَا الْقُرْآنَ لِلذِّكْرِ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(40)

Биз Кураанды эскерүү үчүн жеңил кылдык, эскерүүчү барбы

وَلَقَدْ جَاءَ آلَ فِرْعَوْنَ النُّذُرُ(41)

Жана Фираун адамдарына дагы эскертүүлөр келген

كَذَّبُوا بِآيَاتِنَا كُلِّهَا فَأَخَذْنَاهُمْ أَخْذَ عَزِيزٍ مُّقْتَدِرٍ(42)

(Бирок), бардык аят-моожизаларыбызды жалганга чыгарышты. Кийин Биз аларды Жеңилгис, Кудуреттүүнүн азаптаганы сыяктуу азаптадык

أَكُفَّارُكُمْ خَيْرٌ مِّنْ أُولَٰئِكُمْ أَمْ لَكُم بَرَاءَةٌ فِي الزُّبُرِ(43)

(О, Курайш эли!) Силердин араңардагы каапырлар абалкы каапырлардан жакшыбы? Же абалкы ыйык китептерде («Курайш каапырларына азап келбейт» деген) актооңор барбы

أَمْ يَقُولُونَ نَحْنُ جَمِيعٌ مُّنتَصِرٌ(44)

Же болбосо алар «Биз жеңилгис жамаатпыз» дешеби

سَيُهْزَمُ الْجَمْعُ وَيُوَلُّونَ الدُّبُرَ(45)

Жакында жеңилишет жана аркасына (карабай) качышат

بَلِ السَّاعَةُ مَوْعِدُهُمْ وَالسَّاعَةُ أَدْهَىٰ وَأَمَرُّ(46)

Жок! (Алар муну менен кутулбайт!) Кыямат — аларга (азап) убада кылынган Күн! Кыямат(тын азабы) улуу жана ачуураак

إِنَّ الْمُجْرِمِينَ فِي ضَلَالٍ وَسُعُرٍ(47)

Чынында, күнөөкөрлөр адашуучулукта жана азапта

يَوْمَ يُسْحَبُونَ فِي النَّارِ عَلَىٰ وُجُوهِهِمْ ذُوقُوا مَسَّ سَقَرَ(48)

Жүзү менен отко сүйрөлгөн күнү (аларга): «Тозок азабын таткыла!» (деп айтылат)

إِنَّا كُلَّ شَيْءٍ خَلَقْنَاهُ بِقَدَرٍ(49)

Биз бардык нерсени тагдыр-өлчөм менен жаратканбыз

وَمَا أَمْرُنَا إِلَّا وَاحِدَةٌ كَلَمْحٍ بِالْبَصَرِ(50)

Биздин буйругубуз көз ирмем сыяктуу бир гана («Бол!» деген сөздөн турат)

وَلَقَدْ أَهْلَكْنَا أَشْيَاعَكُمْ فَهَلْ مِن مُّدَّكِرٍ(51)

Биз силерге окшогондорду(н көбүн) кыйратканбыз. Эстеген бирөө барбы

وَكُلُّ شَيْءٍ فَعَلُوهُ فِي الزُّبُرِ(52)

Алардын бардык иштери (периштелер жазган) китептерде бар

وَكُلُّ صَغِيرٍ وَكَبِيرٍ مُّسْتَطَرٌ(53)

Жана бардык чоң-кичине (нерселер) жазылган

إِنَّ الْمُتَّقِينَ فِي جَنَّاتٍ وَنَهَرٍ(54)

Чынында, такыба адамдар Бейиштерде жана дайралард(ын боюнд)а

فِي مَقْعَدِ صِدْقٍ عِندَ مَلِيكٍ مُّقْتَدِرٍ(55)

Кудуреттүү Падышанын алдындагы чыныгы (бардык ырахат-жыргалы бар) мажилисте


المزيد من السور باللغة القرغيزية:

سورة البقرة آل عمران سورة النساء
سورة المائدة سورة يوسف سورة ابراهيم
سورة الحجر سورة الكهف سورة مريم
سورة السجدة سورة يس سورة الدخان
سورة النجم سورة الرحمن سورة الواقعة
سورة الحشر سورة الملك سورة الحاقة

تحميل سورة القمر بصوت أشهر القراء :

قم باختيار القارئ للاستماع و تحميل سورة القمر كاملة بجودة عالية
سورة القمر أحمد العجمي
أحمد العجمي
سورة القمر خالد الجليل
خالد الجليل
سورة القمر سعد الغامدي
سعد الغامدي
سورة القمر سعود الشريم
سعود الشريم
سورة القمر عبد الباسط عبد الصمد
عبد الباسط
سورة القمر عبد الله عواد الجهني
عبد الله الجهني
سورة القمر علي الحذيفي
علي الحذيفي
سورة القمر فارس عباد
فارس عباد
سورة القمر ماهر المعيقلي
ماهر المعيقلي
سورة القمر محمد جبريل
محمد جبريل
سورة القمر محمد صديق المنشاوي
المنشاوي
سورة القمر الحصري
الحصري
سورة القمر العفاسي
مشاري العفاسي
سورة القمر ناصر القطامي
ناصر القطامي
سورة القمر ياسر الدوسري
ياسر الدوسري



Friday, May 3, 2024

لا تنسنا من دعوة صالحة بظهر الغيب