Аль-Анкабут сүрөсү арабча жана кыргызча

Аль-Анкабут сүрөсүн толук кыргызча котормо жана аудио менен окуңуз. Аят-аят котормо. (69 Аят — مكية). Аль-Анкабут Укта, Аль-Анкабут Котормо, Аль-Анкабут mp3, Аль-Анкабут pdf.

Аль-Анкабут сүрөсүн оку жана укта

🎧 Аят
M Mishary Rashid Alafasy
M Mahmoud Khalil Al-Husary
A Abdurrahman As-Sudais
M Mohamed Siddiq Al-Minshawi
A Abdul Basit Abdul Samad
A Ali Al-Hudhaify
A Ahmed ibn Ali al-Ajamy
A Abu Bakr Ash-Shaatree
M Muhammad Ayyoub
A Abdullah Basfar
A Abdullah Al-Juhani
M Maher Al Muaiqly
x1
الم ۝١
📖 Котормо Аят 1
Алиф. Лам. Мим
أَحَسِبَ النَّاسُ أَن يُتْرَكُوا أَن يَقُولُوا آمَنَّا وَهُمْ لَا يُفْتَنُونَ ۝٢
📖 Котормо Аят 2
Адамдар «ыйман келтирдик» деп айтса эле, (ар түрдүү машакаттар менен) сыналбай калабыз деп ойлошобу
وَلَقَدْ فَتَنَّا الَّذِينَ مِن قَبْلِهِمْ ۖ فَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ صَدَقُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْكَاذِبِينَ ۝٣
📖 Котормо Аят 3
Чынында Биз алардан мурункуларды да (чоң машакаттар менен) сынаганбыз. Натыйжада Аллаһ («ыймандуубуз» деген сөздөрүндө) чынчыл болгондорду да билип алат, жалганчыларды да билип алат
أَمْ حَسِبَ الَّذِينَ يَعْمَلُونَ السَّيِّئَاتِ أَن يَسْبِقُونَا ۚ سَاءَ مَا يَحْكُمُونَ ۝٤
📖 Котормо Аят 4
Жаман (күнөө) иштерди жасаган адамдар Бизден кутулуп кетебиз деп ойлошобу?! Алардын чечимдери кандай жаман
مَن كَانَ يَرْجُو لِقَاءَ اللَّهِ فَإِنَّ أَجَلَ اللَّهِ لَآتٍ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ ۝٥
📖 Котормо Аят 5
Ал эми, ким (Кыяматта) Аллаһка жолугуудан үмүт кылса, Аллаһтын (Кыяматка) белгилеген убактысы (сөзсүз) келүүчү. Жана Ал Угуучу, Билүүчү
وَمَن جَاهَدَ فَإِنَّمَا يُجَاهِدُ لِنَفْسِهِ ۚ إِنَّ اللَّهَ لَغَنِيٌّ عَنِ الْعَالَمِينَ ۝٦
📖 Котормо Аят 6
Жана ким (өз напсисине, шайтанга жана Аллаһтын душмандарына каршы) жихад кылса, өзүнүн пайдасына жихад кылганы. Чынында, Аллаһ ааламдардан Беймуктаж
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُكَفِّرَنَّ عَنْهُمْ سَيِّئَاتِهِمْ وَلَنَجْزِيَنَّهُمْ أَحْسَنَ الَّذِي كَانُوا يَعْمَلُونَ ۝٧
📖 Котормо Аят 7
Биз ыйман келтирип, салих амалдарды аткарган момундардын күнөөлөрүн өчүрүп, жасаган амалдарынан жакшыраак сыйлыктар менен сыйлайбыз
وَوَصَّيْنَا الْإِنسَانَ بِوَالِدَيْهِ حُسْنًا ۖ وَإِن جَاهَدَاكَ لِتُشْرِكَ بِي مَا لَيْسَ لَكَ بِهِ عِلْمٌ فَلَا تُطِعْهُمَا ۚ إِلَيَّ مَرْجِعُكُمْ فَأُنَبِّئُكُم بِمَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ۝٨
📖 Котормо Аят 8
Жана Биз инсанга, ата-энесине жакшылык кылуусун буюрдук. Анан эгер сенин ата-энең өзүң билбеген бир нерсени Мага шерик (кудай) кылышына сени кыйначу болсо, аларга моюн сунбагын. Менин Өзүмө гана кайтасыңар. Анан Мен силерге жасаган амалыңардын кабарын беремин
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُدْخِلَنَّهُمْ فِي الصَّالِحِينَ ۝٩
📖 Котормо Аят 9
Ыйман келтирип, жакшы амалдарды жасаган адамдарды салих (бейиши болгон) адамдардын катарына кошобуз
وَمِنَ النَّاسِ مَن يَقُولُ آمَنَّا بِاللَّهِ فَإِذَا أُوذِيَ فِي اللَّهِ جَعَلَ فِتْنَةَ النَّاسِ كَعَذَابِ اللَّهِ وَلَئِن جَاءَ نَصْرٌ مِّن رَّبِّكَ لَيَقُولُنَّ إِنَّا كُنَّا مَعَكُمْ ۚ أَوَلَيْسَ اللَّهُ بِأَعْلَمَ بِمَا فِي صُدُورِ الْعَالَمِينَ ۝١٠
📖 Котормо Аят 10
Адамдардын арасындагы кээ бирөөлөр «Аллаһка ыйман келтирдик»-дешет. Бирок, Аллаһтын жолунда бир азапка жолугуп калчу болсо, адамдардын сыноосун Аллаһтын азабындай кабыл алат. Ал эми, эгер Раббиң тарабынан (мусулмандарга) жеңиш келип калса дароо «Биз силер менен бирге болчубуз» дешет. Аллаһ ааламдардын (адамдардын) көкүрөгүндөгү (жашырган) нерселерин билбейт бекен
وَلَيَعْلَمَنَّ اللَّهُ الَّذِينَ آمَنُوا وَلَيَعْلَمَنَّ الْمُنَافِقِينَ ۝١١
📖 Котормо Аят 11
Аллаһ (чындап) ыйман келтиргендерди да, (эки жүздүү) мунафыктарды да анык билип турат
وَقَالَ الَّذِينَ كَفَرُوا لِلَّذِينَ آمَنُوا اتَّبِعُوا سَبِيلَنَا وَلْنَحْمِلْ خَطَايَاكُمْ وَمَا هُم بِحَامِلِينَ مِنْ خَطَايَاهُم مِّن شَيْءٍ ۖ إِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ ۝١٢
📖 Котормо Аят 12
Каапырлар ыймандууларга: «Биздин жолубузду ээрчигиле. Күнөө ишиңерди (мына) биз моюнга алабыз» дешет. Алардын каталарынан эч нерсени өз моюндарына алышпайт.! Чынында, алар-жалганчылар
وَلَيَحْمِلُنَّ أَثْقَالَهُمْ وَأَثْقَالًا مَّعَ أَثْقَالِهِمْ ۖ وَلَيُسْأَلُنَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ عَمَّا كَانُوا يَفْتَرُونَ ۝١٣
📖 Котормо Аят 13
Жана алар (азгыргандар) өздөрүнүн күнөөсүн да көтөрөт, өз күнөөлөрү менен бирге башка күнөөлөрдү да көтөрөт жана Кыямат Күнү ойлоп тапкан күнөөлөрү жөнүндө сурак беришет
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ فَلَبِثَ فِيهِمْ أَلْفَ سَنَةٍ إِلَّا خَمْسِينَ عَامًا فَأَخَذَهُمُ الطُّوفَانُ وَهُمْ ظَالِمُونَ ۝١٤
📖 Котормо Аят 14
Биз Нухту өз коомуна пайгамбар кылып жибердик. Ал элинин арасында элүү жылы кем миң жыл турду.* Анан аларды заалым болуп турган жеринде топон суу каптады
فَأَنجَيْنَاهُ وَأَصْحَابَ السَّفِينَةِ وَجَعَلْنَاهَا آيَةً لِّلْعَالَمِينَ ۝١٥
📖 Котормо Аят 15
Кийин Биз аны (Нухту) жана кемедегилерди куткардык жана кемени (бүт) ааламдарга (кудуретибизден) белги кылдык
وَإِبْرَاهِيمَ إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَاتَّقُوهُ ۖ ذَٰلِكُمْ خَيْرٌ لَّكُمْ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ ۝١٦
📖 Котормо Аят 16
Жана Биз Ибрахимди да (пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал өз коомуна: «Аллаһка гана сыйынгыла! Андан такыба кылгыла! Эгер билсеңер, ушунуңар өзүңөргө жакшы
إِنَّمَا تَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا وَتَخْلُقُونَ إِفْكًا ۚ إِنَّ الَّذِينَ تَعْبُدُونَ مِن دُونِ اللَّهِ لَا يَمْلِكُونَ لَكُمْ رِزْقًا فَابْتَغُوا عِندَ اللَّهِ الرِّزْقَ وَاعْبُدُوهُ وَاشْكُرُوا لَهُ ۖ إِلَيْهِ تُرْجَعُونَ ۝١٧
📖 Котормо Аят 17
Чынында, силер Аллаһтан башка буттарга ибадат кылып, (аларды «кудай» деп атап) жалаа жаап жатасыңар! Аллаһтан башка силер сыйынып жаткан «кудайыңар» силерге ырыскы берүүгө да кудуреттүү эмес! Ырыскыны Аллаһтан сурагыла жана Өзүнө гана ибадат кылып, жалгыз Өзүнө шүгүр кылгыла! (Анткени,) Өзүнө гана кайтып барасыңар
وَإِن تُكَذِّبُوا فَقَدْ كَذَّبَ أُمَمٌ مِّن قَبْلِكُمْ ۖ وَمَا عَلَى الرَّسُولِ إِلَّا الْبَلَاغُ الْمُبِينُ ۝١٨
📖 Котормо Аят 18
Эгер (мени) «жалганчы» десеңер, силерден мурунку (каапыр) элдер дагы (өз пайгамбарын) «жалганчы» дешкен. Пайгамбардын милдети болгону анык жеткирип коюудан гана турат»
أَوَلَمْ يَرَوْا كَيْفَ يُبْدِئُ اللَّهُ الْخَلْقَ ثُمَّ يُعِيدُهُ ۚ إِنَّ ذَٰلِكَ عَلَى اللَّهِ يَسِيرٌ ۝١٩
📖 Котормо Аят 19
Алар (инсандар) Аллаһ жаратылышты алгач ирет кандай жаратканына карап көрүшпөйбү? Анан (алардын бардыгын) кайра жаратат. Чынында, бул Аллаһ үчүн жеңил
قُلْ سِيرُوا فِي الْأَرْضِ فَانظُرُوا كَيْفَ بَدَأَ الْخَلْقَ ۚ ثُمَّ اللَّهُ يُنشِئُ النَّشْأَةَ الْآخِرَةَ ۚ إِنَّ اللَّهَ عَلَىٰ كُلِّ شَيْءٍ قَدِيرٌ ۝٢٠
📖 Котормо Аят 20
Айт, (о, Мухаммад): «Жер бетинде кезип жүрүп, (Аллаһ) жаратылышты (калк-калайыкты) абалкы ирет кантип жаратканына назар салгыла! Кийин Аллаһ (аларды Акыретте) экинчи ирет пайда кылат. Аллаһ ар нерсеге Кудуреттүү!»
يُعَذِّبُ مَن يَشَاءُ وَيَرْحَمُ مَن يَشَاءُ ۖ وَإِلَيْهِ تُقْلَبُونَ ۝٢١
📖 Котормо Аят 21
Ал (Аллаһ) каалаган пендесине азап берет. Каалаганына ырайым көргөзөт. Силер Анын Өзүнө гана кайтарыласыңар
وَمَا أَنتُم بِمُعْجِزِينَ فِي الْأَرْضِ وَلَا فِي السَّمَاءِ ۖ وَمَا لَكُم مِّن دُونِ اللَّهِ مِن وَلِيٍّ وَلَا نَصِيرٍ ۝٢٢
📖 Котормо Аят 22
Силер жерде да, асманда да Аллаһтан кутула албайсыңар! Силерге Аллаһтан башка дос-жардамчы жок
وَالَّذِينَ كَفَرُوا بِآيَاتِ اللَّهِ وَلِقَائِهِ أُولَٰئِكَ يَئِسُوا مِن رَّحْمَتِي وَأُولَٰئِكَ لَهُمْ عَذَابٌ أَلِيمٌ ۝٢٣
📖 Котормо Аят 23
Аллаһтын аяттарына жана Ага жолугууга ишенбеген адамдар гана Менин ырайым-рахматымдан бейнасип калышат жана ошолорго гана жан ооруткан азап бар
فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَن قَالُوا اقْتُلُوهُ أَوْ حَرِّقُوهُ فَأَنجَاهُ اللَّهُ مِنَ النَّارِ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ لِّقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ ۝٢٤
📖 Котормо Аят 24
Ага (Ибрахимге) коомунун берген жообу: «Аны өлтүргүлө же болбосо, өрттөп салгыла» деп айтуудан башкача болбоду. (Ибрахимди улуу оттун ичине ыргытышты. Бирок) Кийин аны Аллаһ оттон (аман-эсен) куткарып алды. Албетте, бул окуяда ыймандуу коом үчүн (кудуретибизге) белгилер бар
وَقَالَ إِنَّمَا اتَّخَذْتُم مِّن دُونِ اللَّهِ أَوْثَانًا مَّوَدَّةَ بَيْنِكُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا ۖ ثُمَّ يَوْمَ الْقِيَامَةِ يَكْفُرُ بَعْضُكُم بِبَعْضٍ وَيَلْعَنُ بَعْضُكُم بَعْضًا وَمَأْوَاكُمُ النَّارُ وَمَا لَكُم مِّن نَّاصِرِينَ ۝٢٥
📖 Котормо Аят 25
Жана ал айтты: «Силер дүйнө жашоосунда өз ара бири-бириңерди сүйүү үчүн, Аллаһтан башка буттарды (кудай кылып) кармадыңар. Кийин Кыямат Күнү болсо, бири-бирине каапыр (каршы) болушуп, наалат айтышат. Силердин жайыңар тозок жана силерге эч бир жардамчы болбойт
۞ فَآمَنَ لَهُ لُوطٌ ۘ وَقَالَ إِنِّي مُهَاجِرٌ إِلَىٰ رَبِّي ۖ إِنَّهُ هُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ ۝٢٦
📖 Котормо Аят 26
Андан соң, (Ибрахимге агасынын уулу) Лут ыйман келтирди. Жана (Ибрахим) айтты: «Мен Раббим (буюрган) тарапка кетемин. Чынында, Ал (Аллайһ) -Кудуреттүү, Даанышман!»
وَوَهَبْنَا لَهُ إِسْحَاقَ وَيَعْقُوبَ وَجَعَلْنَا فِي ذُرِّيَّتِهِ النُّبُوَّةَ وَالْكِتَابَ وَآتَيْنَاهُ أَجْرَهُ فِي الدُّنْيَا ۖ وَإِنَّهُ فِي الْآخِرَةِ لَمِنَ الصَّالِحِينَ ۝٢٧
📖 Котормо Аят 27
Жана Биз ага Исхак менен Яькубду белек (перзент жана небере) кылып бердик. Анын урпактарынын арасында пайгамбарлык жана Китеп (пайда) кылдык. Жана ага дүйнөдө өз сыйлыгын бердик. Ал Акыретте да салих кишилерден
وَلُوطًا إِذْ قَالَ لِقَوْمِهِ إِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الْفَاحِشَةَ مَا سَبَقَكُم بِهَا مِنْ أَحَدٍ مِّنَ الْعَالَمِينَ ۝٢٨
📖 Котормо Аят 28
Жана Лутту (да пайгамбар кылып жибердик). Бир кезде ал коомуна: «Силер өзүңөрдөн мурун өткөн ааламдардан эч ким жасабаган бузук ишти жасап жатасыңар
أَئِنَّكُمْ لَتَأْتُونَ الرِّجَالَ وَتَقْطَعُونَ السَّبِيلَ وَتَأْتُونَ فِي نَادِيكُمُ الْمُنكَرَ ۖ فَمَا كَانَ جَوَابَ قَوْمِهِ إِلَّا أَن قَالُوا ائْتِنَا بِعَذَابِ اللَّهِ إِن كُنتَ مِنَ الصَّادِقِينَ ۝٢٩
📖 Котормо Аят 29
Эркектерге (артынан) келе жатасыңар, жол тосуучулук кылып жатасыңар жана чогулган жериңерде күнөө иштерди жасап жатасыңар! (Каапыр, бузук, бачабаз) коомунун жообу: «Эгер чынчылдардан (пайгамбарлардан) болсоң, биздин үстүбүзгө Аллаһтын азабын түшүрчү!»-деген сөздөр гана болду
قَالَ رَبِّ انصُرْنِي عَلَى الْقَوْمِ الْمُفْسِدِينَ ۝٣٠
📖 Котормо Аят 30
(Анда Лут): «О, Раббим! Бузулган коомго каршы мага жардам бер!»-деди
وَلَمَّا جَاءَتْ رُسُلُنَا إِبْرَاهِيمَ بِالْبُشْرَىٰ قَالُوا إِنَّا مُهْلِكُو أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ ۖ إِنَّ أَهْلَهَا كَانُوا ظَالِمِينَ ۝٣١
📖 Котормо Аят 31
Биздин (периште) элчилерибиз Ибрахимге (перзент көрүшү жөнүндө) кушкабар алып келген учурда (ага): «Биз мына бул шаардын элин кыйратуучуларбыз. Чынында, анын элдери заалым болуп кетишиптир»- дешти
قَالَ إِنَّ فِيهَا لُوطًا ۚ قَالُوا نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَن فِيهَا ۖ لَنُنَجِّيَنَّهُ وَأَهْلَهُ إِلَّا امْرَأَتَهُ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ ۝٣٢
📖 Котормо Аят 32
«Ал шаардын ичинде Лут бар го!»-деди (Ибрахим). «Ал жерде ким бар экенин (сенден) жакшыраак билебиз. Биз Лут менен үй-бүлөсүн куткарабыз. Бирок, анын аялын гана куткарбайбыз. Ал кыйроочулардан болду
وَلَمَّا أَن جَاءَتْ رُسُلُنَا لُوطًا سِيءَ بِهِمْ وَضَاقَ بِهِمْ ذَرْعًا وَقَالُوا لَا تَخَفْ وَلَا تَحْزَنْ ۖ إِنَّا مُنَجُّوكَ وَأَهْلَكَ إِلَّا امْرَأَتَكَ كَانَتْ مِنَ الْغَابِرِينَ ۝٣٣
📖 Котормо Аят 33
Жана качан Биздин периште-элчилерибиз (сулуу жигиттердин түспөлүндө) Лутка келген учурда, булар себептүү жаман абалга түшүп, жүрөгү кысылды. Алар (Лутка өздөрүн таанытып): «Коркпогун жана капа болбогун. Биз сени жана үй-бүлөңдү — бир аялыңдан башкасын — куткарабыз. (Ал эми, аялың) кыйроого учурай тургандардан болду
إِنَّا مُنزِلُونَ عَلَىٰ أَهْلِ هَٰذِهِ الْقَرْيَةِ رِجْزًا مِّنَ السَّمَاءِ بِمَا كَانُوا يَفْسُقُونَ ۝٣٤
📖 Котормо Аят 34
Албетте биз бул (бузулган) шаардын үстүнө, жасаган бузукулуктарынын жазасына асмандан азап түшүрөбүз»-дешти
وَلَقَد تَّرَكْنَا مِنْهَا آيَةً بَيِّنَةً لِّقَوْمٍ يَعْقِلُونَ ۝٣٥
📖 Котормо Аят 35
Биз ал шаардын (кээ бир жерлерин) акылдуу адамдарга (кудуретибизден) белги болсун деп жөн койдук
وَإِلَىٰ مَدْيَنَ أَخَاهُمْ شُعَيْبًا فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ وَارْجُوا الْيَوْمَ الْآخِرَ وَلَا تَعْثَوْا فِي الْأَرْضِ مُفْسِدِينَ ۝٣٦
📖 Котормо Аят 36
Мадянга өз бир туугандары Шуайбды (пайгамбар кылып жибердик). Ал айтты: «О, коомум! Аллаһка гана ибадат кылгыла! Акырет Күндөн үмүт кылгыла! Жана жер бетинде бузукулук менен аракеттенбегиле!»
فَكَذَّبُوهُ فَأَخَذَتْهُمُ الرَّجْفَةُ فَأَصْبَحُوا فِي دَارِهِمْ جَاثِمِينَ ۝٣٧
📖 Котормо Аят 37
Бирок, аны «жалганчы» дешти. Ошондон соң аларды (катуу айкырык аралашкан) жер титирөө кармап, чөгөлөгөн бойдон кыйрап калышты
وَعَادًا وَثَمُودَ وَقَد تَّبَيَّنَ لَكُم مِّن مَّسَاكِنِهِمْ ۖ وَزَيَّنَ لَهُمُ الشَّيْطَانُ أَعْمَالَهُمْ فَصَدَّهُمْ عَنِ السَّبِيلِ وَكَانُوا مُسْتَبْصِرِينَ ۝٣٨
📖 Котормо Аят 38
(Ошондой эле) Аад, Самуд элдерин да (кыйраттык). Силерге алардын жашаган орун-дары(нын ойрондолгон издери) анык билинип турат. (Кыйраган себептери) шайтан аларга (бузук) иштерин кооздоп көргөзгөн жана (ак) жолдон тоскон. Жана алар акыл-эси жайында эле
وَقَارُونَ وَفِرْعَوْنَ وَهَامَانَ ۖ وَلَقَدْ جَاءَهُم مُّوسَىٰ بِالْبَيِّنَاتِ فَاسْتَكْبَرُوا فِي الْأَرْضِ وَمَا كَانُوا سَابِقِينَ ۝٣٩
📖 Котормо Аят 39
(Жана Биз) Каарун, Фираун, Хаамандарды да (кыйраттык). Аларга Муса анык аят-далилдер алып келген. Бирок, жер бетинде текеберленишти. Жана (баштарына Аллаһтын азабы келгенде) качып кутулуучулардан болбоду
فَكُلًّا أَخَذْنَا بِذَنبِهِ ۖ فَمِنْهُم مَّنْ أَرْسَلْنَا عَلَيْهِ حَاصِبًا وَمِنْهُم مَّنْ أَخَذَتْهُ الصَّيْحَةُ وَمِنْهُم مَّنْ خَسَفْنَا بِهِ الْأَرْضَ وَمِنْهُم مَّنْ أَغْرَقْنَا ۚ وَمَا كَانَ اللَّهُ لِيَظْلِمَهُمْ وَلَٰكِن كَانُوا أَنفُسَهُمْ يَظْلِمُونَ ۝٤٠
📖 Котормо Аят 40
Бардыгын өз күнөөлөрү себептүү азапка дуушар кылдык: Кээ бирөөсүнө таш-жамгыр жаадырдык, кээ бирөөлөрүн ачуу айкырык кыйратты, кээ бирөөсүн жерге жуткурдук жана кээ бирин (сууга) чөктүрдүк. (Демек) Аларга Аллаһ зулум кылбады. Бирок, өздөрүнө-өздөрү зулум кылышты
مَثَلُ الَّذِينَ اتَّخَذُوا مِن دُونِ اللَّهِ أَوْلِيَاءَ كَمَثَلِ الْعَنكَبُوتِ اتَّخَذَتْ بَيْتًا ۖ وَإِنَّ أَوْهَنَ الْبُيُوتِ لَبَيْتُ الْعَنكَبُوتِ ۖ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ ۝٤١
📖 Котормо Аят 41
Аллаһтан башка («кудайларды») дос-башчы туткан адамдардын мисалы (өзүнө ичке желелерден) үй куруп алган жөргөмүшкө окшойт.! Алар (мушриктер) эгер билсе, үйлөрдүн эң алсызы жөргөмүштүн үйү
إِنَّ اللَّهَ يَعْلَمُ مَا يَدْعُونَ مِن دُونِهِ مِن شَيْءٍ ۚ وَهُوَ الْعَزِيزُ الْحَكِيمُ ۝٤٢
📖 Котормо Аят 42
Албетте, Аллаһ алар дуба (ибадат) кылып жаткан башка «кудайларын(ын» алсыздыгын) билет. Жана Бир Өзү гана Кудуреттүү, Даанышман
وَتِلْكَ الْأَمْثَالُ نَضْرِبُهَا لِلنَّاسِ ۖ وَمَا يَعْقِلُهَا إِلَّا الْعَالِمُونَ ۝٤٣
📖 Котормо Аят 43
Биз адамдарга мына ушул мисалдарды келтирдик. Аларды акылдуу инсандар гана түшүнөт
خَلَقَ اللَّهُ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ بِالْحَقِّ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَةً لِّلْمُؤْمِنِينَ ۝٤٤
📖 Котормо Аят 44
Аллаһ асмандарды жана Жерди акыйкат менен жаратты. Чынында, бул нерседе ыймандуу адамдар үчүн (Биздин кудуретибизге) белги бар
اتْلُ مَا أُوحِيَ إِلَيْكَ مِنَ الْكِتَابِ وَأَقِمِ الصَّلَاةَ ۖ إِنَّ الصَّلَاةَ تَنْهَىٰ عَنِ الْفَحْشَاءِ وَالْمُنكَرِ ۗ وَلَذِكْرُ اللَّهِ أَكْبَرُ ۗ وَاللَّهُ يَعْلَمُ مَا تَصْنَعُونَ ۝٤٥
📖 Котормо Аят 45
(О, Мухаммад!) Өзүңө вахий кылынган Китепти (Кураанды адамдарга) окуп бер жана намазды (калтырбай) орундат. Чынында, намаз бузук жана күнөө иштерден кайтарат. Аллаһты зикир кылуу эң улук нерсе. Аллаһ силердин эмне жасаганыңарды билип турат
۞ وَلَا تُجَادِلُوا أَهْلَ الْكِتَابِ إِلَّا بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ إِلَّا الَّذِينَ ظَلَمُوا مِنْهُمْ ۖ وَقُولُوا آمَنَّا بِالَّذِي أُنزِلَ إِلَيْنَا وَأُنزِلَ إِلَيْكُمْ وَإِلَٰهُنَا وَإِلَٰهُكُمْ وَاحِدٌ وَنَحْنُ لَهُ مُسْلِمُونَ ۝٤٦
📖 Котормо Аят 46
Силер (о, момундар) китеп элдери (яхудийлер, христиандар) менен талашып-тартышып калсаңар, эң жакшы (сөздөр) менен талашкыла. Ал эми, алардын арасынан (акыйкатка) зулум кылгандар (менен катуу-бекем талашкыла) Жана айткыла: «Биз өзүбүзгө түшүрүлгөн Кураанга жана силерге түшүрүлгөн нерсеге (Тооратка, Инжилге) ыйман келтиргенбиз. Биздин кудайыбыз жана силердин кудайыңар бир. Биз Ага моюн сунуучуларбыз»
وَكَذَٰلِكَ أَنزَلْنَا إِلَيْكَ الْكِتَابَ ۚ فَالَّذِينَ آتَيْنَاهُمُ الْكِتَابَ يُؤْمِنُونَ بِهِ ۖ وَمِنْ هَٰؤُلَاءِ مَن يُؤْمِنُ بِهِ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الْكَافِرُونَ ۝٤٧
📖 Котормо Аят 47
Ошентип, (о, Мухаммад!) сага Китеп түшүрдүк. Биз китеп түшүргөндөр (яхудийлер менен христиандар)да ал Китепке (Кураанга) ыйман келтиришүүдө! Тигилердин (араб мушриктеринин) арасында деле Кураанга ыйман келтиргендер бар. Биздин аяттарыбызды каапыр адамдар гана четке кагат
وَمَا كُنتَ تَتْلُو مِن قَبْلِهِ مِن كِتَابٍ وَلَا تَخُطُّهُ بِيَمِينِكَ ۖ إِذًا لَّارْتَابَ الْمُبْطِلُونَ ۝٤٨
📖 Котормо Аят 48
Сен Кураандан мурда эч бир китепти окуган эмессиң. Сен аны (китеп-катты) өзүңдүн оң колуң менен жазууну билген эмессиң. (Эгер сен окуу-жазууну билген болсоң) анда, кара ниеттер (Кураанды өзү жазып алган деп) шектенип калышмак
بَلْ هُوَ آيَاتٌ بَيِّنَاتٌ فِي صُدُورِ الَّذِينَ أُوتُوا الْعِلْمَ ۚ وَمَا يَجْحَدُ بِآيَاتِنَا إِلَّا الظَّالِمُونَ ۝٤٩
📖 Котормо Аят 49
Жок! Ал (Кураан) илимдүү кишилердин көкүрөгүндөгү анык-айкын аяттар! Биздин аяттарыбызды заалым адамдар гана четке кагат
وَقَالُوا لَوْلَا أُنزِلَ عَلَيْهِ آيَاتٌ مِّن رَّبِّهِ ۖ قُلْ إِنَّمَا الْآيَاتُ عِندَ اللَّهِ وَإِنَّمَا أَنَا نَذِيرٌ مُّبِينٌ ۝٥٠
📖 Котормо Аят 50
Жана алар (мушриктер): «Мухаммадга Раббиси тарабынан (көз көрүнөө бир) аян-моожизалар келсе (гана ыйман келтирет элек)» дешет. Айткын: «Моожизалар Аллаһтын ыктыярында. Мен болгону, анык эскертүүчүмүн
أَوَلَمْ يَكْفِهِمْ أَنَّا أَنزَلْنَا عَلَيْكَ الْكِتَابَ يُتْلَىٰ عَلَيْهِمْ ۚ إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَرَحْمَةً وَذِكْرَىٰ لِقَوْمٍ يُؤْمِنُونَ ۝٥١
📖 Котормо Аят 51
(О, Мухаммад!) Биз сага түшүргөн Китеп аларга жетиштүү эмес бекен?! Аларга окуп берилүүдө го?! Чынында бул Китепте ыйман келтирген элдер үчүн ырайым жана акыл-насааттар бар
قُلْ كَفَىٰ بِاللَّهِ بَيْنِي وَبَيْنَكُمْ شَهِيدًا ۖ يَعْلَمُ مَا فِي السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضِ ۗ وَالَّذِينَ آمَنُوا بِالْبَاطِلِ وَكَفَرُوا بِاللَّهِ أُولَٰئِكَ هُمُ الْخَاسِرُونَ ۝٥٢
📖 Котормо Аят 52
(Сен аларга): «Мени менен силердин араңарда күбө, Ал асмандардагы жана жердеги бардык нерселерди билип турат. жалганга ыйман келтирип, Аллаһга каапыр болгондор... дал ошолор гана зыян тартуучулар» дегин
وَيَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ ۚ وَلَوْلَا أَجَلٌ مُّسَمًّى لَّجَاءَهُمُ الْعَذَابُ وَلَيَأْتِيَنَّهُم بَغْتَةً وَهُمْ لَا يَشْعُرُونَ ۝٥٣
📖 Котормо Аят 53
«Азабыңды алып кел» деп сени шаштырып жатышат.! Эгер белгиленген мөөнөт болбогондо, аларга азап тез эле келмек. Жана аларга азап капысынан, (эч нерсени) сезбей турган маалда келип калат
يَسْتَعْجِلُونَكَ بِالْعَذَابِ وَإِنَّ جَهَنَّمَ لَمُحِيطَةٌ بِالْكَافِرِينَ ۝٥٤
📖 Котормо Аят 54
Сени шаштырып, азап сурап жатышат! Тозок каапырларды албетте, ороп алуучу
يَوْمَ يَغْشَاهُمُ الْعَذَابُ مِن فَوْقِهِمْ وَمِن تَحْتِ أَرْجُلِهِمْ وَيَقُولُ ذُوقُوا مَا كُنتُمْ تَعْمَلُونَ ۝٥٥
📖 Котормо Аят 55
Ал күнү аларды үстүнөн да буттарынын түбүнөн да азап ороп алат жана (Аллаһ): «Өзүңөр жасаган иштерди(н жазасын) тарткыла!» дейт
يَا عِبَادِيَ الَّذِينَ آمَنُوا إِنَّ أَرْضِي وَاسِعَةٌ فَإِيَّايَ فَاعْبُدُونِ ۝٥٦
📖 Котормо Аят 56
О, ыймандуу пенделерим! Менин жерим кенен. Менин Өзүмө гана ибадат кылгыла
كُلُّ نَفْسٍ ذَائِقَةُ الْمَوْتِ ۖ ثُمَّ إِلَيْنَا تُرْجَعُونَ ۝٥٧
📖 Котормо Аят 57
Ар бир жан өлүмдү татуучу. (Өлүмдөн) кийин Бизге гана кайтарыласыңар
وَالَّذِينَ آمَنُوا وَعَمِلُوا الصَّالِحَاتِ لَنُبَوِّئَنَّهُم مِّنَ الْجَنَّةِ غُرَفًا تَجْرِي مِن تَحْتِهَا الْأَنْهَارُ خَالِدِينَ فِيهَا ۚ نِعْمَ أَجْرُ الْعَامِلِينَ ۝٥٨
📖 Котормо Аят 58
Ыйман келтирип, салих (сооп) амалдарды жасаган адамдарды Биз Бейиштин эң мартабалуу орундарына жайгаштырабыз. Анын түбүнөн дарыялар агып турат жана алар анда түбөлүккө (жашап) калышат. (Салих) амал кылуучу адамдардын сыйлыгы кандай сонун
الَّذِينَ صَبَرُوا وَعَلَىٰ رَبِّهِمْ يَتَوَكَّلُونَ ۝٥٩
📖 Котормо Аят 59
Алар сабыр кылган жана Раббилерине тобокел кыла турган адамдар
وَكَأَيِّن مِّن دَابَّةٍ لَّا تَحْمِلُ رِزْقَهَا اللَّهُ يَرْزُقُهَا وَإِيَّاكُمْ ۚ وَهُوَ السَّمِيعُ الْعَلِيمُ ۝٦٠
📖 Котормо Аят 60
(Ааламда) өз ырыскысын таба албаган нечен-нечен жаныбарлар бар. Аларга да, силерге да Аллаһ ырыскы берет. Ал — Угуучу, Билүүчү
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّنْ خَلَقَ السَّمَاوَاتِ وَالْأَرْضَ وَسَخَّرَ الشَّمْسَ وَالْقَمَرَ لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۖ فَأَنَّىٰ يُؤْفَكُونَ ۝٦١
📖 Котормо Аят 61
Эгер сен алардан (араб мушриктеринен): «Асмандар менен Жерди ким жараткан жана Күн менен Айды ким (Өзүнө) моюн сундурган?» - деп сурасаң, «Аллаһ» - дешет. (Ошол Аллаһка сыйынбай ) дагы кайда кетип жатышат
اللَّهُ يَبْسُطُ الرِّزْقَ لِمَن يَشَاءُ مِنْ عِبَادِهِ وَيَقْدِرُ لَهُ ۚ إِنَّ اللَّهَ بِكُلِّ شَيْءٍ عَلِيمٌ ۝٦٢
📖 Котормо Аят 62
Аллаһ пенделеринин арасынан каалаганына кенен, каалаганына ченеп ырыскы берет. Аллаһ ар нерсени Билүүчү
وَلَئِن سَأَلْتَهُم مَّن نَّزَّلَ مِنَ السَّمَاءِ مَاءً فَأَحْيَا بِهِ الْأَرْضَ مِن بَعْدِ مَوْتِهَا لَيَقُولُنَّ اللَّهُ ۚ قُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ ۚ بَلْ أَكْثَرُهُمْ لَا يَعْقِلُونَ ۝٦٣
📖 Котормо Аят 63
(О, Мухаммад!) Эгер сен алардан: «Асмандардан суу түшүрүп, аны менен, өлүк жерди тирилткен ким?»-деп сурасаң, албетте «Аллаһ»-дешет. Айткын: «Аллаһка мактоо болсун!» Жок! Алардын көпчүлүгү акылдарын иштетпей жатышат
وَمَا هَٰذِهِ الْحَيَاةُ الدُّنْيَا إِلَّا لَهْوٌ وَلَعِبٌ ۚ وَإِنَّ الدَّارَ الْآخِرَةَ لَهِيَ الْحَيَوَانُ ۚ لَوْ كَانُوا يَعْلَمُونَ ۝٦٤
📖 Котормо Аят 64
Бул дүйнө жашоосу оюн-зооктон башка (нерсе) эмес. Чыныгы жашоо — бул Акырет жашоосу, эгер билишсе
فَإِذَا رَكِبُوا فِي الْفُلْكِ دَعَوُا اللَّهَ مُخْلِصِينَ لَهُ الدِّينَ فَلَمَّا نَجَّاهُمْ إِلَى الْبَرِّ إِذَا هُمْ يُشْرِكُونَ ۝٦٥
📖 Котормо Аят 65
Эгер алар кемеге минишсе (жана катуу добул болуп, кеме чайпала баштаса) Аллаһтын жалгыз Өзүнө, түздөн-түз, ыклас менен дуба (ибадат) кылышат. Ал эми, Аллаһ аларды (апааттан) куткарып, жээкке чыгарып койсо, кайрадан ширк кыла башташат
لِيَكْفُرُوا بِمَا آتَيْنَاهُمْ وَلِيَتَمَتَّعُوا ۖ فَسَوْفَ يَعْلَمُونَ ۝٦٦
📖 Котормо Аят 66
Биз (нээмат кылып) берген нерселерге (ушинтип) шүгүрсүз боло беришсин жана (өткөөл, убактылуу жашоо жыргалдарынан) пайдаланып калышсын. Жакында (адашкандарын) билип алышат
أَوَلَمْ يَرَوْا أَنَّا جَعَلْنَا حَرَمًا آمِنًا وَيُتَخَطَّفُ النَّاسُ مِنْ حَوْلِهِمْ ۚ أَفَبِالْبَاطِلِ يُؤْمِنُونَ وَبِنِعْمَةِ اللَّهِ يَكْفُرُونَ ۝٦٧
📖 Котормо Аят 67
Алар (Макка мушриктери) ойлонушпайбы: Биз (алар жашаган шаарды) Харам (Анда талоончулук, адам өлтүрүү арам жана) тынч (шаар) кылдык. Алардын тегерегиндеги адамдар (Харамда жашабаганы себептүү) таланып-тонолууда. (Дагы эле) жалган(кудайлар)га ыйман келтирип, Аллаһтын нээматына каапыр боло беришеби
وَمَنْ أَظْلَمُ مِمَّنِ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا أَوْ كَذَّبَ بِالْحَقِّ لَمَّا جَاءَهُ ۚ أَلَيْسَ فِي جَهَنَّمَ مَثْوًى لِّلْكَافِرِينَ ۝٦٨
📖 Котормо Аят 68
(«Жаратканга бизди ортомчу-кудайлар жакындаштырат» деп) Аллаһка жалаа жапкан же болбосо, өзүнө келген Акыйкатты (Кураанды) жалганга чыгарган кишиден да көбүрөөк заалым (каапыр) адам барбы?! Тозокто каапырларга орун жок бекен
وَالَّذِينَ جَاهَدُوا فِينَا لَنَهْدِيَنَّهُمْ سُبُلَنَا ۚ وَإِنَّ اللَّهَ لَمَعَ الْمُحْسِنِينَ ۝٦٩
📖 Котормо Аят 69
Биздин жолубузда жихад кылган кишилерди Өз жолубузга баштап койобуз. Аллаһ (ар дайым) эхсан (жакшылык) кылуучулар менен
← 28 Аль-Анкабут (29/114) 30 →
Окуу Аль-Анкабут сүрөсү Кыргызча – Котормо жана Аудио

29العنكبوت Al-'Ankabut 📚 69 Аят مكية

Аят-аят – Аль-Анкабут сүрөсү — 69 Аят




Ыйык Куран


Tuesday, August 18, 2026

Don't forget us in your sincere prayers