Surah Al-Waqiah with Kyrgyz

  1. Surah mp3
  2. More
  3. Kyrgyz
The Holy Quran | Quran translation | Language Kyrgyz | Surah Waqiah | الواقعة - Ayat Count 96 - The number of the surah in moshaf: 56 - The meaning of the surah in English: The Inevitable, The Event.

إِذَا وَقَعَتِ الْوَاقِعَةُ(1)

 (Кыяматтык) окуя болгондо

لَيْسَ لِوَقْعَتِهَا كَاذِبَةٌ(2)

 Анын болгонун эч ким «жалган» дей албайт

خَافِضَةٌ رَّافِعَةٌ(3)

 Ал төмөндөтүүчү, бийиктетүүчү

إِذَا رُجَّتِ الْأَرْضُ رَجًّا(4)

 Жер катуу силкинип, титирегенде

وَبُسَّتِ الْجِبَالُ بَسًّا(5)

 Тоолор дагы талкаланып

فَكَانَتْ هَبَاءً مُّنبَثًّا(6)

 чаң-тозонго айланганда

وَكُنتُمْ أَزْوَاجًا ثَلَاثَةً(7)

 Жана силер (төмөндөгү) үч тайпага бөлүнгөндө

فَأَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ مَا أَصْحَابُ الْمَيْمَنَةِ(8)

 Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери кандай (бийик даража)

وَأَصْحَابُ الْمَشْأَمَةِ مَا أَصْحَابُ الْمَشْأَمَةِ(9)

 Жанасол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)

وَالسَّابِقُونَ السَّابِقُونَ(10)

 Алдыңкылар — алдыңкылар

أُولَٰئِكَ الْمُقَرَّبُونَ(11)

 Ошолор (Аллаһка) жакын болгондор

فِي جَنَّاتِ النَّعِيمِ(12)

 Алар «Наим» (нээматы эң көп) бейиштерде болушат

ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ(13)

 (Наим бейишине) абалкы момундардан көбүрөөк жамааттар

وَقَلِيلٌ مِّنَ الْآخِرِينَ(14)

 Акыркылардан азыраак жамааттар (түшөт)

عَلَىٰ سُرُرٍ مَّوْضُونَةٍ(15)

 Алар (асыл таштар аралаш) токулган сөрүлөрдө

مُّتَّكِئِينَ عَلَيْهَا مُتَقَابِلِينَ(16)

 жамбаштап, бири-бирине бетмаңдай (сүйлөшүп) отурушат

يَطُوفُ عَلَيْهِمْ وِلْدَانٌ مُّخَلَّدُونَ(17)

 (Алардын кызматында) түбөлүк жаш жигиттер тегеренип жүрүшөт

بِأَكْوَابٍ وَأَبَارِيقَ وَكَأْسٍ مِّن مَّعِينٍ(18)

 Таттуу шарап толтурулган, көзөлөрү, кумуралары, чөйчөктөрү менен

لَّا يُصَدَّعُونَ عَنْهَا وَلَا يُنزِفُونَ(19)

 Ал шараптан алардын баштары оорубайт жана мас болушпайт

وَفَاكِهَةٍ مِّمَّا يَتَخَيَّرُونَ(20)

 (Кызматчы жигиттер, алар) тандаган мөмөлөр менен

وَلَحْمِ طَيْرٍ مِّمَّا يَشْتَهُونَ(21)

 табити каалаган (ар түрдүү, бышкан) куш эттери менен (тегеренип жүрүшөт)

وَحُورٌ عِينٌ(22)

 Жана (алар үчүн) бакыраң көз үр кыздар бар

كَأَمْثَالِ اللُّؤْلُؤِ الْمَكْنُونِ(23)

 (Седепте) жашынган бермет сыяктуу

جَزَاءً بِمَا كَانُوا يَعْمَلُونَ(24)

 Жасаган (сооп) иштеринин сыйлыгына

لَا يَسْمَعُونَ فِيهَا لَغْوًا وَلَا تَأْثِيمًا(25)

 (Бейишилер) ал жерде маанисиз жана уят (күнөө) сөздөрдү угушпайт

إِلَّا قِيلًا سَلَامًا سَلَامًا(26)

 Бир гана «салам-салам» (деген) сөздөрдү угушат

وَأَصْحَابُ الْيَمِينِ مَا أَصْحَابُ الْيَمِينِ(27)

 Оңтарап ээлери. Оң тарап ээлери не деген (бакыт)

فِي سِدْرٍ مَّخْضُودٍ(28)

 (Алар) тикенсиз «Сидр»! дарагынын арасында

وَطَلْحٍ مَّنضُودٍ(29)

 Мөмөлүү банан бактарында

وَظِلٍّ مَّمْدُودٍ(30)

 Жайылган (кенен) көлөкөлөрдө

وَمَاءٍ مَّسْكُوبٍ(31)

 (Шар) аккан суулар(дын боюн)да

وَفَاكِهَةٍ كَثِيرَةٍ(32)

 Көп мөмө-жемиштердин ичинде —

لَّا مَقْطُوعَةٍ وَلَا مَمْنُوعَةٍ(33)

 Түгөнбөгөн, үзүлбөгөн

وَفُرُشٍ مَّرْفُوعَةٍ(34)

 (Жана) балпайган (жумшак, жибек) төшөктөрдө

إِنَّا أَنشَأْنَاهُنَّ إِنشَاءً(35)

 Биз аларды (Бейиштеги үр кыздарды) өзгөчө жаратуу менен жараттык

فَجَعَلْنَاهُنَّ أَبْكَارًا(36)

 Биз аларды бикир* кылып жаратып

عُرُبًا أَتْرَابًا(37)

 Бир тегиз куракта жана өтө сүймөнчүк (назик) кылып койдук

لِّأَصْحَابِ الْيَمِينِ(38)

 Оң тарап ээлери үчүн

ثُلَّةٌ مِّنَ الْأَوَّلِينَ(39)

 Алар (оң тарап ээлери) абалкылардан көп жамааттар

وَثُلَّةٌ مِّنَ الْآخِرِينَ(40)

 Акыркылардан азыраак жамааттар

وَأَصْحَابُ الشِّمَالِ مَا أَصْحَابُ الشِّمَالِ(41)

 Жана сол тарап ээлери. Сол тарап ээлери кандай (төмөн даража)

فِي سَمُومٍ وَحَمِيمٍ(42)

 Алар «самум» менен «хамимдин!»!ичинде

وَظِلٍّ مِّن يَحْمُومٍ(43)

 жана кап-кара түтүндүн «көлөкөсүндө»

لَّا بَارِدٍ وَلَا كَرِيمٍ(44)

 Анын салкыны да жок, көркү да жок

إِنَّهُمْ كَانُوا قَبْلَ ذَٰلِكَ مُتْرَفِينَ(45)

 Алар мурда(гы жашоосунда) арамкор адамдар эле

وَكَانُوا يُصِرُّونَ عَلَى الْحِنثِ الْعَظِيمِ(46)

 Алар үзгүлтүксүз, чоң күнөөлөрдү жасашкан

وَكَانُوا يَقُولُونَ أَئِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ(47)

 Жана «Биз өлүп топурак жана (чириген) сөөк болуп калсак деле кайра тирилет бекенбиз

أَوَآبَاؤُنَا الْأَوَّلُونَ(48)

 Ата-бабаларыбыз дагы (кайра тирилет бекен?)»-дешкен

قُلْ إِنَّ الْأَوَّلِينَ وَالْآخِرِينَ(49)

 (Аларга айт): «Чынында, абалкылар дагы, акыркылар дагы

لَمَجْمُوعُونَ إِلَىٰ مِيقَاتِ يَوْمٍ مَّعْلُومٍ(50)

 Белгиленген күндүн убадасына чогултулат

ثُمَّ إِنَّكُمْ أَيُّهَا الضَّالُّونَ الْمُكَذِّبُونَ(51)

 Кийин, эй, акыретти «жалган» деп адашкандар

لَآكِلُونَ مِن شَجَرٍ مِّن زَقُّومٍ(52)

 «Заккум» дарагыңн(ын ачуу, тикенектүү «мөмөсүн») жейсиңер

فَمَالِئُونَ مِنْهَا الْبُطُونَ(53)

 Аны менен курсагыңарды толтуруп

فَشَارِبُونَ عَلَيْهِ مِنَ الْحَمِيمِ(54)

 Үстүнөн кайнак суу ичесиңер

فَشَارِبُونَ شُرْبَ الْهِيمِ(55)

 Суусаган төө сыяктуу (жуткунуп) ичесиңер!»

هَٰذَا نُزُلُهُمْ يَوْمَ الدِّينِ(56)

 Алардын Кыяматтагы «сыйтамагы» — ушул

نَحْنُ خَلَقْنَاكُمْ فَلَوْلَا تُصَدِّقُونَ(57)

 (О, инсандар!) Силерди биз жаратканбыз, ишенгиле

أَفَرَأَيْتُم مَّا تُمْنُونَ(58)

 Өзүңөр агызган бел суу жөнүндө ойлоп көрдүңөрбү

أَأَنتُمْ تَخْلُقُونَهُ أَمْ نَحْنُ الْخَالِقُونَ(59)

 Аны (адам кылып) өзүңөр жаратып аласыңарбы же биз жаратабызбы

نَحْنُ قَدَّرْنَا بَيْنَكُمُ الْمَوْتَ وَمَا نَحْنُ بِمَسْبُوقِينَ(60)

 Силердин араңардагы өлүмдү да Биз тагдыр кылганбыз жана Биз алсыз эмеспиз

عَلَىٰ أَن نُّبَدِّلَ أَمْثَالَكُمْ وَنُنشِئَكُمْ فِي مَا لَا تَعْلَمُونَ(61)

 Силерге окшогондорду (кыйратып, башка элге) алмаштырууга жана (Кыяматта) силерге белгисиз абалда кайра жаратууга

وَلَقَدْ عَلِمْتُمُ النَّشْأَةَ الْأُولَىٰ فَلَوْلَا تَذَكَّرُونَ(62)

 Билесиңерго, (Аллаһ жасаган) абалкы жаратууну. Эсиңерге келбейсиңерби

أَفَرَأَيْتُم مَّا تَحْرُثُونَ(63)

 Өзүңөрдүн эгиндериңерге карабайсыңарбы

أَأَنتُمْ تَزْرَعُونَهُ أَمْ نَحْنُ الزَّارِعُونَ(64)

 Аны өзүңөр өндүрдүңөрбү же Биз өндүрдүкпү

لَوْ نَشَاءُ لَجَعَلْنَاهُ حُطَامًا فَظَلْتُمْ تَفَكَّهُونَ(65)

 Эгер кааласак Биз аны кууратып коймокбуз. Анан силер таңыркаган бойдон кайгырып

إِنَّا لَمُغْرَمُونَ(66)

 «Чынында биз зыянга баттык

بَلْ نَحْنُ مَحْرُومُونَ(67)

 (Ырыскыдан) кол жууп калдык!»-демексиңер

أَفَرَأَيْتُمُ الْمَاءَ الَّذِي تَشْرَبُونَ(68)

 Ичип жаткан сууңарга карабайсыңарбы

أَأَنتُمْ أَنزَلْتُمُوهُ مِنَ الْمُزْنِ أَمْ نَحْنُ الْمُنزِلُونَ(69)

 Аны булут арасынан силер түшүрдүңөрбү же Биз түшүрдүкпү

لَوْ نَشَاءُ جَعَلْنَاهُ أُجَاجًا فَلَوْلَا تَشْكُرُونَ(70)

 Эгер кааласак Биз аны туздуу кылып коймокбуз. Шүгүр кылбайсыңарбы

أَفَرَأَيْتُمُ النَّارَ الَّتِي تُورُونَ(71)

 Өзүңөр жагып жаткан отко байкоо салдыңарбы

أَأَنتُمْ أَنشَأْتُمْ شَجَرَتَهَا أَمْ نَحْنُ الْمُنشِئُونَ(72)

 Анын (отун болгон) дарагын өзүңөр жаратып алдыңарбы же Биз жаратып бердикби

نَحْنُ جَعَلْنَاهَا تَذْكِرَةً وَمَتَاعًا لِّلْمُقْوِينَ(73)

 Биз жаратканбыз аны, (Кыяматтагы тозок отунан) эскерме иретинде жана мусапырлар пайдаланышы үчүн

فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ(74)

 Эми (о, Мухаммад) Улук Раббиңдин ысымын (кемчилдиктүү сыпаттардан) аруула

۞ فَلَا أُقْسِمُ بِمَوَاقِعِ النُّجُومِ(75)

 Мен жылдыздардын (баткандагы жана чыккандагы) орду менен ант ичемин

وَإِنَّهُ لَقَسَمٌ لَّوْ تَعْلَمُونَ عَظِيمٌ(76)

 Бул өтө улук ант, эгер билсеңер

إِنَّهُ لَقُرْآنٌ كَرِيمٌ(77)

 Ал- Улук Кураан

فِي كِتَابٍ مَّكْنُونٍ(78)

 Сакталган-жашыруун Китепте

لَّا يَمَسُّهُ إِلَّا الْمُطَهَّرُونَ(79)

 Аны (Кураанды) таза адамдар гана кармайт

تَنزِيلٌ مِّن رَّبِّ الْعَالَمِينَ(80)

 Ал—- ааламдардын Раббиси тарабынан түшүрүлгөн

أَفَبِهَٰذَا الْحَدِيثِ أَنتُم مُّدْهِنُونَ(81)

 Силер бул (Улук) Сөздү баалабайсыңарбы

وَتَجْعَلُونَ رِزْقَكُمْ أَنَّكُمْ تُكَذِّبُونَ(82)

 Аны «жалган» деп, четке кагууну өнөр-ырыскы кылып аласыңарбы

فَلَوْلَا إِذَا بَلَغَتِ الْحُلْقُومَ(83)

 (Эгер бир жакыныңардын) жан(ы) алкымга келсе

وَأَنتُمْ حِينَئِذٍ تَنظُرُونَ(84)

 Ошондо (колуңардан эч нерсе келбей) карап каласыңар

وَنَحْنُ أَقْرَبُ إِلَيْهِ مِنكُمْ وَلَٰكِن لَّا تُبْصِرُونَ(85)

 (Анткени), аларга (илим-кудуретибиз жана периштелерибиз менен) силерге караганда Биз жакыныраакпыз. Бирок, силер (аларды) көрбөйсүңөр

فَلَوْلَا إِن كُنتُمْ غَيْرَ مَدِينِينَ(86)

 Эгер силер (өлбөс жана) эсеп бербес болсоңор

تَرْجِعُونَهَا إِن كُنتُمْ صَادِقِينَ(87)

 (Алкымына келген) жанды кайтаргылачы кана, эгер чынчыл болсоңор

فَأَمَّا إِن كَانَ مِنَ الْمُقَرَّبِينَ(88)

 Эми эгер (жаны алкымга келген) адам алдыңкылардан болсо

فَرَوْحٌ وَرَيْحَانٌ وَجَنَّتُ نَعِيمٍ(89)

 (Ага наркы дүйнөдө) ырахат, жыргал жана «Наим» бейиши даяр

وَأَمَّا إِن كَانَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ(90)

 Ал эми ал оң тарап ээлеринен бири болсо

فَسَلَامٌ لَّكَ مِنْ أَصْحَابِ الْيَمِينِ(91)

 Анда сага (эй жаны алкымына келген пенде), оң тарап ээлеринин саламы болсун

وَأَمَّا إِن كَانَ مِنَ الْمُكَذِّبِينَ الضَّالِّينَ(92)

 Эгерде ал адашкан жана (Кураанды) «жалган» дегендерден болсо

فَنُزُلٌ مِّنْ حَمِيمٍ(93)

 Ага кайнак суудан «сыйтамак» берилип

وَتَصْلِيَةُ جَحِيمٍ(94)

 Тозокко ташталат

إِنَّ هَٰذَا لَهُوَ حَقُّ الْيَقِينِ(95)

 Чынында бул (айтылгандар) эч күмөнсүз Акыйкат

فَسَبِّحْ بِاسْمِ رَبِّكَ الْعَظِيمِ(96)

 Демек, Улук Раббиңдин ысымын аруулагын (ар убак)


More surahs in Kyrgyz:


Al-Baqarah Al-'Imran An-Nisa'
Al-Ma'idah Yusuf Ibrahim
Al-Hijr Al-Kahf Maryam
Al-Hajj Al-Qasas Al-'Ankabut
As-Sajdah Ya Sin Ad-Dukhan
Al-Fath Al-Hujurat Qaf
An-Najm Ar-Rahman Al-Waqi'ah
Al-Hashr Al-Mulk Al-Haqqah
Al-Inshiqaq Al-A'la Al-Ghashiyah

Download surah Al-Waqiah with the voice of the most famous Quran reciters :

surah Al-Waqiah mp3 : choose the reciter to listen and download the chapter Al-Waqiah Complete with high quality
surah Al-Waqiah Ahmed El Agamy
Ahmed Al Ajmy
surah Al-Waqiah Bandar Balila
Bandar Balila
surah Al-Waqiah Khalid Al Jalil
Khalid Al Jalil
surah Al-Waqiah Saad Al Ghamdi
Saad Al Ghamdi
surah Al-Waqiah Saud Al Shuraim
Saud Al Shuraim
surah Al-Waqiah Abdul Basit Abdul Samad
Abdul Basit
surah Al-Waqiah Abdul Rashid Sufi
Abdul Rashid Sufi
surah Al-Waqiah Abdullah Basfar
Abdullah Basfar
surah Al-Waqiah Abdullah Awwad Al Juhani
Abdullah Al Juhani
surah Al-Waqiah Fares Abbad
Fares Abbad
surah Al-Waqiah Maher Al Muaiqly
Maher Al Muaiqly
surah Al-Waqiah Muhammad Siddiq Al Minshawi
Al Minshawi
surah Al-Waqiah Al Hosary
Al Hosary
surah Al-Waqiah Al-afasi
Mishari Al-afasi
surah Al-Waqiah Yasser Al Dosari
Yasser Al Dosari


Monday, April 29, 2024

لا تنسنا من دعوة صالحة بظهر الغيب