قَدْ أَفْلَحَ الْمُؤْمِنُونَ(1) Чынында, ыймандуулар жеңишке (Бейишке) жетишти |
الَّذِينَ هُمْ فِي صَلَاتِهِمْ خَاشِعُونَ(2) Алар намаздарында (Аллаһтан) коркуп турушат.” |
وَالَّذِينَ هُمْ عَنِ اللَّغْوِ مُعْرِضُونَ(3) Алар маанисиз сөздөрдөн ыраак болушат |
وَالَّذِينَ هُمْ لِلزَّكَاةِ فَاعِلُونَ(4) Аларзекет (садакасын) беришет |
وَالَّذِينَ هُمْ لِفُرُوجِهِمْ حَافِظُونَ(5) Алар жыныс мүчөлөрүн (арамдан) сакташат |
إِلَّا عَلَىٰ أَزْوَاجِهِمْ أَوْ مَا مَلَكَتْ أَيْمَانُهُمْ فَإِنَّهُمْ غَيْرُ مَلُومِينَ(6) Ал эми, (никесиндеги) аялдары же болбосо күңдөрү менен? жатса айыптуу болбойт |
فَمَنِ ابْتَغَىٰ وَرَاءَ ذَٰلِكَ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْعَادُونَ(7) Кимде-ким ушулардан башка аялдарды (кошулуу үчүн) издесе — алар чектен чыгуучулар |
وَالَّذِينَ هُمْ لِأَمَانَاتِهِمْ وَعَهْدِهِمْ رَاعُونَ(8) Алар өздөрүнүн аманаттары менен убадаларын аткаруучулар |
وَالَّذِينَ هُمْ عَلَىٰ صَلَوَاتِهِمْ يُحَافِظُونَ(9) Дагы алар намаздарын сактоочулар |
أُولَٰئِكَ هُمُ الْوَارِثُونَ(10) Дал ошолор- мурас алуучулар |
الَّذِينَ يَرِثُونَ الْفِرْدَوْسَ هُمْ فِيهَا خَالِدُونَ(11) Алар анда түбөлүк кала турган Фирдаус Бейишин мурас кылып алышат |
وَلَقَدْ خَلَقْنَا الْإِنسَانَ مِن سُلَالَةٍ مِّن طِينٍ(12) Чынында, Биз инсанды ылайдын «сулааласынан»? жараттык |
ثُمَّ جَعَلْنَاهُ نُطْفَةً فِي قَرَارٍ مَّكِينٍ(13) Кийин аны бекем бир мекенде (эненин жатынында) нутфа (тамчы суу) кылдык |
ثُمَّ خَلَقْنَا النُّطْفَةَ عَلَقَةً فَخَلَقْنَا الْعَلَقَةَ مُضْغَةً فَخَلَقْنَا الْمُضْغَةَ عِظَامًا فَكَسَوْنَا الْعِظَامَ لَحْمًا ثُمَّ أَنشَأْنَاهُ خَلْقًا آخَرَ ۚ فَتَبَارَكَ اللَّهُ أَحْسَنُ الْخَالِقِينَ(14) Кийин ал нутфадан «алака»? (сүлүк курт сыяктуу коюу кан) жараттык. Андан кийин «алакадан» «мудга» (бир тиштем эт) жараттык. Андан соң «мудгадан» сөөк жаратып, ал сөөккө эт каптадык. Кийин аны башкача жаратылышта* өнүктүрдүк. Эң мыкты жаратуучу болгон Аллаһ Улук- Берекеттүү |
ثُمَّ إِنَّكُم بَعْدَ ذَٰلِكَ لَمَيِّتُونَ(15) Кийин ушундан соң силер (туулуп, жер бетинде жашап, дагы) өлөсүңөр |
ثُمَّ إِنَّكُمْ يَوْمَ الْقِيَامَةِ تُبْعَثُونَ(16) Кийин силер Кыямат Күндө (кайрадан) тирилтирилесиңер |
وَلَقَدْ خَلَقْنَا فَوْقَكُمْ سَبْعَ طَرَائِقَ وَمَا كُنَّا عَنِ الْخَلْقِ غَافِلِينَ(17) Чынында, Биз силердин үстүңөргө жети (кабат) жолду (асманды) жараттык. Жана Биз (Өзүбүз жараткан) калк-калайыктан кабарсыз эмеспиз |
وَأَنزَلْنَا مِنَ السَّمَاءِ مَاءً بِقَدَرٍ فَأَسْكَنَّاهُ فِي الْأَرْضِ ۖ وَإِنَّا عَلَىٰ ذَهَابٍ بِهِ لَقَادِرُونَ(18) Жана асмандан чен-өлчөм менен (кар, жамгыр, мөндүр түрүндө) суу түшүрүп, аны жерге жайгаштырабыз.! Биз ал (жайгашкан) сууну кетирип коюуга да кудуреттүүбүз |
فَأَنشَأْنَا لَكُم بِهِ جَنَّاتٍ مِّن نَّخِيلٍ وَأَعْنَابٍ لَّكُمْ فِيهَا فَوَاكِهُ كَثِيرَةٌ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ(19) Биз ал суу менен силерге курма бактарын, жүзүм бактарын өндүрүп беребиз. Ал бактарда силер үчүн (ар түрдүү) көп мөмөлөр бар. Силер андан жейсиңер |
وَشَجَرَةً تَخْرُجُ مِن طُورِ سَيْنَاءَ تَنبُتُ بِالدُّهْنِ وَصِبْغٍ لِّلْآكِلِينَ(20) Жана (ал суу менен) Тур-Сайнада? өсө турган даракты (Зайтунду пайда кылдык). Ал (дарак) май жана тамактануучулар үчүн (нанга жуурулчу) бойок менен өсөт |
وَإِنَّ لَكُمْ فِي الْأَنْعَامِ لَعِبْرَةً ۖ نُّسْقِيكُم مِّمَّا فِي بُطُونِهَا وَلَكُمْ فِيهَا مَنَافِعُ كَثِيرَةٌ وَمِنْهَا تَأْكُلُونَ(21) Албетте, силер үчүн үй-чарба айбандарында чоң ибарат-сабак бар. Биз силерди алардын ичиндеги нерсе (сүт) менен сугарабыз. Силерге ал айбандарда көп пайдалар бар. Жана алардан (эттеринен) жейсиңер |
وَعَلَيْهَا وَعَلَى الْفُلْكِ تُحْمَلُونَ(22) Жана алардын (ал эми деңизде) кемелердин үстүнө жүктөлүп (минип) жүрөсүңөр. (Кийинки аяттан баштап Аллаһ Таала Нух пайгамбардын жашоосунан үлгүлүү ибараттарды келтирет) |
وَلَقَدْ أَرْسَلْنَا نُوحًا إِلَىٰ قَوْمِهِ فَقَالَ يَا قَوْمِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ(23) Аныгында, Биз Нухту өз коомуна (пайгамбар кылып) жибердик. Ал айтты: «О, коомум, Аллаһка (түздөн-түз) ибадат кылгыла. (Ортого ортомчу кошпогула) Силерге андан башка Кудай жок. (Ошол жалгыз кудайдан) коркпойсуңарбы эми |
فَقَالَ الْمَلَأُ الَّذِينَ كَفَرُوا مِن قَوْمِهِ مَا هَٰذَا إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُكُمْ يُرِيدُ أَن يَتَفَضَّلَ عَلَيْكُمْ وَلَوْ شَاءَ اللَّهُ لَأَنزَلَ مَلَائِكَةً مَّا سَمِعْنَا بِهَٰذَا فِي آبَائِنَا الْأَوَّلِينَ(24) Анан анын коомунун арасынан каапыр болгон уруу башчылар (Нухту элге жек көргөзүү үчүн) айтышты: «Бул эч ким эмес, өзүңөр сыяктуу эле адам. Силерден абзел болуп алууну каалап жатат. Эгер Аллаһ (пайгамбар жиберүүнү кааласа) периштелерди жибермек. Биз муну(н айткандарын) абалкы ата-бабаларыбыздан уккан эмеспиз |
إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ بِهِ جِنَّةٌ فَتَرَبَّصُوا بِهِ حَتَّىٰ حِينٍ(25) Ал болгону жин тийген киши. Аны бир мезгилге чейин аңдып тургула!» |
قَالَ رَبِّ انصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ(26) (Нух) Айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (ал заалымдарга каршы) мага жардам бер!» |
فَأَوْحَيْنَا إِلَيْهِ أَنِ اصْنَعِ الْفُلْكَ بِأَعْيُنِنَا وَوَحْيِنَا فَإِذَا جَاءَ أَمْرُنَا وَفَارَ التَّنُّورُ ۙ فَاسْلُكْ فِيهَا مِن كُلٍّ زَوْجَيْنِ اثْنَيْنِ وَأَهْلَكَ إِلَّا مَن سَبَقَ عَلَيْهِ الْقَوْلُ مِنْهُمْ ۖ وَلَا تُخَاطِبْنِي فِي الَّذِينَ ظَلَمُوا ۖ إِنَّهُم مُّغْرَقُونَ(27) Биз ага вахий кылдык: « (О, Нух!) Биздин Көз алдыбызда, Биздин вахий (үйрөтүүбүз) менен (чоң) кеме жаса. Качан (каапырларга) буйругубуз (азап) келгенде жана тандыр(лардын ичинен да) суу атырылып чыкканда кемеге ар бир айбанаттан бир жуптан (эркек-ургаачысын) жана үй-бүлөңдү чыгар. Үй-бүлөңдөн бир гана анын зыянына (каргыш) Сөз өткөнүн (уулуңду) чыгарба жана заалым (каапыр) адамдар жөнүндө (ал сенин уулуң болсо да) Мага («аны куткар» деп) кайрылба!! Алар эч күмөнсүз чөктүрүлөт |
فَإِذَا اسْتَوَيْتَ أَنتَ وَمَن مَّعَكَ عَلَى الْفُلْكِ فَقُلِ الْحَمْدُ لِلَّهِ الَّذِي نَجَّانَا مِنَ الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ(28) Качан сен жана сени менен болгондор кемеге жайгашып алганыңарда: «Бизди заалым коомдордон куткарган Аллаһка мактоолор болсун!» - дегин |
وَقُل رَّبِّ أَنزِلْنِي مُنزَلًا مُّبَارَكًا وَأَنتَ خَيْرُ الْمُنزِلِينَ(29) Жана айткын: «О, Раббим! Мени берекеттүү орунга түшүр! Сен эң жакшы жайгаштыруучусуң!» |
إِنَّ فِي ذَٰلِكَ لَآيَاتٍ وَإِن كُنَّا لَمُبْتَلِينَ(30) Чынында, бул иштерде (кудуретибизге) белгилер бар. Биз (адамдарды) сынадык |
ثُمَّ أَنشَأْنَا مِن بَعْدِهِمْ قَرْنًا آخَرِينَ(31) Кийин алардын (топон суудан кыйрагандардын) артынан башка коомдорду пайда кылдык |
فَأَرْسَلْنَا فِيهِمْ رَسُولًا مِّنْهُمْ أَنِ اعْبُدُوا اللَّهَ مَا لَكُم مِّنْ إِلَٰهٍ غَيْرُهُ ۖ أَفَلَا تَتَّقُونَ(32) Аларга да өздөрүнүн арасынан пайгамбар жибердик. (Ал пайгамбар дагы Нух сыяктуу) «Аллаһка гана ибадат-кулчулук кылгыла! Силерге Андан башка кудай жок! Такыба болбойсуңарбы, эми!» (деп даават кылды) |
وَقَالَ الْمَلَأُ مِن قَوْمِهِ الَّذِينَ كَفَرُوا وَكَذَّبُوا بِلِقَاءِ الْآخِرَةِ وَأَتْرَفْنَاهُمْ فِي الْحَيَاةِ الدُّنْيَا مَا هَٰذَا إِلَّا بَشَرٌ مِّثْلُكُمْ يَأْكُلُ مِمَّا تَأْكُلُونَ مِنْهُ وَيَشْرَبُ مِمَّا تَشْرَبُونَ(33) Анын (пайгамбардын) коомунун ичиндеги каапыр болгон, Акыреттин келишин жалганга чыгарган жана Биз аларды дүйнө жашоосунда бай (ысырапчыл, оюн-зоокко берилген) абалда жашатып койгон уруу башчылары айтышты: «Бул эч ким эмес! Силер жеген нерселерден жеген, силер ичкен нерселерден ичкен, өзүңөр сыяктуу эле адам |
وَلَئِنْ أَطَعْتُم بَشَرًا مِّثْلَكُمْ إِنَّكُمْ إِذًا لَّخَاسِرُونَ(34) Эгер өзүңөргө окшогон (жөнөкөй) адамга моюн сунсаңар, анда силер зыян тартып каласыңар |
أَيَعِدُكُمْ أَنَّكُمْ إِذَا مِتُّمْ وَكُنتُمْ تُرَابًا وَعِظَامًا أَنَّكُم مُّخْرَجُونَ(35) Эмне, ал силерге: «Эгер, өлүп топурак же сөөк болуп калсаңар, (мүрзөдөн тирилип) чыгарыласыңар» деп убада берип жатабы |
۞ هَيْهَاتَ هَيْهَاتَ لِمَا تُوعَدُونَ(36) Алыс-алыс (мүмкүн эмес) силерге убада кылынган нерсе |
إِنْ هِيَ إِلَّا حَيَاتُنَا الدُّنْيَا نَمُوتُ وَنَحْيَا وَمَا نَحْنُ بِمَبْعُوثِينَ(37) Ушул дүйнө жашообуздан башка (Акыреттеги) жашоо жок! (Кээ бирибиз) өлөбүз (кээ бирибиз) жашайбыз. Биз эч качан кайра тирилбейбиз |
إِنْ هُوَ إِلَّا رَجُلٌ افْتَرَىٰ عَلَى اللَّهِ كَذِبًا وَمَا نَحْنُ لَهُ بِمُؤْمِنِينَ(38) А, бул болсо, жалгандан («мен-пайгамбармын»деп) Аллаһка доомат койгон адам! Биз ага ишенбейбиз!» |
قَالَ رَبِّ انصُرْنِي بِمَا كَذَّبُونِ(39) (Ошондо пайгамбар) айтты: «О, Раббим! Мени «жалганчы» дегендери себептүү (аларга каршы) мага жардам бер!» |
قَالَ عَمَّا قَلِيلٍ لَّيُصْبِحُنَّ نَادِمِينَ(40) (Аллаһ) Айтты: «Бир аздан соң алар (жасаган жоруктарына) бушайман кылуучуларга айланышат |
فَأَخَذَتْهُمُ الصَّيْحَةُ بِالْحَقِّ فَجَعَلْنَاهُمْ غُثَاءً ۚ فَبُعْدًا لِّلْقَوْمِ الظَّالِمِينَ(41) Чынында, кийин аларды (коркунучтуу) ач айкырык кармады жана Биз аларды (кыйратып) кургаган чырпыктар сыяктуу кылдык. Жоголсун заалым коомдор |
ثُمَّ أَنشَأْنَا مِن بَعْدِهِمْ قُرُونًا آخَرِينَ(42) Андан соң алардын артынан башка муундарды пайда кылдык |
مَا تَسْبِقُ مِنْ أُمَّةٍ أَجَلَهَا وَمَا يَسْتَأْخِرُونَ(43) Эч бир эл (өзүнө белгиленген) мөөнөтүнөн ашыкча да, кем да жашабайт |
ثُمَّ أَرْسَلْنَا رُسُلَنَا تَتْرَىٰ ۖ كُلَّ مَا جَاءَ أُمَّةً رَّسُولُهَا كَذَّبُوهُ ۚ فَأَتْبَعْنَا بَعْضَهُم بَعْضًا وَجَعَلْنَاهُمْ أَحَادِيثَ ۚ فَبُعْدًا لِّقَوْمٍ لَّا يُؤْمِنُونَ(44) Кийин пайгамбарларыбызды удаама-удаа жибердик. Ар качан бир эл-үммөткө өз пайгамбары келгенде, аны «жалганчы» дешти. Биз да аларды биринин артынан бирин ээрчитип (кыйраттык) жана аларды (эл оозундагы) сөздөргө айлантып койдук. Жоголсун ыймансыз коомдор |
ثُمَّ أَرْسَلْنَا مُوسَىٰ وَأَخَاهُ هَارُونَ بِآيَاتِنَا وَسُلْطَانٍ مُّبِينٍ(45) Андан соң (бир нече жылдар өтүп) Муса менен агасы Харунду, Өз аяттарыбыз жана анык далилдер менен пайгамбар кылып жибердик |
إِلَىٰ فِرْعَوْنَ وَمَلَئِهِ فَاسْتَكْبَرُوا وَكَانُوا قَوْمًا عَالِينَ(46) Фираун жана анын (каапыр) элине. Алар болсо, текеберленип, өздөрүн жогору койгон коом болушту |
فَقَالُوا أَنُؤْمِنُ لِبَشَرَيْنِ مِثْلِنَا وَقَوْمُهُمَا لَنَا عَابِدُونَ(47) Жана: «Өзүбүзгө окшогон ушул эки адамга ыйман келтиребизби?! Алардын элдери (яхудийлер) биздин кулдарыбыз болсо?!» -дешти |
فَكَذَّبُوهُمَا فَكَانُوا مِنَ الْمُهْلَكِينَ(48) Анан, экөөсүн жалганчыга чыгарып, натыйжада (деңизге чөктүрүлүп) кыйрагандардан болуп калышты |
وَلَقَدْ آتَيْنَا مُوسَى الْكِتَابَ لَعَلَّهُمْ يَهْتَدُونَ(49) Аныгында, Биз (яхудийлер коому) Туура Жолго түшүп калышса ажеп эмес деп, Мусага Китеп бердик |
وَجَعَلْنَا ابْنَ مَرْيَمَ وَأُمَّهُ آيَةً وَآوَيْنَاهُمَا إِلَىٰ رَبْوَةٍ ذَاتِ قَرَارٍ وَمَعِينٍ(50) Жана Биз Марямдын уулу (Ыйса) менен апасын (Өз кудуретибизден) белги кылдык жана экөөнү (Марям толгоо азабы менен кыйналып, өзүн койгону жай таппай калган убакта) суулуу, ыңгайлуу бийик орунга жайгаштырдык |
يَا أَيُّهَا الرُّسُلُ كُلُوا مِنَ الطَّيِّبَاتِ وَاعْمَلُوا صَالِحًا ۖ إِنِّي بِمَا تَعْمَلُونَ عَلِيمٌ(51) О, пайгамбарлар! Таза-пакиза ырыскылардан жегиле жана салих амалдарды кылгыла. Мен силердин эмне кылганыңарды Билүүчүмүн |
وَإِنَّ هَٰذِهِ أُمَّتُكُمْ أُمَّةً وَاحِدَةً وَأَنَا رَبُّكُمْ فَاتَّقُونِ(52) Чынында, силердин бул үммөтүңөр бир үммөт. (Бардыгы жалгыз Аллаһка моюн сунууга, демек Исламга чакырылган.) Мен — силердин Раббиңер боломун. Менден гана корккула |
فَتَقَطَّعُوا أَمْرَهُم بَيْنَهُمْ زُبُرًا ۖ كُلُّ حِزْبٍ بِمَا لَدَيْهِمْ فَرِحُونَ(53) (Бирок, пайгамбарлардан кийин элдер) диндерин бөлүп кетишти. Ар бир топ (жамаат) өз алдындагы нерсе (бөлүнгөн ишеними) менен гана сүйүнүп калды |
فَذَرْهُمْ فِي غَمْرَتِهِمْ حَتَّىٰ حِينٍ(54) Сен (о, Мухаммад), аларды өз адашуучулугунда (азап) мезгили келгенге чейин жөн кой |
أَيَحْسَبُونَ أَنَّمَا نُمِدُّهُم بِهِ مِن مَّالٍ وَبَنِينَ(55) Биз алардын мал-дүйнөсүн, бала-чакасын көбөйтүп койгонубузду |
نُسَارِعُ لَهُمْ فِي الْخَيْرَاتِ ۚ بَل لَّا يَشْعُرُونَ(56) Аларга жакшылыктарды тездетишибиз деп ойлошобу?! Жок, алар (Биздин айла-амалыбызды) сезбей жатышат |
إِنَّ الَّذِينَ هُم مِّنْ خَشْيَةِ رَبِّهِم مُّشْفِقُونَ(57) Чынында, Раббисинен коркуп, (жүрөгү) титирегендер |
وَالَّذِينَ هُم بِآيَاتِ رَبِّهِمْ يُؤْمِنُونَ(58) Жана Раббисинин аяттарына ыйман келтиргендер |
وَالَّذِينَ هُم بِرَبِّهِمْ لَا يُشْرِكُونَ(59) Жана Раббисине шерик кылбагандар |
وَالَّذِينَ يُؤْتُونَ مَا آتَوا وَّقُلُوبُهُمْ وَجِلَةٌ أَنَّهُمْ إِلَىٰ رَبِّهِمْ رَاجِعُونَ(60) жана садакаларын Раббилерине кайтуучу экенин (ойлоп) жүрөктөрү титиреген абалда берген адамдар |
أُولَٰئِكَ يُسَارِعُونَ فِي الْخَيْرَاتِ وَهُمْ لَهَا سَابِقُونَ(61) Дал ушулар бири-бири менен жарышып жакшылык кылуучулар |
وَلَا نُكَلِّفُ نَفْسًا إِلَّا وُسْعَهَا ۖ وَلَدَيْنَا كِتَابٌ يَنطِقُ بِالْحَقِّ ۚ وَهُمْ لَا يُظْلَمُونَ(62) Биз эч бир жанды чыдамынан ашыкча нерсеге жумшабайбыз. Биздин алдыбызда акыйткатты сүйлөгөн Китеп (Лавхул-Махфуз) бар. Жана алар (Кыямат Күнү) эч зулум көрүшпөйт |
بَلْ قُلُوبُهُمْ فِي غَمْرَةٍ مِّنْ هَٰذَا وَلَهُمْ أَعْمَالٌ مِّن دُونِ ذَٰلِكَ هُمْ لَهَا عَامِلُونَ(63) Жок, алардын жүрөктөрү мындан кабарсыз. Алардын мындан (Кураанда буюрулгандан) башка (күнөө) иштери бар. Алар ошолорду аткарышат |
حَتَّىٰ إِذَا أَخَذْنَا مُتْرَفِيهِم بِالْعَذَابِ إِذَا هُمْ يَجْأَرُونَ(64) Качан Биз алардын (напсинин кулчулугунда калган) байларын азапка салганда гана жалдырап ыйлап калышат |
لَا تَجْأَرُوا الْيَوْمَ ۖ إِنَّكُم مِّنَّا لَا تُنصَرُونَ(65) (Биз:) «Бүгүн (бейпайда) ыйлабагыла! Чынында, силерге Бизден эч жардам болбойт»-(дейбиз) |
قَدْ كَانَتْ آيَاتِي تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَكُنتُمْ عَلَىٰ أَعْقَابِكُمْ تَنكِصُونَ(66) (Анткени,) Менин аяттарым силерге окулганда артыңарга качат элеңер |
مُسْتَكْبِرِينَ بِهِ سَامِرًا تَهْجُرُونَ(67) («Биз Каабанын кожоюндары болобуз» деп,) аны менен текеберленип, түнү менен (Каабанын айланасында отуруп Кураан жөнүндө) жаман сөздөрдү сүйлөйсүңөр |
أَفَلَمْ يَدَّبَّرُوا الْقَوْلَ أَمْ جَاءَهُم مَّا لَمْ يَأْتِ آبَاءَهُمُ الْأَوَّلِينَ(68) Алар Сөзгө (Кураанга) пикир кылып карашпайбы?! Же аларга абалкы ата-бабаларына келбеген (жаңы нерсе) келиптирби |
أَمْ لَمْ يَعْرِفُوا رَسُولَهُمْ فَهُمْ لَهُ مُنكِرُونَ(69) Же пайгамбарларын жакшы таанышпайбы, аны (н пайгамбарчылыгын) четке каккыдай |
أَمْ يَقُولُونَ بِهِ جِنَّةٌ ۚ بَلْ جَاءَهُم بِالْحَقِّ وَأَكْثَرُهُمْ لِلْحَقِّ كَارِهُونَ(70) Же аны жинди деп жатышабы?!?* Жок, андай эмес! Ал (Мухаммад) буларга акыйкатты гана алып келди. Ал эми, алардын көпчүлүгү Акыйкатты жаман көрүшөт |
وَلَوِ اتَّبَعَ الْحَقُّ أَهْوَاءَهُمْ لَفَسَدَتِ السَّمَاوَاتُ وَالْأَرْضُ وَمَن فِيهِنَّ ۚ بَلْ أَتَيْنَاهُم بِذِكْرِهِمْ فَهُمْ عَن ذِكْرِهِم مُّعْرِضُونَ(71) Эгер Акыйкат алардын каалоолоруна баш ийип калса, асмандар, Жер жана алардагы нерселер бузулуп кетмек. Жок! Биз (Кураан менен) аларга өздөрүнүн даңк-шооратын алып келгенбиз. Алар өздөрүнүн даңк-шооратынан* жүз буруп жатышат |
أَمْ تَسْأَلُهُمْ خَرْجًا فَخَرَاجُ رَبِّكَ خَيْرٌ ۖ وَهُوَ خَيْرُ الرَّازِقِينَ(72) (О, Мухаммад!) Же сен (дааватың үчүн) алардан акы сурап жатасыңбы? Раббиңдин алдындагы сооп жакшы жана ал эң жакшы ырыскы берүүчү |
وَإِنَّكَ لَتَدْعُوهُمْ إِلَىٰ صِرَاطٍ مُّسْتَقِيمٍ(73) Албетте, сен аларды Туура Жолго чакырасың |
وَإِنَّ الَّذِينَ لَا يُؤْمِنُونَ بِالْآخِرَةِ عَنِ الصِّرَاطِ لَنَاكِبُونَ(74) Акыретке ыйман келтирбегендер (жана Акырети үчүн иштебегендер) жолдон тайган адамдар |
۞ وَلَوْ رَحِمْنَاهُمْ وَكَشَفْنَا مَا بِهِم مِّن ضُرٍّ لَّلَجُّوا فِي طُغْيَانِهِمْ يَعْمَهُونَ(75) Эгер Биз ырайым кылып, алардагы зыянды алып койсок деле (Бизге ибадат-шүгүр кылуунун ордуна) тентиген адашуучулугунда жүрө беришет |
وَلَقَدْ أَخَذْنَاهُم بِالْعَذَابِ فَمَا اسْتَكَانُوا لِرَبِّهِمْ وَمَا يَتَضَرَّعُونَ(76) Биз аларды (ар түркүн) азаптар менен сынадык. Бирок, дагы эле Раббисине моюн сунбай, жалынып дуба кылбай жатышат |
حَتَّىٰ إِذَا فَتَحْنَا عَلَيْهِم بَابًا ذَا عَذَابٍ شَدِيدٍ إِذَا هُمْ فِيهِ مُبْلِسُونَ(77) Качан Биз аларга (Акыреттеги) катуу азап эшигин ачканыбызда (бардык жакшылыктан) үмүтсүз болуп калышат |
وَهُوَ الَّذِي أَنشَأَ لَكُمُ السَّمْعَ وَالْأَبْصَارَ وَالْأَفْئِدَةَ ۚ قَلِيلًا مَّا تَشْكُرُونَ(78) Ал (Аллаһ) силерге кулак, көз жана дил-жүрөк берди. Силер болсо өтө аз шүгүр кылуудасыңар |
وَهُوَ الَّذِي ذَرَأَكُمْ فِي الْأَرْضِ وَإِلَيْهِ تُحْشَرُونَ(79) Ал силерди(н бардыгыңарды) жер бетине жаратты. Жана (Кыяматта) Өзүнө чогултуласыңар |
وَهُوَ الَّذِي يُحْيِي وَيُمِيتُ وَلَهُ اخْتِلَافُ اللَّيْلِ وَالنَّهَارِ ۚ أَفَلَا تَعْقِلُونَ(80) Ал жашоо берет жана өлтүрөт. Түн менен күндүн алмашуусу Ага таандык. Акылыңарды иштетпейсиңерби |
بَلْ قَالُوا مِثْلَ مَا قَالَ الْأَوَّلُونَ(81) Бирок, (каапырлар) мурдакылар айткан сөздөрдү айтышып, (мындай) |
قَالُوا أَإِذَا مِتْنَا وَكُنَّا تُرَابًا وَعِظَامًا أَإِنَّا لَمَبْعُوثُونَ(82) дешти: «Эгер биз өлүп топуракка жана (чириген) сөөккө айланып калсак деле кайра тирилет бекенбиз |
لَقَدْ وُعِدْنَا نَحْنُ وَآبَاؤُنَا هَٰذَا مِن قَبْلُ إِنْ هَٰذَا إِلَّا أَسَاطِيرُ الْأَوَّلِينَ(83) Бул (сөздөр) бизге жана ата-бабаларыбызга буга чейин (көп ирет) айтылды. Булар байыркылардын жомокторунан башка эмес» |
قُل لِّمَنِ الْأَرْضُ وَمَن فِيهَا إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ(84) Айткын (оо, Мухаммад:) «Жер жана андагылар кимдики, айткылачы, эгер билсеңер?» |
سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ أَفَلَا تَذَكَّرُونَ(85) Алар дароо: «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Эстебейсиңерби (ошол Аллаһты?!») |
قُلْ مَن رَّبُّ السَّمَاوَاتِ السَّبْعِ وَرَبُّ الْعَرْشِ الْعَظِيمِ(86) Айт: «Жети (кабат) асмандардын жана (алардын үстүндөгү) Улуу Арштын Раббиси (Ээси) ким?» |
سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ أَفَلَا تَتَّقُونَ(87) Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «коркпойсуңарбы (ошол Аллаһтан?!») |
قُلْ مَن بِيَدِهِ مَلَكُوتُ كُلِّ شَيْءٍ وَهُوَ يُجِيرُ وَلَا يُجَارُ عَلَيْهِ إِن كُنتُمْ تَعْلَمُونَ(88) Айткын: «Бардык нерселердин падышалыгы кимдин колунда? Ким ал — коргойт, бирок, эч ким аны коргой албайт? (Айткылачы,) эгер билсеңер?» |
سَيَقُولُونَ لِلَّهِ ۚ قُلْ فَأَنَّىٰ تُسْحَرُونَ(89) Алар дароо «Аллаһка таандык» дешет. Айткын: «Кантип алдануудасыңар?°» |
بَلْ أَتَيْنَاهُم بِالْحَقِّ وَإِنَّهُمْ لَكَاذِبُونَ(90) Жок, Биз аларга чындыкты алып келгенбиз. Бирок, «жалган» деп, четке кагышты |
مَا اتَّخَذَ اللَّهُ مِن وَلَدٍ وَمَا كَانَ مَعَهُ مِنْ إِلَٰهٍ ۚ إِذًا لَّذَهَبَ كُلُّ إِلَٰهٍ بِمَا خَلَقَ وَلَعَلَا بَعْضُهُمْ عَلَىٰ بَعْضٍ ۚ سُبْحَانَ اللَّهِ عَمَّا يَصِفُونَ(91) Аллаһ (эч кимди Өзүнө) бала (кылып) алган эмес! Аны менен бирге башка кудай дагы жок! Андай болсо, ар бир кудай өзү жараткан нерсе менен кетмек жана (дүйнө падышалары сыяктуу) бири-бирине үстөмдүк кылмак. Аллаһ (мушриктер) сыпаттагандан! Аруу |
عَالِمِ الْغَيْبِ وَالشَّهَادَةِ فَتَعَالَىٰ عَمَّا يُشْرِكُونَ(92) Ал көмүскөнү да, көрүнгөндү да Билүүчү. Ал (мушриктер ойлоп тапкан) шериктерден Аруу-Бийик |
قُل رَّبِّ إِمَّا تُرِيَنِّي مَا يُوعَدُونَ(93) Айткын: «Оо, Раббим! Эгер аларга убада кылынган азапты мага көргөзчү болсоң |
رَبِّ فَلَا تَجْعَلْنِي فِي الْقَوْمِ الظَّالِمِينَ(94) о, Раббим, (азап келгенде) мени заалым коомдун ичинде калтырба!» |
وَإِنَّا عَلَىٰ أَن نُّرِيَكَ مَا نَعِدُهُمْ لَقَادِرُونَ(95) Чынында, Биз сага да (о, Мухаммад) аларга убада кылган азапты көргөзүүгө кудуреттүүбүз |
ادْفَعْ بِالَّتِي هِيَ أَحْسَنُ السَّيِّئَةَ ۚ نَحْنُ أَعْلَمُ بِمَا يَصِفُونَ(96) (Душманың жасаган) жамандыкка жакшылык менен жооп кыл. Биз алар сыпаттаган (ширк, жалган сыяктуу) нерселерди эң жакшы билебиз |
وَقُل رَّبِّ أَعُوذُ بِكَ مِنْ هَمَزَاتِ الشَّيَاطِينِ(97) Айткын: «О, Раббим! Мен шайтандын азгырыктарынан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын |
وَأَعُوذُ بِكَ رَبِّ أَن يَحْضُرُونِ(98) О, Раббим! Алар (менин ишимдин үстүндө) ар дайым болуусунан коргоо тилеп Өзүңө жалбарамын |
حَتَّىٰ إِذَا جَاءَ أَحَدَهُمُ الْمَوْتُ قَالَ رَبِّ ارْجِعُونِ(99) Качан алардан (каапырлардан) бирине ажал келсе (мындай) дешет: «О, Раббим! мени (дүйнөгө) кайтарчы |
لَعَلِّي أَعْمَلُ صَالِحًا فِيمَا تَرَكْتُ ۚ كَلَّا ۚ إِنَّهَا كَلِمَةٌ هُوَ قَائِلُهَا ۖ وَمِن وَرَائِهِم بَرْزَخٌ إِلَىٰ يَوْمِ يُبْعَثُونَ(100) Эми жоготкон нерсемде (өмүрүмдө) жакшы амалдарды жасасам ажеп эмес!» Бул анын (пайдасыз жана жалган) сөздөрү. Алардын (өлгөндөрдүн) нар жагында кайра тирилчү күндөрүнө чейин Барзах (Мүрзө жашоосу) бар |
فَإِذَا نُفِخَ فِي الصُّورِ فَلَا أَنسَابَ بَيْنَهُمْ يَوْمَئِذٍ وَلَا يَتَسَاءَلُونَ(101) (Ал эми, Кыямат башталып) «Сур» (кернейи) тартылганда.., ошол Күндө алардын арасында тууганчылык да калбайт бири-бирин жоктой да алышпайт |
فَمَن ثَقُلَتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ هُمُ الْمُفْلِحُونَ(102) Анан кимдин (сооп) таразасы оор келсе, алар жеңишке жеткендер |
وَمَنْ خَفَّتْ مَوَازِينُهُ فَأُولَٰئِكَ الَّذِينَ خَسِرُوا أَنفُسَهُمْ فِي جَهَنَّمَ خَالِدُونَ(103) Жана кимдин (сооп) таразасы жеңил келсе (жана ширк баштаган күнөөлөрү оор келсе) алар тозок отунда түбөлүк калып, өздөрүнө зыян кылгандар |
تَلْفَحُ وُجُوهَهُمُ النَّارُ وَهُمْ فِيهَا كَالِحُونَ(104) Алардын жүзүн от күйдүрөт жана бетинен бузулуп (Куйкаланган баш сыяктуу эриндери тартылып, тиштери ырсайып) калышат |
أَلَمْ تَكُنْ آيَاتِي تُتْلَىٰ عَلَيْكُمْ فَكُنتُم بِهَا تُكَذِّبُونَ(105) (О, каапырлар!) Силерге Менин аяттарым окулбады беле жана аны «жалган» дебедиңер беле |
قَالُوا رَبَّنَا غَلَبَتْ عَلَيْنَا شِقْوَتُنَا وَكُنَّا قَوْمًا ضَالِّينَ(106) (Ошондо каапырлар) айтышат: «О, Рабби! Бизге (дүйнөдө) лаззат-кумарыбыз үстөмдүк кылып, адашкан коомдордон болуп калдык |
رَبَّنَا أَخْرِجْنَا مِنْهَا فَإِنْ عُدْنَا فَإِنَّا ظَالِمُونَ(107) О, Рабби! Бизди андан чыгарчы! Эгер бизди (дүйнөгө) кайтарсаң (жана кайрадан адашсак, анда) накта заалымдарбыз» |
قَالَ اخْسَئُوا فِيهَا وَلَا تُكَلِّمُونِ(108) (Ошондо Аллаһ) айтат: «Анда (тозокто) кор болуп калгыла! Мага сүйлөбөгүлө!» |
إِنَّهُ كَانَ فَرِيقٌ مِّنْ عِبَادِي يَقُولُونَ رَبَّنَا آمَنَّا فَاغْفِرْ لَنَا وَارْحَمْنَا وَأَنتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ(109) Чынында, Менин пенделеримдин (ыйман келтирген) бир бөлүгү «О, Рабби! Сага ыйман келтирдик, эми биздин күнөөлөрүбүздү кечирип, ырайым көргөз! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң» дешет |
فَاتَّخَذْتُمُوهُمْ سِخْرِيًّا حَتَّىٰ أَنسَوْكُمْ ذِكْرِي وَكُنتُم مِّنْهُمْ تَضْحَكُونَ(110) Силер болсо (о, каапырлар) аларды мыскылдадыңар, (мыскылыңар) силерге Мени эстөөнү унуттурду жана алардын үстүнөн күлдүңөр |
إِنِّي جَزَيْتُهُمُ الْيَوْمَ بِمَا صَبَرُوا أَنَّهُمْ هُمُ الْفَائِزُونَ(111) Бүгүн Мен аларга сабыр кылганы себептүү сыйлык беремин. Чынында, алар жеңишке жеткендер |
قَالَ كَمْ لَبِثْتُمْ فِي الْأَرْضِ عَدَدَ سِنِينَ(112) (Аллаһ тозокуларга) «Жерде канча жыл жашап турдуңар» - деди |
قَالُوا لَبِثْنَا يَوْمًا أَوْ بَعْضَ يَوْمٍ فَاسْأَلِ الْعَادِّينَ(113) «Бир күн же бир күндүн бир бөлүгүнчө. Эсеп билгендерден сура» - дешти |
قَالَ إِن لَّبِثْتُمْ إِلَّا قَلِيلًا ۖ لَّوْ أَنَّكُمْ كُنتُمْ تَعْلَمُونَ(114) (Аллаһ) айтты: «Бир аз эле турдуңар, эгер (Акыреттин түбөлүктүүлүгүнө салыштыра) билсеңер |
أَفَحَسِبْتُمْ أَنَّمَا خَلَقْنَاكُمْ عَبَثًا وَأَنَّكُمْ إِلَيْنَا لَا تُرْجَعُونَ(115) Оюңарда Биз силерди максатсыз (жөн эле) жаратыптырбызбы жана Бизге (сурак бергени) кайтып келбейт бекенсиңер?» |
فَتَعَالَى اللَّهُ الْمَلِكُ الْحَقُّ ۖ لَا إِلَٰهَ إِلَّا هُوَ رَبُّ الْعَرْشِ الْكَرِيمِ(116) Чыныгы Падыша — Өзүнөн башка сыйынууга татыктуу кудай жок (жана) Улуу Арштын Ээси болгон Аллаһ (бир нерсени максатсыз жаратуудан) Бийик |
وَمَن يَدْعُ مَعَ اللَّهِ إِلَٰهًا آخَرَ لَا بُرْهَانَ لَهُ بِهِ فَإِنَّمَا حِسَابُهُ عِندَ رَبِّهِ ۚ إِنَّهُ لَا يُفْلِحُ الْكَافِرُونَ(117) Ким (анын кудай экенине) далили жок туруп Аллаһка кошуп дагы бир «кудайга» дуба (ибадат) кылса, анын эсеби (жазасы) Раббисинин алдында! Албетте, каапырлар (тозоктон) кутулбайт |
وَقُل رَّبِّ اغْفِرْ وَارْحَمْ وَأَنتَ خَيْرُ الرَّاحِمِينَ(118) Айткын: «О, Раббим! Күнөөлөрүмдү кечир! Ырайым кыл! Сен эң жакшы Ырайымдуусуң!» |